– Аялым мени менен 2 ай жашагандан кийин кетип калды. Эми аны кайтара албай жатам. Окуя мындай болгон эле.
Бир ирет бир кыз менен таанышып калдым. Сүйлөшсөм, ал баткендик экенин жана үйүнөн качып жүргөнүн айтты. Балдар жаш кызды бузуп койбосун деп боорум ачып, убактылуу жашап тур деп үйгө алып бардым. Ошентип, ал менин үйүмдө 3 күн жашады. Байкасам, жакшы эле кыз сезилди. Анан мен, үйдөгүлөр жана тиги кыз болуп сүйлөштүк да, экөөбүз үйлөнмөк болдук. Муну кыздын үйүндөгүлөргө айтсак, алгач макул болушпай, анан уруксат беришти. Биз баш кошуп, 2 ай жашадык. Анан эле ата-энеси жок шылтоолорду айтып, кызын ажырашууга жеткиришти. Ата-энеси бизге «30 000 сом калың бересиңер» деген эле. Биз шарт болгондо берели дегенбиз. Ошогобу же башкагабы, айтор, «күйөө балабыз башка бир аял менен жатып, кызыбызга оору жугузуптур» деп калп айтып чыгышты. Мен аялымдын көзүнө чөп салмак тургай ал тууралуу ойлогон да эмесмин.
Эми аялымды кантип кайтарып алам? Аны 2 ай ичинде жакшы көрүп калгам.
Абдулла, Ысык-Ата району, 22 жашта
– Эки жаш бири-биринин мүнөзүн жакшы билип, ата-энелеринин макулдугу менен баш кошсо гана үй-бүлөсү бекем болот. Ал эми бири өткөн жашоосун жашырып же алдоо жолу менен никелешүүгө жетсе, андай үй-бүлө баары бир бузулат. Анткени бир күнү баары калкып чыга келет.
Анын сыңарындай, Абдулла, сиздер кетирген ката – бири-бириңиздерди жакшы билбей туруп баш кошконсуздар. Ал кыз үйүнөн качып жүргөн болсо, демек, анын үй-бүлөсүндө чоң көйгөйлөр бар. Ынтымактуу, бири-бирин сыйлап, түшүнгөн үй-бүлөдөн эч ким качпайт.
Кыздын ата-энеси шылтоо тапса, демек, кызынын келечегинен кам санап жатышат. «Калың бере албаган жерде кызыбыз кандай күн көрөт?» деп шекшишет же «күйөө балабыздын жумушу (же билими) жок болсо, кандай болот?» дешет. Мүмкүн, кызынын мүнөзүн жакшы билгендиктен, «баары бир жашап кете албайт» деп чечип, шылтоо таап жатышат...
Айтар кеңеш, эки тарап ийри отуруп, түз сүйлөшүүлөрү керек. Эмне үчүн ажыраштырып жатышканынын себебин так билүү зарыл. Сиз келинди кор кылбай, жакшы бага аларыңызды, ата-энеңиз да жакшы адамдар экендигин айтыңыз, ишендириңиз. Буга болушпаса, анда бактыңызды башкадан издөөңүз кажет. Азыр жаштык менен «жакшы көрүп калдым» деп жатышыңыз ыктымал. Чыныгы сүйүүгө, мүмкүн, эми жолугасыз.
«КҮЙӨӨМ ЖЕСИР ЖЕҢЕСИ МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШ...»
– Күйөөм экөөбүздүн ортобузда 3 балабыз бар. Бирок күйөөм жесир жеңеси менен мамиле куруп алганына 2-3 жыл болду. Ал аял биздин көчөнүн аркы бетинде жашайт. Жолдошум кечинде үйгө келип, курсагын тойгузат да, анан түн кирди дегиче жоголот. Айылдагылар турмак балдарымдын алдында өзүм уялам. Ажырашайын дейм балдар бар, ажырашпайын дейм намысымды тебелеп бүттү. Эмне кылам?
Зергүл, Нарын, 29 жашта
– Зергүл, сиз жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, жан дүйнө абалыңызды толук айтыңыз. Мисалы, «сен тиякка кеткенде мен өзүмдү басынткандай, кем сезем. Бизди көрүп балдар да чүнчүп, жаман болушууда. Ушинтип стрессте жүрө берсем психикалык же башка ооруга чалдыгып калышым мүмкүн. Эми бул маселенин аягына чекит коюп, бир жаңсыл болуу керек» дегендей.
Мүмкүн, күйөөңүздүн көңүлдөшү менен да сүйлөшүп көрөрсүз. Мисалы, «сен жалгызсың, аны түшүнөм. Сага да эркектин жылуу мамилеси, колдоосу керек. Бирок ошол колдоону менин, балдарымдын азабы аркылуу алып жатканың туурабы? Эгер анчалык бири-бириңерди таштай албасаңар, анда мен ажырашам. Бирок атасы катары балдарды карап, багууга ал милдеттүү. Бул жагынан сен ага жолтоо болбошуң керек» дегендей. Алар эмне деп жооп берет, анан ошого жараша чечим чыгарыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg