ЖАШ ЫРЧЫ АРГЕН АЛГАЧКЫ КЛИБИН ТАРТУУЛАЙТ

Жаңыдан гана сахнага кадам таштап, кыргыз шоу дүй­нө­сүндө өз ордумду тапсам деген жаш ырчы Арген «Боз торгой» ырына алгачкы клибин тартып көрөрмандарга сунуштады. Чыгармачылыгынын башаты тууралуу ырчы: «Өзүм 8 жашымдан бери ырдайм, калың элге атым таанылбаганы менен, шоу чөйрөдөгү ырчылардын көбү таанышат. Ошто кафеде ырдап, музыка менен эле алпурушуп жүрүп чоңойгом. Убакыт-сааты келип эми чоң сахнага аттанайын деп жатам. Жакында эле «Боз торгой» деген ырыма клип тартып бүттүк. Клиптин дарегине жакшы ойлорду угуп жатабыз. Бул башталышы гана. Алдыда мындан да мыкты, сапаттуу клиптерди тартабыз»,- дейт. Биз да жаш ырчы Аргендин сахнанын өчпөс жылдызына айланышына тилектешпиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
monchok
2014-05-19 14:58:02
Саны бар сапаты жок ырчылар аябай кобойдуго эмне дейбиз ийгилик анда.
0
momuntay
2014-05-19 17:20:55
Жанымда дагы бир аз олтурунуз деген ыры жарат да. Уну соонун мыкты ырчы жигит экен
-1
kuba7888
2014-05-19 20:19:43
Тага чыгармачылык ийгилик!
0
jasi
2014-05-21 09:02:37
Талант бар бул байкеде. Колдоочусу жок чыга албай жаткан болуш керек эле. Эмнеси болсо да ийгилик каалайбыз!
0
santi
2014-05-21 12:41:17
Бул ырчынын ырлары копчулукко синип калган. Жаны ырчы деп атоого болбойт го. Талантын баалайм. Озгочо салмактуу ырларды ийинине жеткире ырдайт. Азаматсыз!!! Ийгилик сизге))))
-1
pomposha_88
2014-05-21 13:51:20
Арген азаматсыз онорунуз оркундоп осо берсин, мыкты аткаруучулардан болунуз
0
№ 602, 16-май-22-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан