ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

УКРАИНА
ДОНЕЦК ОРУСИЯГА КОШУЛУУНУ СУРАНУУДА
Украинанын чыгышында жайгашкан Донецк жана Луганск облустарында 11-майда референдум болуп өтүп, анын жыйынтыгында облустар Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп жарыяланды. Донецк менен Луганскта шайлоого катышкандардын 90 пайыздын тегерегиндегилери облустардын өз алдынча болушун колдоп добуш беришкен. Эми аталган облустардын жетекчилери бийлик органдарын түптөө менен алектенерин айтышты.
Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов «Референдумду уюштургандар жоопко тартылат. Украина күч органдарынын Донецк жана Луганск облустарында жүргүзүп жаткан аскердик операциясы улантылат» деген билдирүүсүн таратты.
Кремль референдум тууралуу өз позициясын ачык билдирүүгө шашпай эле. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин аталган облус тургундарынан референдумду убактылуу токтото туруусун суранган эле. Шайлоо өткөн соң В.Путин ак же көк дей элек. Донецк облусунун лидерлеринин бири Денис Пушилин болсо Донецкти Орусиянын курамына кошуп алуу сунушу менен кайрылып чыкты.
25-май күнү Украинада президенттик шайлоо өтөт. Буга байланыштуу эксперттер «Луганск жана Донецктеги референдум Европалык союз менен АКШнын Украинага байланыштуу пландарын өзгөртүп жиберди, шайлоонун жыйынтыгы да алар күткөндөй болбой калуусу ыктымал» дешүүдө.

ТҮРКИЯ
ШАХТАДАГЫ КЫРСЫК ЭРДОГАНДЫ КЫЗМАТТАН АЛЫП ТҮШӨБҮ?
13-май күнү Түркиянын Сома шаарында жайгашкан көмүр шахтасындагы жарылуудан улам 270ке жакын адам мерт кетти. Каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени бул 15-майдагы көрсөткүч. Ал эми куткаруучулар 350гө жакын адамдын өмүрүн сактап калышса, 120дан ашуун кен казуучу дайынсыз. Жарылуу учурунда шахтада 800гө жакын адам болгон.
Жергиликтүү тургундар окуя орун алган жерге келген түрк өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдогандын автоунаасын курчоого алып, ачуу кыйкырыктар менен тосуп алды. Ал тургай 14-майда Стамбул менен Анкара шаарларынын көчөлөрүндө «Эрдоган, кет!» деген кыйкырыктар жаңырып, митингге чыккандарды полиция кызматкерлери күч менен таратты.
Кырсыктан бир нече күн мурун оппозициялык партиянын депутаттары шахтанын коопсуздугун текшерүү демилгесин козгогон болчу. Бирок бул сунуш Режеп Тайип Эрдогандын башкаруу коалициясында турган «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы тарабынан четке кагылган. Азыркы кезде кырсыктын себебин иликтеген топ түзүлүп анын негизги кесепети катары электр зымынын чыңалуусу айтылууда.

ИТАЛИЯ
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ БӨТӨЛКӨ ТЫГЫНЫ ЖАСАЛДЫ
Сан-Винченцо коммунасындагы 40 жылдан ашуун убакыттан бери шараптын бөтөлкөлөрүнө тыгын жасоочу «Лабрента» компаниясы тарабынан кымбат баалуу тыгындар жасалды. Ага 7,30 карат бриллиант жана 250 грамм алтын колдонулган. Анын баасы 40 миң еврону чапчып, бул дүйнөдөгү эң кымбат бөтөлкө тыгыны деп табылды.

МЕКСИКА
ЖЫЛАН БАШТУУ КУРТ
Мексиканын токойлорунда жылан баштуу көпөлөк курту көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда. Анын тулку бою кадимки быжыраган буттары менен сойлоп жүрүүчү курттарга окшош. Бирок анын өзгөчөлүгү, кандайдыр бир коркунуч жаралганда башы бышкан боорсоктой барсайып чыгарында. Мына ушул учурда ал кадимки эле жыланга окшошуп калат. Бирок бул курт бир нече аптадан кийин жетилип, көпөлөккө айланат.

АКШ
АТЛАНТИКАНЫН ТҮБҮНӨН 10 ТОННА АЛТЫН ТАБЫЛДЫ
Атлантика океанынын түбүнөн дүнүйө издөө менен алектенген жеке фирма жалпы салмагы 30 килограммга жеткен же 1 миллион доллардан ашуун баадагы алтын куймаларды жана тыйындарды алып чыгышты. Мындан сырткары суу түбүндө дагы 10 тоннадай алтын жатат дешүүдө. Аларды жакынкы жылдары алып чыгуу пландалууда. Бул алтындар ХIХ кылымдын орто ченинде чөгүп кеткен кемеден табылган.

КЫТАЙ
ЭКИ БУТУ ЖОК ТОРОПОЙ БАСУУНУ ҮЙРӨНҮҮДӨ
Сычуань провинциясындагы шаарлардын бириндеги эки буту жок торопой басууну өздөштүрүүдө. Ал туулганда эле арткы буттары жок болгон. Торопойду жергиликтүү тургундар «чжу цзяньцян» же бизче которгондо «эрктүү чочко» деп атап алышты. Торопойдун ээсинин айтымында, буга чейин анын чарбасында мындай кездешкен эмес. Бул биринчиси жана муну менен чогуу туулган дагы башка жети торопойдун дене мүчөсү толук туулган. Аталган торопой Кытай жергесинде арткы эки буту жок туулган чочколордун үчүнчүсү болуп калды.

Темирбек Матаев,
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Sharipa-asia
2014-05-19 21:15:43
30кг алтын дегени жакты
0
omurbek9393
2014-05-19 21:58:44
Украина балээле болду. Ал эми туркияны кудай сактасын, тигил кополок болгондо абайлаш керек экен да.
0
future_kg
2014-05-19 22:16:03
Тыгын дегени не болуп кетти экен?
0
jeniw
2014-05-20 11:13:44
future_kg, киргиздер пробка дегени үйрөнсөңөр боло кыргызчаны
0
Maxabat81
2014-05-19 22:56:14
тыгын дегенге менда тушунбодум
0
jeniw
2014-05-20 11:15:02
Maxabat81, сага да тиешелүү уялбай кантип айттыңар тыгын дегенди түшүнбөдүм деп
0
nazimka
2014-05-20 00:21:01
пробка да тыгын деген.
0
Azi.k.
2014-05-20 00:30:37
Чочкону бастырып кытайлар ай кытайлар
+1
Aimeerimka
2014-05-20 13:13:05
Тыгын, тыгылып калып деп суйлоп эле келебиз го э.
0
Ak_gulum
2014-05-21 18:47:36
Тыгын деген ботолконун капкагыбы?
0
Ak_gulum
2014-05-21 18:49:24
Калаты угулат экен,кунумдук турмушта колдобосон.
0
Aisanat
2014-05-23 20:20:12
Ak_gulum, Автотыгын деп деле уккан емес белен. Пробка деп орусча айтышса еле тыгын кулакка башкача угулуп жатабы. Ошондо капкагы емес жанагы капкактын астындагы жумшак жыгач сыяктуу нерсе болот.Чыгара албай коп еле жолу кыйналсанар керек.
0
maralino
2014-05-22 13:15:17
Урматтуу маалыматты жазган кабарчы, торопой эмес, торомпой болуп жазылат!
0
Bermet55
2014-05-22 13:25:26
maralino, Урматтуум, тороМпой деген сөздү кайдан уктуң эле?
Атам замандан бери эле торопой... )))))
0
Aisanat
2014-05-23 20:15:06
maralino, торомпой деп жаны соз чыгардынбы. Торопой еле болот.
0
Tynchy28
2014-05-24 02:10:20
торомпойсун го я
0
Kg.lady
2014-05-24 15:03:49
Макаладанда билдируулор кызыктууго!))
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан