Бек Борбиев: “САХНА МЕНЕН БИРОТОЛО КОШТОШОМ”

Сахнада өткөн жыйырма жылдык өмүрүндө жүрөк кылдарын дирилдеткен жүздөгөн ырларды жараткан Бек Борбиев сахна менен коштошмой болду. Бул кабарды уккан окурмандар эмнеге деген суроо менен бизге кайрыла бергендиктен, Бек Борбиевди күйөрмандары менен түз байланышка чакырдык.

Арстан, 22 жашта

– Ассалому алейкум. Биринчи суроом, ырларыңызды нотага түшүрүп, китеп кылып чыгарайын деген оюңуз барбы?
– Чыгарсамбы деген пландар бар. Буюрса, бул иш жакында жүзөгө ашат.
– Мен сиздин 150дөн ашык ырыңызды жатка ырдайм. Айткан жериңизге барып ырдап деле берейин. Чоң сураныч, мага ырларыңыздын минусовкаларын бериңизчи?
– Минусовкаларымды алып ырдап эле жүрүшөт. Анын эч кандай кыйынчылык жагы жок. Мени менен байланышыңыз, берейин.

Наргиза, 30 жашта

– Келинчегиңиздин кайсы кемчилигине чыдап жашап келе жатасыз?
– Сонун суроо экен. Бул эми кемчилик деле болбосо керек. Дос-тааныштардын үйүнө барып калсаң аялдары “келгиле, жегиле, ичкиле” деп жадырап-жайнап тосуп алышат. Фаридада андай сапат жок. Тигинин аялын карачы, укмуш тосот, сен деле ошентсең боло деп, үйрөтө албай жүрөм.
– Бийлегенди качан үйрөнөсүз?
– Мен сахнадан бийлебесем эле, билбейт деп ойлобоңуз. Отуруштарда тытып салам. Мен го башынан ошентип ырдап көнүп алыптырмын. Ал эми азыркы жаштарчы. Жаш болгондон кийин жакшы эле кыймылдап ырдашса болмок.

Толкунбек, 30 жашта

– Ырчылардын көбүнүн балдары ата-энесинин жолун жолдоп ырчы болуп жатышат. Сиздин балдарыңыздын ичинен ордуңузду басчусу барбы?
– Ырчылык бирөөнү артыңа таштап кетсең шайланып калчудай кресло эмес да. Үч балам азыр чоңоюп калышты. Аларды музыкага үндөгөн жокмун. Төрт жаштагы кичүү кызымдын жөндөмү бар. Фортепьянодон сабак алса деп турам.

Сабира, 25 жашта

– “Эркинай”, “Уулуң мага окшогон” деген ырларыңызды өзүңүздүн турмушуңуздан алып жазгандайсыз. Бирок “өзүмө эч кандай тиешеси жок” деп кутулуп кетесиз. Деги кайсы ырыңыздан Бек Борбиевди көрө алабыз?
– “Жубайыма” деген ырымдан менин жашоомду көрсөңүз болот.
– Өзүңүзгө кайсы ырыңыз өзгөчө жагат?
– Элге жакпаган ырларым болушу мүмкүн. Бирок мага баары жагат. Негизи, улам жаңы жараткан ырың кулакка жакшы угула берет. Эл суранган ырларым көп ырдалгандыктан, айрымдары суралбай жүрүп унутта да калып калат.

Мээрим, 13 жашта

– Ырчылардын ичинен кимдер менен катташасыз?
– Ибрагим Жунусов, Сыймык Бейшекеев, Кубик Калыков, Кабыл Бөрүбаев. Мындан сырткары чыгармачылыкта өзүм менен чогуу иштеген жигиттер менен катташам.
– Ырчылардын ичинен кимисинин стили жагат?
– Стили?.. Кечирип койчу, карындашым, стилдерин жакшы байкабаптырмын.

Канат, 19 жашта

– Аялыңыздын көзүнө канча жолу чөп салгансыз?
– Бир да жолу салган эмесмин. Салбайм дагы.
– “Эркек 40-50 жашка чыкканда бир көбөт” деп коюшат го. Төшөк жаңыртуу оюңузда барбы?
– Мындай нерсе оюмда жок. Балдар чоңоюп калганда уят го.

Бекжан, 21 жашта

– Беш жашымдан бери сиздин күйөрманыңызмын. «Чыгармачылыктан кетем» деп жаткан турбайсызбы. Эмнеге?
– Бажы тармагында да иштейт эмесминби. Ал жактан да ийгиликтерге жетишим керек. Эки жакка бирдей жетише албай жатам. Ырды, албетте, үйдө отуруп алып деле жаза берем. Бирок концерт коюу дегенди таптакыр токтотом. Ноябрдагы концертимдин атын “Коштошуу” деп атайын десем, жакындарым болбой коюшту. Ошондон улам “Отчёттук концерт” деп койдум.

Базарбай, 27 жашта

– Сизди өкүл ата коёюн деген элем. Телефон номуруңузду бересизби?
«Өкүл ата болосузбу?» дегендердин баарына макул боло бербейм. Өзүң деле элестетсең, тааныбаган бирөө келип эле “өкүл ата болуп бериңиз” десе сен деле ойлонмоксуң да, туурабы. Ал үчүн жакындан тааныш болуш керек. Концертке келиңиз, таанышабыз, макулбу?!

Нурмира, 17 жашта

– Кызыңызга куда түшүп келгендер барбы?
– Азырынча жаш го. Куда түшкөндөр деле боло элек.
– Эч кимге айтпаган, өзүңүз менен кошо кетчү сырыңыз барбы?
– Эч кимге айтылбаган сырым бир эмес, бир нече. Алар мени менен гана жашайт.

Рахат, 18 жашта

– Намаз окуйсузбу? Динге көз карашыңыз кандай?
– Динге көз карашым, алхамдулилла, түз. Намаз окубаганым менен, кичинемден куран окуйм. Орозону баш-аягы сегиз жыл кармагам.
– Апаңыздын ак сүтүн актай алдыңызбы?
– Актаганга аракет кылып келе жатам. Кандай болгон күндө да, актай албасак керек.

Аксаамай, 40 жашта

– Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн маселе болсо аны кайда барып, кимдер менен кантип чечесиз?
– Андай кырдаалга туш болсом, ойлонушум керек деп атайын бир жерге барбайм. Чарчаганда, энергиям түгөнгөндө туулган жериме барып, балалыгым калган жерлерди кыдырам. Жан дүйнөм кыйналганда көбүнчө үй-бүлөм менен болом. Жумушумдагы ишти эч качан келинчегим менен талкуулабайм. Атайын сырдашчу адамдарым бар, алар менен кеңешем. Негизи, кандай маселе болбосун өзүм чечкенге аракет кылам. Аракетимден майнап чыкпаса, агаларымдан акыл сурайм. Анда да чечилбесе, ошол боюнча кала берет. Турмуш ушунусу менен кызык да.
– Мурутуңузду аласызбы? Канча жашыңыздан бери өстүрүп келе жатасыз?
– Кээде мурутумду кырып салам. Бирок концерттерге эч качан мурутсуз чыккан эмесмин. Эл тааныбай калбайбы?! Мурутту 17 жашымдан тарта коюп келе жатам. Эки жумада бир чачымды тегиздеткени барганда мурутумду кошо тегиздетем.

Кабылбек, 35 жашта

– Канча жолу ыйлагансыз?
– Кино көрүп деле ыйлаган эркектерди көргөнүм бар. Бирок мен андайга бара элекмин. Атамдын дүйнө салганына бир жыл болду. Ошондо өзүмдү кармап, көзүмдөн жаш чыгарган жокмун. Өңгүрөп ыйлап турсам, мени көргөн бир туугандарым өздөрүн таштап коюшу мүмкүн эле. Кичинемде атамдын иниси Өмөр байкемди жоготкондо катуу ыйлаганым эсимде.
– Сиздин “уул той өткөрөм” деп жатканыңызды гезиттен окудум эле. Уул тойду балдар кичине кезде өткөрүшөт го?
– Мусулман адам эркек балдарга бой жеткенче той өткөрүшү керек. Ошон үчүн уул той өткөрөйүн деп жатам.

Чыңгыз, 20 жашта

– Акыркы кезде “Супер-Инфо” гезитинин биринчи бетине эмне чыкпай калдыңыз?
– Чыкпай калдымбы, ээ? Жаштардан кезек тийбей жатса керек.
– Мурун сүйүп жүрүп жетпей калган адамыңызга кийин жолуксаңыз кандай абалда болосуз?
– Ал сезимдин баары артта калды да. Бирок баары бир ошол күндөргө бир кайрылып, эстеп калам.

Элиза, 19 жашта

– Ырларыңыздын дээрлик бардыгы жетпей калган сүйүүңүзгө арналган? Деги жеткен сүйүүңүз барбы?
– Чоң сүйүүмө жеткем. Ал – жубайым Фарида. Мен деле адаммын, ар кандай сезимдер болот. Сулууларды көрсө жүрөк болк дейт. Ал сезимдердин баарына жете бербейм да. Чын эле ырларым жетпей калган сүйүү болуп кеткен окшойт, ээ? Өзүм байкабай калыптырмын. Сиздин айтууңуз боюнча эмки ырымды жеткен сүйүүмө арнайм.

Миржан, 32 жашта

– Бек байке, 4-5-ноябрда концерт берет турбайсызбы. Мурунку концерттериңизден айырмасы барбы?
– Бул менин отчёттук концертим. Ырларымдын айрымдарын өзүм аткарсам, айрымдарын башка ырчылар аткарышат.
– Кандай учурларда ыр жазасыз?
– Уктап жаткан учурдан башка убакыттардын баарында илхам келсе жаза берем.

Айгүл, 35 жашта

– Эркинай эже жөнүндө айтып бересизби?
– Эже дедиң го. Эркинай деген каармандын өзү жок болсо, кайсы эжеңди айтып берем?
– Жок десеңиз, калп айткан болосуз. Анткени мен сиз ыр арнаган Эркинай эженин сиңдиси болом.
– Аа, ошондойбу?..

Чынара, 33 жашта

– Бек байке, мен сиздин ырларыңыздын темаларынан ыр курадым эле, окуп берейинби?
– Бек ырдаса себелейт “Жаз жамгыры”,
Жолун карап күтүп жүрөт “Гүлкайыры”.
Аккордеонду колго алып ырдасаңчы,
Унуттуңбу, “Делбирим”,
“Замандашты”.
– Чоң рахмат.


Бек үшүгөндө...

Кыштын ызгаар күндөрүнүн биринде Бек Борбиев троллейбуска түшсө, орундукта бир кыз отурган экен. Жакын басып барган ырчы:

– Чоң кыз, мага орун берип коёсуңбу?!
– Байке, бош орундуктар толтура турат го?..
– Билем, бирок сенин отургучуң жылуу да...

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Azura
2009-10-28 08:27:56
Хммм, 2-3-4 жыл мурун, точносун билбейт экем, Бек байке сахна менен коштошкон эле, каттуу кайгыргам, кайра кайрылып келди, дагы деле келсе керек... Талант очпойт )))
0
bek
2009-10-29 15:32:55
БЕК БОРБИЕВ БУЛ КЫРГЫЗ САХНАСЫНЫН ЛЕГЕНДАСЫ АНЫН ЫРЛАРЫ ЖАНА ТАЛАНТЫ ЭЧ КИМДИ КАЙДЫГЕР КАЛТЫРБАЙТ
0
dobrajelatel
2009-10-30 09:41:09
Бек байке коркутуп жибердиниз го. Сиз кетсениз сахна корксуз болуп калат. Чыныгы патриот болсонуз кетпениз. Азыркы учурда сизге окшогон таланттар керек.
0
Айби
2009-12-17 14:59:14
Бек Борбиевтин орой муноз экени белгилуу ошондой болсо да жакшы адамдардын алдынкы сабына кошот элем. эркекке ушундай муноз керек да. ал эми чыгармачылыгы тууралуу айта турган болсок. эми тендешсиз озгочо акардеон менен ырдаган ырлары журокту козгойт ошол ырлар менен чонойдук го. Асылым тунду жамынып барсам сага. деген ырын кайра ырдап чыкса сонннннун болот эле. ал эми акыркы чыккан Ооолугам Жоолугам.сезим менен ооругам деген ыры озгочо жакты.Бек Байке сиз сахнадан кетсениз анда талантынызга чык
0
azaika
2009-12-24 08:47:39
Катуу кайгырбай ле койгула, Январда концерт берет кен, муну пиар ход дейт :)
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан