30-апрель күнү Ош шаарында экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жээнин атып кетишти деген кептер тараган. Аны уккан эл бул окуяны Мырзакматовго карата кысым деп кабыл алып, түрдүүчө жоромолдор айтылып баштаган болчу. Ок атуудан улам жараат алган Жеңиш Садиев ошол эле күнү ооруканага жеткирилип, бирок ал 1-май күнү алган жараатынан улам каза болду.
«ӨЧҮБҮЗ БАР БОЛЧУ, ОШОЛ ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮК»
Жеңиш Садиевди Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылындагы үйүнүн короосунан күндүзгү саат үчтөр чамасында аңчылык мылтыгы менен атып кетишкен. Ок эки ирет атылып, бири колуна, бири көкүрөгүнө тийген. Окуя болгон жерге куралды кылмышкерлер таштап качып кетишкен. Атуу короодогу видео жазууга толугу менен түшүп калган. Окуяга байланыштуу Кара-Суу РИИБси тарабынан кылмыш иши козголгон. 9-май күнү кылмышка шектүү делинип 1971-жылы туулган Таалайбек Нуруев жана 1982-жылы туулган Исламбек Султанов Бишкек шаарындагы батирлердин биринен кармалган. Тинтүүдө алардын жанынан 16 калибрлүү номери өчүрүлгөн, кош ооз мылтык табылган. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү менен кылмыш болгон жерге айдап барган Мерседес үлгүсүндөгү унаасы Ош шаарынын Черемушка кичи районунан табылган.
Бул чырдын башталышы тээ 2001-жылга барып такаларын, кантип башталып, эмне менен аяктаганын Ички иштер министрлигинин түштүк аймагындагы өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Майлыбеков төмөндөгүчө билдирди: «Маркум Жеңиш Садиев менен аны атууга шектүү делинген Таалай Нуруев 2001-жылы Жалал-Абадда жайгашкан түрмөдө бирге жаза мөөнөтүн өтөшөт. Ал абакка Жеңиш Садиев «смотрящий» болгон. Садиев Нуруев отурган камерага кирип келгенде ага урмат көрсөтпөй, ордунан турбай койгондугу үчүн Садиев Нуруевди сабаттырган. Кылмышка шектүү делинген Исламбек Султанов Таалай Нуруевдин өкүл уулу».
Кылмышка шектүү ТААЛАЙБЕК НУРУЕВ тергөө учурунда буларды айтып өттү:
– 2001-жылы март айларында Жеңиш экөөбүздүн ортобузда келишпестик болгон. Мен ал түрмөгө Казакстандын абагынан которулуп келгем. Абактан чыккандан кийин да күн көрсөткөн эмес. Акыры Орусияга кетип кутулгам. Өч алуу максатында аны өзүм өлтүрөм дегем, бирок шеригимдин да өчү бар экен, ал да мага көмөктөштү. Бишкекте жашап жүргөн элем. Апрелдин аягында борбордон Чыңгыз аттуу жигиттен 16 калибрлүү мылтык сатып алдым. Ислам машина тапты, ошо менен 27-28-апрелде Ошко келдик. Жеңиштин үйүн экөөбүз тең билчүбүз, келген күнү карап өткөнбүз. 30-апрель күнү бул иштер жасалды.
ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАР ДАГЫ БИР АДАМДЫН ЖАНЫН КЫЙГАНБЫ?
Таалайбек Нуруев 2006-жылы Орусиянын жарандыгын алган. Өкүл уулу Исламбек Султанов экөө ал жакта бирге иштеп жүрүшүп, адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн. Омск шаарынын орган кызматкерлери Ош облустук ИИБсына кабарлашып, өздөрү келип, ал кылмыш боюнча да тергөө иштерин жүргүзүп кетишти. Бул боюнча Ош ОИИБсынын басма сөз катчысы ЖЕҢИШ АШИРБАЕВ буларга токтолду:
Орусиядан келген кесиптештерибизге Садиевдин өлүмүнө шектүү Исламбек Султанов 19-апрель күнү Омск шаарында Абдырасул Мырзаев деген жаран менен биргеликте арак ичип отурушуп чырдаша кетишкенин айтып берди. Көрсөтмөдө балка менен башына уруп өлтүрүп, өкүл атасы Нуруевдин унаасы менен бир жерге алпарып көмүшкөнүн айтты. Ал жарандын сөөгү табылса, эки мамлекеттин ортосунда эл аралык тергөө келишими түзүлүп, бул иштер дагы каралат. Экөө ал кылмышынын изин жаап, Кыргызстанга 25-апрель күнү келишкен экен.
Эске салсак, Садиев Жеңишбек Өсөрович 1977-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, артында төрт баласы калды. Жеңиш Садиевдин өлүмү туурасында өзүнүн туугандарынын оюн угууну көздөп, бирок байланыша албадык.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg