ИДИШТЕРДИ ЖАЛТЫРАТАБЫЗ

Идиштер алтын балыктай жаркырап турса, анда ал ашкананын кожойкеси мыкты десек жаңылышпайбыз. Себеби айымдар үчүн идиштин таза болуусу биринчи орунда. Андыктан төмөнкү макалада кайсы материалдан жасалган идишти кандай жол менен тазалоо керектигин жана кантип кам көрүү тууралуу кеңешибизди сунуштайбыз.

ЧОЮН ИДИШ

  • Чоюндан жасалган казанды же көмөч казанды жуугандан мурда кагаз менен аарчып алуу керек. Андан соң ысык сууга идиш жуугуч каражат кошуп жуусаңыз, жакшы жыйынтыкка ээ болосуз.

КАМ КӨРҮҮ

  • Казанды пайдаланган соң ага бир аз суу куюп, бир нече мүнөт кайнатыңыз. Андан соң жылуу суу менен чайкап коюуну унутпаңыз.
  • Казан, көмөч казан дат баспаш үчүн аларды дайыма кургак жерге сактаңыз.

ЭМАЛЬ ИДИШ

  • Эгерде тамак түбүнө тартып күйүп калса жана ал дароо кетпесе, идишке муздак суу куюп сода, туз же горчицаны аралаштырып жай отко кайнатуу керек же 2-3 саат сууда кармоо зарыл.
  • Идиштин ичине кычкыл алманын кабыгын кайнатса, андагы күңүрт тактарды кетирет.

Кам көрүү

  • Эмаль идиш узак убакытка кызмат көрсөтүүсү үчүн ага ботко сыяктуу түбүнө бат тартып күйүп кете турган тамактарды жасабаңыз.
  • Ысык кезинде ага муздак суу куюуга жана тазалоодо металл щётка менен кырганга болбойт.
  • Бош идишти ысык отко коюудан алыс болуңуз, бул дагы анын эмалынын сыйрылуусуна алып келет.

ФАРФОР ИДИШ

  • Сүрөтү жок аппак түстөгү фарфор идиштерди уксус, сода, туз же нашатырь спирти кошулган сууга жууш керек.

Кам көрүү

  • Идиштеги сүрөттөр өчпөй, жакшы сакталыш үчүн аны өтө ысык сууга жуубаңыз. Ошондой эле сода менен дагы жуусаңыз, идиштеги алтын түстүү сүрөттөрдүн тез өчүшүнө алып келет.

КАШЫК, ВИЛКА

Сарымсактын кабыгы кошулган сууга кашык, вилкаларды 10-15 мүнөт кайнатыңыз. Бул ыкма аркылуу буюмдар өңүнө келип жаркырай түшөт.

КӨӨНҮ ЖАНА КҮЙҮКТҮ ОҢОЙ КЕТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Көө

  • Тазалай турган идишке сууга уксусту кошуп, кайнатып аласыз (1 литрге 4 аш кашык уксус). Бир саатка жакын убакыт кайнатсаңыз, күйүк өзү эле кетип, идиштин ичи агарып чыгат.
  • Эгер идиштин тышын тазалай турган болсоңуз, ошол эле кайнаган сууга катуу губканы малып текши сүртсөңүз, жаркырап калат.
  • Көөнү тазалоодо лимон кычкылын да колдонсо болот. Тазалай турган идишке суу толтуруп, ага лимон кислотасын кошосуз (каалаган өлчөмдө). Аны бир сааттай коё туруп, андан кийин 10 мүнөт кайнатасыз.

Күйүк

  • Түбүнө тамактын күйүгү калып, аябай калыңдап кеткен идишти тазалоо үчүн 1 чака ысык сууга 100 грамм силикат желимин жана 100-130 грамм сода кошуп, ага тазалай турган идишиңизди 25-30 мүнөт кайнатасыз.

АЛЮМИНИЙ ИДИШ

  • Тамак түбүнө тартып кетип так пайда болсо, ага пиязды салып кайнатыңыз. Андан соң идиш жуугуч каражат менен жууп салыңыз.
  • Ичи карарып калса, агартуу үчүн идишке 3-4 чоң кашык уксус аралашкан суу толтуруп, 10-15 мүнөт кайнатыңыз. Мештен чыккан жыгачтын күлү менен да жуусаңыз болот.
  • Тазалоо үчүн кадимки эле тиш жуугуч пастаны колдонсоңуз да болот.

Кам көрүү

  • Алюминий идиштин сапаты туздан, содадан жана кычкыл заттардан тез бузулат. Андыктан ага туздалган капустаны, бадыраңды сактоого болбойт. Ошондой эле компот же борщ бышырбаңыз.

ХРУСТАЛЬ ИДИШ

  • Аябай кирдеп, бозоруп калган хрусталь идишти кесек туз менен уксустун аралашмасына, картошка бышырылган сууга жуусаңыз болот.
  • Таза чүпүрөккө спиртти сиңирип сүртсөңүз, хрусталыңыздын өңү жалтырай түшөт.

Кам көрүү

  • Хрусталдан жасалган идиштерди эч качан ысык суу менен жуубаңыз. Анткени ал анын өңүн бозортуп салат. Андыктан жылымык суу менен гана жууп, дароо кургатуу зарыл.
  • Сода менен хрусталь идишти тазаласа, аны карартып жиберет.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Нурдана Бегимаалы кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
meri6ka
2014-05-27 17:12:07
Аmway фирмасында казан агартуучу сататго ошону колдонсонор сонун...
0
AygulSumaya
2014-05-27 18:14:18
Аmwаy ошо казан агарта турган канча сом билсенер айтып койгула
0
admin_superstan
2014-05-28 09:52:32
aikera1992, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Азырынча эскертүү!
0
admin_superstan
2014-05-28 09:55:24
Макаланын "Көөнү жана күйүктү оңой кетирүүнүн жолдору" бөлүгүн окууну сунуштайбыз.
0
s.tur
2014-05-28 10:54:47
Amway фирмасынын казан агарткычы 750сом турат
0
SHATY
2014-05-29 14:23:54
s.tur, 750 сом. Силерде бирааз кымбат экен бизде 680 сом, эгер фирмада болсон 525 сом.
0
daniyar.
2014-05-28 23:46:18
Amway казан жукгучу 355 руб турат каталогдо заказ берем десенер скидка менен баардык учурда чалсанар болот 89655104741
0
admin_superstan
2014-05-29 09:38:17
kirpik, маанисиз билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган!
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
-1
kirpik
2014-05-31 22:36:28
admin_superstan, мен маанисиз не деп жаздым шуманит средствого коону майды эн жакшы кетирет
-1
admin_superstan
2014-06-02 13:09:56
kirpik, билдирүүнү толук жазыш керек.
0
arzigul89
2014-05-29 20:19:37
Amway фирмасында ото эле кымбат,менда иштеткем казан жуугуч суюктугун,азыр ашандан 21 рубльдук эле суюктук менен жууйм эч кандай айырмасы жок, кайра андан жакшы агартып жылтыратып койот
0
MarJane
2014-05-30 03:44:49
Саламатсыздарбы.супер инфо сураныч "кола" жонундо кененирээк маалымат бергилечи?айтайын дегеним 8айдан бери кунуго ичип келем.тааныштарым абдан зыян деп атшат..кантип арылам??
0
admin_superstan
2014-05-30 11:26:38
MarJane, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
0
MarJane
2014-05-30 03:45:34
Кунуно 1литрден ашык ичем
0
mahabat.
2014-05-30 12:29:55
чоюн деген эмне?
0
Oriflame
2014-05-30 13:07:18
mahabat., чугун
0
lily27
2014-05-30 12:57:04
Идишти жылтыратабыз дегенде казанды кантип жылтыратса болору кенен берилсе болмок. Карарган казанды агартууда мен "Аврора" деген суюктукту колдоном. Суйкоп коесуз да 15-20 муноттон сон перчатки кийип колго анна губка менен суртуп зым менен кырсаныз жылтырайт да калат. Бирок бул ыкманы абайлап колдонунуз убагынан ашып кетсе казан карарып кетет. Текши суйкобосонор бир жери ак бири кара болуп калат. Базардан сурасанар казан жууган аврора деп
0
mahabat.
2014-05-30 16:57:59
шуманит да колдонсок болот
0
Aika0812
2014-06-02 17:05:15
хрусталь идиш жөнүндө кеңешинер жакшы экен
0
gul78
2015-02-15 01:05:03
Казандарды агартууда,казан баткыдай чон кастрюльга суу куюп,кадимки кагаз клейи мектепте клодонулуучу суюк клейден 2 же 3 шт устуно куюп агарганча кайнатса,казан жаны сатып алгандагы абалга келет.
0
Aigerim
2016-04-10 20:02:13
Amway suiuktugu menen kantip kazandy agartsa bolot
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан