Өткөн жылдын башында күчүнө кирген мыйзамга ылайык, жалпы ташылып келген дары-дармектердин айрымдарына кошумча нарк салыгы (КНС) киргизилген. Анын негизги максаты казынаны толтурууга багытталган. Бирок Ж.Оторбаев башында турган жаңы өкмөт муну жетишсиз деп, салык алына турган дары-дармектердин санын дагы көбөйтүүнү көздөөдө. Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Биринчиден, ишкерлердин тең жарымынан көбү салыкты жашыруусуна жана көмүскө рыноктун гүлдөшүнө түртөт. Мисалы, Тажикстанда дары-дармектен 18% КНС алынса, Казакстан менен Өзбекстанда эч кандай салык алынбайт. Мунун жыйынтыгында болжол менен тажиктердин 10 пайызы мыйзамдуу иштесе, 90 пайызы көмүскө рынокто иш алып барат. Аны менен катар аткезчилик жолу менен өлкөбүзгө сапатсыз дары-дармектерди ташып келүү күчөп, жарандарыбыздын өмүрүнө чоң коркунуч жаралат.
Кыргызстанда 2003-жылы дарылар 20% КНСтен бошотулган. Бул фармацевтика тармагынын рынокто ачыкка чыгып иштөөсүн камсыздап, импорттун көлөмү 744 миллион сомдон (2003-жылы) 9,5 миллиард сомго чейин жогорулады. Муну менен мамлекетке түшкөн салыктардын көлөмү өсүп, кошумча жумушчу орундары түзүлдү. Эгер КНСти алып салбасак, анда бизди Тажикстандагыдай абал күтөрү айкын.
Ал эми экинчи жагынан алсак, калктын аялуу катмары болгон майыптар, пенсионерлер, жаш балдар сыяктуу дарыга муктаж бейтаптарга да оорчулугун тийгизет. Себеби КНСтин киргизилиши менен дары-дармектин баасы 20%га кымбаттары турган иш. Буга кошумча доллар менен евронун курсунун өсүшү дагы таасирин тийгизип, жалпысынан 50%га чейин баалардын көтөрүлүүсүнө жеткириши мүмкүн.
Мамлекеттик казынаны толтуруу үчүн эмне үчүн өлкөбүздө өндүрүлүп жаткан алтын менен күмүштөн салык алынбайт? Айрым маалыматтарга таянсак, алтындан эч кандай салык алынбайт экен. Эгер бул тармакка салык киргизилсе, анда казынаны болжол менен 30 миллион долларга толтурууга болот. Бул дары-дармекке караганда 2-3 эсе көбүрөөк салык чогултууга болорун көрсөтүп турат. Ошондой эле алтынды калктын жакыр эмес, жетиштүү турмушта жашаган катмары колдонот эмеспи. Андыктан өкмөт салык чогултууда калктын аялуу катмарынын чөнтөгүнө кол салбай, башка жолдорду издесе…
Фармацевтика
тармагында иштеген
жамааттардын өкүлдөрү.