ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ ЖАҢЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮН УЧУРДУ

«Өлкөдөгү ар бир зээндүү бала татыктуу билим алууга укуктуу» деген ураандын негизинде иш алып барган Бишкек шаарындагы Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) алкагындагы Жаңы муун академиясынын (ЖМА) 2013/14-жылкы бүтүрүүчүлөрү окуу курсун аякташты. Муну менен өлкөнүн 7 дубанынан атайын сынак аркылуу курска кабыл алынган 70 окуучу сапаттуу жана мыкты билим алуу менен БААУга жана башка ЖОЖдорго ийгиликтүү тапшырууга чоң мүмкүнчүлүк алышты.

ЖМА – КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН КӨПҮРӨ
Жаңы муун академиясы – бул БААУнун бир жылдык даярдоо курсу. Окуу акысыз жүргүзүлөт. Жыл сайын атайын сынак аркылуу 70 бүтүрүүчү курска кабыл алынат. Академиянын максаты – студенттердин мектептен алган билимин тереңдетүү, англис тилин мыкты өздөштүрүүгө жардам берүү, кошумча сабактарды өтүү, БААУга жана башка ЖОЖдорго ийгиликтүү тапшырууга шарт түзүп берүү болуп саналат. Даярдоо курсунун студенттери бир жыл бою жатакана, тамак-аш, окуу куралдары менен толук жана акысыз камсыздалат.
Академияга кабыл алуунун астында атайын текшерүүлөр жүргүзүлөт. Абитуриент билимге умтулган, таланттуу болуп табылып, бирок жогорку билим алууга акча маселеси тоскоол болуп жатканы тастыкталса, анда ага сөзсүз жардам берилет. Ошондуктан колунда жок, бирок акылдуу балдар үчүн ири мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Тагыраак айтканда, ал ЖМАда акысыз окуй алат.

ЖМАНЫН ЖАҢЫ МУУНДАРЫ
Быйылкы жылдын 14-майында бул академиянын экинчи бүтүрүүчүлөрү курсту аякташты. Бүтүрүүчүлөргө БААУнун президенти Эндрю Вахтель, ЖМАнын директору Жаннат Хэтрик куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, алардан келечекте чоң үмүт артарын айтып өтүштү. Андан соң ЖМАнын 2013-2014-жылкы бүтүрүүчүлөрү чакан концерт уюштуруп, окуткан мугалимдерине ыраазычылык билдиришти.

АЛИМБЕК УУЛУ МУРАТБЕК, ЖМАнын бүтүрүүчүсү:
– Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сары-Колот айылындагы К.Жантөшев атындагы мектепте 11-класста окуп жатканда гезиттен ЖМА тууралуу окуп, аталган окуу жайга тапшырайын деп документтерди чогулта баштагам. Тапшырып, өтүп кеттим. Башында коркуп жаттым, окуп кете аламбы деп, себеби англис тилин орто билчү элем. Бирок мугалимдер күчтүү билим берип, көп нерсени үйрөтүштү. Мага бул жердеги окутуунун системи жакты. Жаттап алып кайра кайталап айтып берүүгө эмес, маселени өз алдынча талкуулап, ой жүгүртүүгө үйрөтөт. Эми БААУнун эл аралык мамилелер факультетине тапшырып жатам. Келечекте мекениме кызмат кылган мыкты дипломат болууну самайм.

 

БАКДӨӨЛӨТ КАЛАМБЕКОВА, ЖМАнын бүтүрүүчүсү:
– Баткендеги Ленин атындагы орто мектепти аяктаган соң Бишкекке келип, ЖМАга тапшырдым. Башында бул жакка келгенде абдан тартынчаак элем. ЖМАда окугандыгым жашоомду өзгөрттү, башка нукка бурду. Окуу жайдын мугалимдери бизди предметтик билимден тышкары коомго аралашууну да үйрөттү. Академиядан көптөгөн досторду таптым. Бул жактын бир жылдык окуусу башка окуу жайдын беш жылдык окуусуна тете деп айта алам.

 

 

ЭРМЕК ТОКТОГУЛОВ, ЖМАнын бүтүрүүчүсү:
– Мен Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы Токтогул Бабанов атындагы лицейде окуп жүргөндө эле ЖМА тууралуу уккам. Лицейди аяктагандан кийин борборго келип, ЖМАга тапшырдым. Алгач келгенде эч нерсени түшүнбөй кыйналганбыз, сабактар англисче өтүп жатты. Бара-бара англис тилин өздөштүрүп кеттик, себеби өлкөбүздөгү эң мыкты деген педагогдордон сабак алдык. Бир жыл бою чогуу жашап, чогуу билим алып жүргөн досторум жана бизге мээримин төгүп, ар бирибизге көңүл бөлгөн мугалимдерди эч унутпайм. Буюрса, калган билимди эми БААУдан тереңдетүүнү көздөп турам.

АЛТЫНАЙ ЖАНЫГУЛОВА, ЖМАнын бүтүрүүчүсү:
– Мен Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал айылындагы орто мектепти аяктагам. ЖМА тууралуу гезит беттеринен окуп, тапшырайын деп чечкем, себеби БААУда окуу менин кыялдарымдын бири эле. Кыялым орундалып, ЖМАга өтүп кеттим. Бир жылдык окууда англис тилин бизге мыкты үйрөтүштү, азыр өз оюбузду эркин түшүндүрүп бере алабыз. Ошондой эле ар тараптуу жана кызыктуу сабактарды өткөргөн мугалимдерибизге ыраазычылык билдирем. Мен айтар элем, Жаңы муун академиясы – бул биздин жаркын келечегибизге чоң көпүрө болот.
Өлкөбүздө ЖОЖдордун саны арбын. Бирок арасында сапаттуу жана мыкты билим берип, замандын талабына ылайык адистерди тарбиялап учургандары саналуу гана. Ошол кыялыңдагы окуу жайга тапшыруу оңой иш эмес. Анткени мектептеги билим көп учурларда жетишерлик деңгээлде болбой, бүтүрүүчүлөр тапшыруу экзаменине барганда аксап калып жатышат. Бул маселени жана аймактагы калктын социалдык абалын эске алып, Борбор Азиядагы Америка университетинин Жаңы муун академиясы иш жүргүзүп келет. Тапшыр. Оку. Бардыгы өз колуңда.

Бүтүрүүчүлөр мугалимдери менен кош айтышты.

Студенттер БААУнун президенти Эндрю Вахтелден сертификат алышты.

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ak_gulum
2014-05-21 18:58:07
Жаштардын билимин терендетууго жакшы шарттар тузулуптур. Студенттер мындан арыда билимин оркундотуп , мамлекеттин онугушуно салым кошооруна ишенем!
+1
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан