МЕГАКОМДУН 8 ЖЫЛДЫГЫ ОШ ШААРЫНДА БЕЛГИЛЕНЕТ

MegaCom уюлдук операторуна быйыл 8 жыл болду. Кыска убакыт аралыгында мекенибиздеги уюлдук байланыш операторлордун эң алдыңкы сабына чыгып, өз абоненттеринин санын 2,8 миллионго чейин жеткире алган компания өлкөбүздөгү ири салык төлөөчүлөрдүн катарында. MegaCom сунуштаган кызматтар абоненттерге жеткиликтүү болуусу үчүн компания кардарларды тейлөө борборлорунун санын көбөйтүүдө. Ош облусунда абоненттерге кызмат көрсөтүп жаткан фирмалык салондордун жана тейлөө борборлордун саны учурда 15ке жетти, жакында Ноокат, Араван райондорунда тейлөө борборлору, Ош шаарында, Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында фирмалык салондор ачылганы турат. Жакында эле Ош шаарында кезектеги сатуу жана тейлөө борбору көңүлдүү музыка коштогон жагымдуу маанайда ачылды.
Жаңы борбордун дареги: Ош ш., Масалиев пр., 48А, «Ош-Сити» соода борбору, «Келечек буюм (жайма) базарынын» аймагында жайгашкан.

MegaCom`дун бардык тейлөө борборлорунда жана фирмалык салондорунда абоненттер тейлөө келишимин түзүп, (пайдаланып жүргөн же жаңы алган SIM-картаны өзүнүн атына каттатып) SIM-карта сатып алып же алмаштырып, балансты комиссиясыз толтуруп, зарыл болгон тескөөлөрдү жүргүзүп жана компаниянын кесипкөй адистеринен кеңештерди ала алышат. Өткөн жылдын аягында «Орусия эми жакыныраак» тарифтик опциясы Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы МеgaCom абоненттери үчүн сунушталган.  «Орусия эми жакыныраак» тарифтик опциясы 95 тыйын өлчөмүндөгү күнүмдүк абоненттик төлөмү аркылуу MegaFon (Орусия) уюлдук операторунун номурларына күнүнө алгачкы 30 мүнөт 1,50 сом наркы боюнча чалуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Тарифтик опцияны кошуу акысыз (*013*1# же *013#1#). Абонент тарифтик опцияга кошулуп, кийин андан баш тартып, кайрадан кошууну кааласа, ал үчүн акы алынат.
«Орусия эми жакыныраак» тарифтик опциясына  киргизиле турган өзгөртүүлөр тууралуу маалымдайбыз. 2014-жылдын 2-июнунан тарта тарифтик опцияны экинчи жолку жана андан кийинки кошуулар үчүн 15 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат. Ал эми биринчи жолку кошуу мурдагыдай эле акысыз.
MegaCom компаниясы өзүнүн 8 жылдыгын Ош шаарында 20-майда белгилейт. А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо саат 17:00дө эстрада ырчылары жана шоу чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган Бишкек-Ош командалары келгендерге футбол боюнча достук мелдешин тартуулашат. Бишкек командасында Омар, Арсен, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев, Максат Садырбеков, Ислам Акматов жана башкалар болсо, Ош командасынын курамында Замир Мырза, Жыргал Чоёнов, Канатбек Шанаев, «No name» «тамашоучулар» командасынын жигиттери бар. Кызыктуу мелдештин соңунда жагымдуу жазгы концерт тартууланып, иш-чара ар кандай кызыктыруучу оюн-зоок программалар менен коштолуп, жигердүү катышуучулар уюлдук оператордун ар кандай асем-белектерине ээ болушат. Кирүү акысыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Husan
2014-05-20 18:18:11
OOO*))
0
umDai
2014-05-21 14:32:25
Омар пенальтиде сОонун тепти)))) топ озу эле кирип кетти го) "Мыкты Защитник " болуп алды:)
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан