«АМАНБАНК» – 23 ЖЫЛДЫК ИЙГИЛИКТҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮК

2014-жылдын  17-майында Россия жана Кыргызстандын «Аманбанк» ААКсы Кыргызстандын финансы рыногундагы туруктуу, ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн 23 жылдыгын белгилейт. Бул жылдар аралыгында банк ишкердиктин ишенимдүү өнөктөшү беделине ээ болду. Мындай бийик аброй ошондой эле Орусия Федерациясынын Борбордук банкы тарабынан тастыкталды.  Бул биздин кардарлардын  жогору ишениминин жана кесипкөй жамааттын ырааттуу ишинин натыйжасы.
Аталган жылдар аралыгында банк динамикалуу өнүгүп, банк продуктулары жана кызматтарынын сапатын жогорулатууга өбөлгө болуучу жаңы технологияларды, долбоорлорду ишке киргизди. Маселен, РК «Аманбанк» ААКсы  «MasterCard» эл аралык картасынын Кыргызстандагы жалгыз принципиалдуу катышуучусу болуп саналат. Бул жагдай кызматтардын толук тизмегин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет: «MasterCard», «Maestro», «Золотая корона», «China Union Pay» төлөм карталарын чыгаруу, эсепти толуктоо, акчаны накталоо жана башкалар. 
Банктын туулган күнүнө карата акционерлер уставдык капиталды 600 миллион сомго чейин жогорулатуу чечимин кабыл алышты. Бул банктын жигердүү ишмердүүлүгү үчүн кошумча ресурстарды камсыздайт, жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө, иштеп жаткан долбоорлорду үзгүлтүксүз улантууга мүмкүнчүлүк берет. Кардарлар, өнөктөштөр банктын мындан ары дагы туруктуу өнүгүшү жана стабилдүүлүгүнө ишене беришсе болот. 
РК «Аманбанк» ААКсы өз өнүгүүсүнүн жаңы этабында жеке жактар, мекемелер үчүн пайдалуу аманаттар тизмегин ишке киргизди. Эми ар бир адам өз каражаттарын топтоо жана көбөйтүү үчүн ыңгайлуу ыкма тандап алууга мүмкүнчүлүк берилет. Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып жогорулатылган пайыздык коюмдары менен «Жеңиш 70» аманат салымы иштелип чыккан.
РК «Аманбанк» ААКсы ар дайым өнөктөштөрү менен биргеликте байгелүү акцияларды өткөрүп турат. «Юнистрим» акча которуулар системи боюнча акциянын 1-этабынын жыйынтыктары чыгарылды, жеңүүчүлөргө жакында смартфондор жана планшеттер тапшырылат. Баш байге – Гоа жана Дубайга эки адамга жолдомо.
Өз туулган күнүн утурлап РК «Аманбанк» ААКсы кардарлары жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирет. Бул ийгиликтерге биз чогуу жетиштик! Сиздердин ишенимиңиздердин аркасында банк күн сайын динамикалуу өсүүдө. Биз сиздерди бүткүл Кыргызстан боюнча банктын 70 бөлүмүнүн ар биринен көрүүгө кубанычтабыз!
«Аманбанк» – абсолюттук ишенимдин банкы!

(+996 312) 905-300
www.amanbank.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан