Адатта адам өлтүрүп, кылмыш жообуна тартылган адамдар шылкыйып жер тиктеп, кылган ишине өкүнүп жатканын көрөбүз. Бул жолу айыпталуучу өз аялын бычак менен бир нече ирет сайып өлтүргөнүн, бирок кылган ишине өкүнбөстүгүн билдирди. Канынан жаралган 2 жарым жашар кызын тирүүлөй жетим калтырган адамдын аялын өлтүрүүсүнө эмне түрткү болгон?
ТИГҮҮ ЦЕХИНЕН АЯЛДЫН ЖАНСЫЗ ДЕНЕСИ ТАБЫЛГАН
10-май күнү Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринен 28 жаштагы Айгерим аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери анын учтуу нерседен бир нече ирет көкүрөгүнөн жана моюнунан жаракат алып каза болгондугун аныкташкан.
Каза тапкан Айгерим аттуу аял ушул цехте иштеп жүргөн. Ал жолдошу Адис Сейталиев менен 4 жыл бирге түтүн булатып, акыркы 2 айдан бери үй-бүлөлүк маселелерден улам эки бөлөк жашап жүрүшкөн. Айгерим ошол 2 ай мөөнөттө 2 жарым жаштагы кызы менен Сокулук районуна караштуу Саз айылындагы ата-энесинин үйүндө жашап жаткан. Кызын ата-энесине таштап, Бишкектеги тигүү цехинде иштеп жүргөн учурунда жогорудагыдай окуя болуп отурат.
КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН АЯЛЫН БЫЧАКТАП САЛГАН
Айгеримдин өмүрүн кыйган жолдошу Адис Сейталиев Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылынын тургуну. 10 жылдан ашык убакыттан бери Бишкектеги куруу объектилеринде иштеп келген. Окуя тууралуу кылмышка кызганыч себеп болгонун тергөөчүгө айтып жаткан анын өңүндө кылган иши үчүн өкүнүч билинбейт:
– Милицияга эмне болуп түштүң?
– Аялымды өлтүрдүм.
– Эмне кылып өлтүрдүң?
– Бычак менен...
– Канча жолу сайдың?
– Эки-үч жолу сайгам. Андан аркысы эмне болгонун билбейм.
– Аялыңды өлтүрүшүңө эмне себеп болду?
– Себеп, аялымды бирөө менен кармап алдым. Жумушуна барып үстүнөн чыгып калдым.
– Ким менен кармап алдың?
– Билбейм, тааныбайм, бир бала экен.
– Ал баланы эмне кылдың?
– Ал баланы кармайын деп жетишпей калдым. Мени түртүп качып чыгып кетти.
– Бычакты кайдан алдың?
– Экөө чогуу киргенде эле аркасынан кирдим. Өзүм менен кошо ала баргам бычакты, машинада бар болчу.
– Сен үйдүн сыртынан аңдып турдуң беле?
– Жок, үйүнө эмес, иштеген жерине аңдып баргам. Экөө чогуу кирип кеткенде эле бычакты ала баскам.
– Кылган ишиңе өкүнөсүңбү?
– Эми болору болду да...
– Балдарыңар бар беле?
– Бир балам бар.
– Канчада?
– Эки жарым жашта.
«Чоочун үй-бүлө – караңгы токой» демекчи, бул үй-бүлөнүн ичинде эмне маселе болуп, 2 айдан бери эки жакта жашап жүрүшкөнү белгисиз. Адам өмүрүн кыйганга алып барган кызганыч көптөн бери кылмышкердин ичинде топтолуп жүргөндөй. Ыкчам иликтөө тобу кылмышка шектүүнү колго түшүрүшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Маркумдун денесине тиешелүү соттук экспертизалар жүргүзүлүп, учурда тергөө амалдары уланууда. Ал эми бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.
«8 ЖЫЛДАН 15 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛАТ»
Аялын өлтүрдү деп шектелген Адис Сейталиевге мыйзамдын негизинде кандай чара көрүлүшү мүмкүн экендигин юрист ТАЛАНТБЕК БАЙГАЗИЕВ төмөндөгүдөй түшүндүрдү:
– Кылмышка шектүүнүн үстүнөн 97-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуптур. Сот отурумуна чейин тергөөчү шектүүнү жана айланасындагы күбө, тууган-уругунан маалымат чогултуп, сурак иштерин жүргүзөт. Кылмышкерге адам өмүрүн атайылап кыюу деген айып тагылса, 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Жагдай өтө оор экен. Эгер тергөө учурунда аялы күйөөсүн мурда-кийин мазактап, анын укуктарын тебелеп, моралдык жактан шек келтирүүнүн натыйжасында психикасына доо кетиргени аныкталса, 98-берененин (ачууга өтө алдырган абалда киши өлтүрүү) 1-бөлүмү боюнча айып тагылат. Бул берене менен айыпталган адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок 97-беренеден 98-беренеге алмаштыруу үчүн конкреттүү, так далилдер жана күбөлөр болушу сөзсүз шарт.
«КЫЗГАНЫЧ – БУЛ ООРУ»
НУРЗАДА МАЯМЕРОВА, психолог:
– Бул жерде адам өлтүрүүнүн эң башкы себеби кызганыч болуп жатат. Кызганыч адамдарга 3 учурда келет:
1. Адам өзүн башка бирөөлөр менен салыштырып, «түгөйүм менден артык башка бирөөнү таап алат» деп корккон учурда.
2. Адам өзүнөн башка эч кимдин кызыкчылыгын ойлобой, өзүмчүлдүк менен түгөйүн буюм катары менчиктеп алганда.
3. Өзүн жана башка бирөөнүн баалуулуктарын унутуп, өзүн жана түгөйүн сыйлабастыктан, баалабагандыктан, өзүнө ишенбестиктен улам келип чыгат.
Кызганычтын чегинен ашып кетүүсүн оору деп койсок да болот. Анын акыры жогорудагы окуя сыяктуу өкүнүчтүү аяктап калышы мүмкүн. Кызганычтын айынан экинчи бир адамдын жанын кыюу мыйзамга да туура келбеген нерсе. Эгерде адам өмүрлүк жарынын көзүнө чөп салып жүргөнүн билип калса, алгач өзүн психикалык жактан тарбиялап баштоосу керек.
Аялы менен жеке сүйлөшүүлөргө барып, кеңешип чече турган жагдайларды ойлонсо болмок экен. Эң алгач адам өзүн, анан ортодогу өзүнө байланган туугандарын же балдарын эстеп, алардын да тагдырын ойлошу керек. «Ачуу – душман, акыл – дос» деп бекеринен айтылган эмес да. Ачууга алдыруу – психологиядагы чукул ойлонулбаган кадамдарга алып баруучу татаал кубулуш.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg