«АЛТЫН МЕДАЛЬ КҮТӨБҮЗ!»

19-октябрда ата мекендик кикбоксчуларыбыз Дүйнө биринчилигине сапар тартышты. Быйылкы мелдеш Альпы тоосунун боорунда жайгашкан Австриянын Каринтия шаарында өтмөкчү. Бул жолу дүйнөнү багынтуу үчүн “Гермес-профинин” төмөнкү өкүлдөрү аттанышты: Өткүр Кудаяров (54 килограмм), Мирбек Сүйүнбаев (57), Мирлан Ибраимов (63), Сталбек Дарканбаев (67), Ален Офойо (71) жана Кумар Жалиев (75).
Эске салсак, кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнө чемпиондугу 2 жылда бир болот. Ага быйыл Дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн келген 100гө жакын спортчулар катышмакчы. Андыктан биз кикбоксчуларыбызга ийгилик каалап, жеңиш менен келишет деп ишенебиз.

Санатбаевге арналган 3-мелдеш өттү

Күрөш сүйүүчүлөрү үчүн чоң майрам

17-18-октябрда грек-рим күрөшү боюнча Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда даңазалуу балбаныбыз Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш 3-ирет өтүп жатса да, бара-бара анын аброю жана катышуучуларынын саны өсүп жаткандыгы сүйүнтпөй койбойт. Килемдин үстүндө туубуздан башка Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын желеги илинип турду. Чемпиондук үчүн 7 салмакта баш-аягы 200дөн ашуун балбан күч сынашты. Кубандырганы, жаш балбандарыбыздын алдына эч кимди салбай, командалык эсепте 1-орунду ээлегендиги болду. Демек, Раатбектин иши уланууда.

Раатбектин ордун ким басат?

Раатбек Санатбаевдин басып өткөн жолу жана кыргыз спортуна сиңирген эмгеги тууралуу айтсак сөз көп. Кыскача токтоло кетсек, ал 1998-жылы ФИЛАнын версиясы боюнча «Дүйнөнүн мыкты балбаны», КРнын «ХХ кылымдагы мыкты балбаны», 7 жолку «Жылдын мыкты спортчусу», КРнын Эл баатыры болуп саналат. Мелдештин ачылышынан кийин Раатбек тууралуу документалдык тасма тартууланып, көрүүчүлөрдүн баары көзүнө жаш алышты. Ошондой эле Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонундагы спорт залына Раатбек Санатбаевдин ысымы ыйгарылып, эстелиги тургузулду.

«Мухаммед Умарда» жаңы секция ачылды

Соңку мезгилде өлкөбүздө эрежесиз эр урушка кызыгуу күчөп, түрдүү мелдештердин байма-бай өткөрүлүп келаткандыгы маалым. Жакында Ош шаарындагы “Мухаммед Умар” спорт клубунун алдында эр уруш боюнча атайын секция ачылды. Ал боюнча жаштарды Мухамеддин Курбанов машыктыра баштады. Айта кетсек, эл аралык мелдештерде өлкөбүздү даңазалап жүргөн Рашит Аманкулов, Кылыч Саркарбаев, Нурлан Тиленчиев өңдүү спортчуларыбыз дал ушул клубдун өкүлдөрү болуп саналышат.

Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?

17-октябрда Вознесеновкадагы № 14 өспүрүмдөрдү табиялоочу колонияда футбол, кол күрөш, теннис жана аркан тартмай боюнча өзгөчө мелдеш өткөрүлдү. Бул күнү КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги балдар колониясына маанилүү миссия менен барды. Эл аралык даражага ээ болгон машыктыруучулар баштаган спортчулар балдар арасында таймаш уюштурушуп, тарбиялык иштерин өткөрүп кайтышты. Бул күнү балдарга белек эмес, сыйлык тартууланды. Ал сыйлыкка алар жөн эле эмес, а чыныгы күрөштө жеңип чыгуу менен ээ болушту. Балдарга: “Силер жаман жолдон алыс болом десеңер, спорт менен машыккыла. Сөзсүз бул жактан кутулуп чыгып, жаңыча жашоо баштагыла. Силер үчүн спорттук залдардын эшиктери ачык!”,- деген каалоолор айтылды. Кызыгы, балдардын таймашып жаткандыгын көргөн коноктордун бири «бул колония өзүнчө эле жаш олимпиадачыларды даярдоочу спорт мектеби го” десе, “азырынча бизге бирөө жетишет. Ошону араң эптеп жатабыз” деп тамашалады спорттук чиновниктердин бири.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mongol
2010-04-09 02:44:42
Санатбаевке арнаган куроштун алдында жарыялап койгулачы сураныч!!!
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан