– Эмчектеги балага канча айлыгынан тарта шире, быштак, пюре, эт, шорпо дегендерди берип баштоо керек? 7 жашка чейинки балдарга малдын ич майынын сызыгын тамакка кошуп берсе боло береби? Организмине оордук келбейби?
Наргила, 26 жашта, Бишкек
– Малдын ич майынын сызыгын бала 10 жаштан өткөндөн кийин аз-аздан жеп баштаса болот. Ага чейинкилердин организмине (боор, өт жана башка) оордук келтирет.
Ал эми канча айлыгынан баштап эмнени кошуп бере баштоо керектигин төмөнкү таблицадан билип алсаңыз болот.
БАЛАНЫН ЭМГЕГИ ЭРТЕ КАТСА ЗЫЯНБЫ?
– Менин балам учурда 8 айлык. Анын эмгеги (родничок) катып бара жатат. Балдардын эмгеги канча айдан же жаштан ката баштоосу керек деп сурайын дегем. Эрте катса зыянбы?
Айгүл, 30 жашта, Бишкек
– Наристелердин эмгеги 6 айдан 1 жашка чейинки аралыкта катышы кажет. Антсе да баланын организмине жараша 2 же 3 жашта деле каткан учурлар кездешет. Ошондой эле баланын мээсинде кандайдыр бир оору бар болсо, организминде витаминдер ашыкча же жетишсиз болсо да, эмгеги эрте же кеч катат. Эрте катса мээнин карынчаларынын кеңейишине алып келет. Кеч катса мээде оору бар болушу мүмкүн.
Андыктан бала 6 айга толгондон кийин педиатрга көрсөтүп, эмгегинин абалын текшертип туруу керек, өз алдынча витаминдерди берүүгө болбойт.
КУЛАКТЫН ТҮБҮ ШИШИСЕ БАЛА ТУКУМСУЗ БОЛУП КАЛАБЫ?
– Баламдын кулагынын түбү шишип кеткен эле. Врач «паротит» деген диагноз коюп, дарыларды жазып берди. Бул дарт тууралуу түшүндүрүп коёсуздарбы? Дарылатпай койсо бала кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүнбү?
Айдар, 28 жашта, Ош
– Эпидемиялык паротит оорусу элибизде «тепме» деп аталат. Бул сасык тумоо сыяктуу абадан жугуучу жугуштуу дарт. Кулактын алдындагы без сезгенип, шишип, оорутат. Убагында дарылатпаса оору күчөп кетет. Башкача айтканда, козгогучтар ички органдардагы башка бездерди (уйку, бөйрөк үстүндөгү жана жыныстык без) да сезгентет. Дарылабаса кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн.
Айылдарда эгиз төрөгөн аялдарга тептирип ырымдатат. Бирок андан бала айыкпайт. Врачка гана көрсөтүп дарылатуу керек.
БАЛА ЭМНЕГЕ ТИШИН КЫЧЫРАТАТ?
– Менин эки жарым жаштагы балам уктап жатканда тишин кычырата берет. Бул эмнеликтен?
Гүланда, 25 жашта, Сокулук
– Негизи, балдардын ичегисинде мите курт болгондо тишин кычыратышат. Андыктан заңын текшертип, эгер курт бар экени аныкталса, анда дарылатуу зарыл.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатры ГҮЛСҮН МОЛДОКУЛОВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg