Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:«КУМТӨР» БОЮНЧА ИШТИ АЯГЫНА ЧЫГАРЫШЫМ КЕРЕК»

– Садыр Нуркожоевич, маегибизди 10-апрелде болуп өткөн митингден баштасак. Улуттук оппозициялык кыймылга кандайча кошулуп калдыңыз? Эмнеге митингде көрүнгөн жоксуз?
– Март айында республикалык курултай өткөрөлү деп жарыя кылган элем. Аны эки жолу жылдырууга туура келди. Биринчисинин толук сырын азырынча ачпай коё турайын. Кийинчерээк баары ачыкка чыгат. Экинчи жолку жылдырууда УОКтун лидерлери Бейшен Болотбеков менен Азимбек Бекназаровду “10-апрелге жылдырып турсун, бирге өткөрөлү” деп сүйлөшүүгө жиберишиптир. Макул болуп экинчи жолу жылдырууга туура келди. Ал эми катыша албай калганымдын себептери көп.
Митинг башталып-баштала электе чогула баштаган элди автобустарга жүктөп, алып барып камап жатты. Аларды митинг бүткөнчө кармап, кийин кайра чыгарып коюшту. Бандиттерин үйлөргө чейин жиберишип, «митингге чыкпайсыңар» деп коркутуп турушту. Бул бийлик кеткенден кийин бардык жашыруун сырлар ачыкка чыгат. Азыр чыгарган менен баары бир ал жалпы элге жетпейт. КТРК аркылуу ар кандай калптарды, ушактарды көрсөтүп коюшса, эл ага ишенип тескери сүйлөп калат экен. Ошондуктан азырынча бийлик мени болушунча шыбай берсин. Убакыт жана сабырдуулук баарын ордуна коёт. Кийин эл өзү таразалап алат.

– КТРК демекчи, 10-апрелде кечки жаңылыктардан «митингди Садыр Жапаров Бакиевден алган акчага каржылады» деген маалыматтарды беришти, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Ким ушундай жаңылыкты уюштурган болсо Кудайга койдум дегенден башка эч нерсе айта албайм. Кудай жолунда жүргөн инсан катары ант берем. Бакиевден бир тыйын алган жокмун жана байланышкан да эмесмин. Үчүнчү же төртүнчү революция болсо да анын Кыргызстанга келгенге кызыкчылыгы жок болсо керек.
Мен интернеттен көрдүм, КТРК эле эмес, Ысык-Көл облустук телеканалы да эки апта бою мен жөнүндө Кудайды карабаган калп маалыматтарды кайталап берип турушту, «Садыр Жапаров Каркыраны сатып жиберген» деп. Кудайдан коркушса болбойбу. Тескерисинче, мен 2005-2007-жылдары депутат болуп турганымда «Кыргызстандын жерлери башкага өтүп кетип жатат, келишимди кайра карашыбыз керек» деп Жогорку Кеңеште таптакыр каратпай келгем. Архивдер турат. Аларды каякка жашырышат?
Экинчиден, мен Каркыраны сатып жибергидей ал мага караштуу чарбак эмес. Бул эки президенттин ортосунда чечилип, анан парламенттен бекичү маселе.
Үчүнчүдөн, Каркыраны 2008-жылы ратификациядан өткөрүшпөдүбү. Ал убакта мен депутат эмес элем. “Ак жол” менен КСДПнын депутаттары болчу. Мен ошол мезгилде кайсы партиядан болбосун депутат болуп отурганымда, дагы деле ратификация кылдырмак эмесмин. Ошондуктан Эмилбек Каптагаевдин Ысык-Көл телеканалынан тындырбай мени жамандатканы Кудайга жага турган иш эмес. Мейли, жамандатса жамандата берсин, эл таразалап алат деп койдум. Тарых баарын өз ордуна коёт эмеспи.

– Сиз бүгүн «Кумтөргө» кандай күйсөңүз, ал мезгилде Каркырага да ошондой күйүп жүргөнсүз. Бирок Каркыра Кыргызстандын пайдасына чечилбей калды. «Каркыраны ратификациядан өткөрүп берип жатышканда мен депутат эмес элем, болбосо өткөрбөйт элем» дедиңиз. Сиз азыр да ошол мезгилдегидей болуп депутат болбой калдыңыз. Эми «Кумтөр» да чечилбей калабы? Же «Кумтөр» боюнча күрөштү улантасызбы?
– Албетте, улантам. Баштаган ишти аягына чыгышым керек. Мен буга чейин күчүмдүн жетишинче күрөшүп келдим. Депутаттык мандатымдан ажырадым. Камалып да чыктым. Эми митингдер аркылуу элдин алы жетпей жаткан соң дүйнөлүк коомчулукка, БУУ менен ЕККУга кайрылдым. Дүйнө жүзүндө ичүүчү суу тартыш болуп жатса, «Кумтөрдүн» айланасындагы мөңгүлөрдүн үстүнө уу топурак төгүп жок кылып жиберишти. Экологиябызды таптакыр талкалап, нарындыктар цианид аралаш суу иче башташты. Рак оорулары көбөйдү. Өз укуктарын коргоп чыгышкан жети-өгүздүк тургундарды УКМКнын СИЗОсунда эч бир себепсиз, мыйзамсыз камап отурушат. Ошондуктан дүйнөлүк коомчулук адилетсиз соттолуп жаткан жарандарыбызды боштондукка чыгарганга жана экологиялык катастрофаны алдын алууга жардам бербесе, кыргыз элинин алы жетпей калды. Катастрофа башталса миллиондогон адамдардын өмүрү кетет. Чек ара маселелерибиз чечилбей, согуш чыгып кетүү коркунучунда турабыз деп кайрылдым. Азыр ошонун үстүндө иш алып барып жатам. Кандай жыйынтык болот, баарыбыз бирге күтө туралы.

Айбек Асанбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
misster88
2014-05-26 16:34:32
Мен ушул киши колдойм да молодес.
-2
Proffi70
2014-05-26 18:39:25
Иштеринизге ийгилик! АЛЛА озу колдосун.
-2
jaazira13
2014-05-26 19:40:07
ТОЧтон кийинки ххх ххх ххх ушул адам, кантип озунун атамекенинин экономикасын жаарга такап туруп анан уялбай ушунтип суйлойт???
0
admin_media
2014-05-27 11:57:53
jaazira13,
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
nurjasi
2014-05-27 05:24:10
Убагында Кыргызстандын ондурушун очу бардай талкалап, азыр дагы баатыр.Кичине болсо да уят керек да, же акча учун баары боло береби.Эгерде чындап Кыргызстанды жакшы корсо, кетиш керек, элди бузбай. Керегин алып алган.
+5
ayaza
2014-05-27 16:32:01
Качан болсо актанып эле журот,эл,жер учун эч нерсе кылбайт,нааборот комур чыккан жерди сатып жиберип,эми озубуз башка олколордон кымбат алып жатабыз.
0
jaazira13
2014-05-27 21:04:44
ошондой патриот болсо келип жооп бербей отуп кеткен жылдагы башаламандыктар учун
+1
urmat_88-kg
2014-05-31 18:49:42
Ушулар тажатты митинг пикет деги качан токтотобуз.Эми чет жака арызданам дейт. 2-Украйина кылып жибере элегинерде токтоткулачы. Жыгылган курошко тойбойт болбой.
0
admin_superstan
2014-06-02 12:59:57
abdykalyk81, сайттын башка катышуучусун кемсинтүүгө тыюу салынган. 3 күн БАН!
0
admin_superstan
2014-06-09 14:49:22
alirun, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
0
Patriot92
2014-08-27 17:58:47
Чын еле журогундо Кыргыз эли учун иштей турган ою болсо анда биз колдошубуз керек.анан башка кучко кайрылганы болбойт.Кыргызда деле Кучтор бар бирок биримдик жокта биринчи биригип алып ИШ баштасак туура болчудай.
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан