ЖЫЛДЫЗДАР АТАКТУУ БОЛГОНГО ЧЕЙИН КИМ БОЛУП ИШТЕШКЕН

БАХТИЯР ТОКТОРОВ
«Биз» тобунун жетекчиси Бахтияр Токторов бекерчиликти жаман көргөндүктөн, студент кезинде эле алган стипендиясына алымсынбай, Ленин заводунда ширетүүчү болуп иштеген. Ал жерден ырчы жигит 250-300 рублга чейин таап турган. Ал кезде орточо айлык 70-80 рубль болгондуктан, Бахтиярдын акчасы көп нерсеге жеткен. Бахтияр окуусунан да, заводдогу жумушунан да тышкары кечкисин жатаканадагы өткөн туулган күндөргө барып ырдап берүүгө да убакыт тапчу.

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ
Абройлуу ырчы, профессор, учурда ОшМУнун проректору Ибрагим Жунусов да артист болгонго чейин бир топ жумуштарда иштеген. Ырчы орто мектепти бүтүп борборго окууга тапшырганы келип өтпөй калат. Жаш жигит болгон энергиясын кара жумушка жумшайт. Айта кетсек, Карасуу районундагы пахта тазалоочу заводго жумушчу болуп орношот. Ошол менен катар бир жылдай көчө шыпыргычтын дагы ишин аткаруудан баш тарткан эмес. Эч нерседен тартынбаган жигит пединституттун музыка факультетине тапшырып, окуусун бүткөндөн бери ошол эле окуу жайда мугалим болуп иштеп келет.

ГУЛНУР САТЫЛГАНОВА
Булбул үндүү Гүлнур учурунда кондитердин окуусун бүтсө да, бул кесип менен иштеген эмес. Анткени, кондитердин окуусуна атасынын каалоосу боюнча тапшырган. Ал эми аброй менен бакыбат жашоого Гүлнур өзүнүн талантынын аркасында жеткени көпчүлүккө белгилүү.

КУБИК КАЛЫКОВ
Алгач Кубик Ноокен районунда маданият үйүндө, Кочкоратадагы циркте, бала бакчада музыкант болуп иштеген. Бойго жетип үйлөнүү тоюна камдана баштаганда бир гектар жерге өзү жалгыз пияз эгет. Кумурскадай эмгекчил Кубик гектар пиязды чаап, чөбүн отоодон эч эринбеген. «Аракет кылсаң берекет» дегендей, чөбү жок өскөн пиязы жакшы түшүм берет. Алган тү­шү­мүн сатып, түшкөн акчасына сүйүктүү жубайына үйлөнгөн.

РАСУЛ МАМАТКУЛОВ
Башында Расул Көкжаңгак шаарында кийим тиккен машиналарды оңдоочу болуп иштеп жүрөт. Кийин шаарга келип ресторанга музыкант болуп кирет. Анан көбүрөөк акча табууну ойлоп, достору менен арак сатууга да өтөт. Бирок, соода кылуудан да музыка жакыныраак болгондуктан, кайра эле ырчылыгын уланткан.

ГУЛНАРА ТОЙГОНБАЕВА
Гулнара Кыргыз техникалык университетин аяктагандан кийин кичи ишканалардын биринде транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп бир жылдай иштеген. Бирок, бул иш жандүй­нөсүнө жакпагандыктан, кийин чыгармачылыкка баш-оту менен кири­шүүнү чечкен.

АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА
Ырчылык Алина Жетигенованын түбөлүк кесиби болсо керек. Анткени, ырчы айым турмушунда ырчылыктан башка кесипти аркалоону ойлобоптур. 10-классында сахнага чыгып, ошо менен сахнада эле жашап келе жатат.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ
Сыймык бир учурда соодачылыкка да өтүп кеткен. «Ош» базарынын «Кыял» бирикмесинин алдында кийим саткан кайненесинин ордуна жубайы Нурзада менен бир канча убакытка чейин соода кылган. Анан «обороттогу» акчаларын тамак-ашка, кийимге жумшап ийишип, банкрот болуп олтуруп калышкан.

МУХТАР АТАНАЛИЕВ
Көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысы Мухтар Атаналиев Кыргыз техникалык университетин бүткөн соң, элин жерин коргоо үчүн жигиттердин катарында аскер кызматын өтөөгө жөнөйт. Аскерден өз милдетин өтөп келген соң, кесиби боюнча курулуш иштеринде инженердин кызматын аткарат. Андан кийин айыл жергесине барып Жайыл районунун акимчилигинде жер бөлүмү боюнча инспектор болуп ишке орношот. Бирок, жандүйнөсү музыкага жакын болгондуктан, ишин таштап, чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанган.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан