«Ассолдой мага эч ким өзүн арнаган эмес. Мен Ассоль менен гана үй-бүлөдө ушунчалык бактылуу боло аларымды билдим. Буюрса, балдарыбыз бир футбол командасындай болот». Бул сөздөрдү мушкер Алмазбек Раимкуловдун берген маектеринен окуп жүргөнбүз. Эки жарым табышып, бир бүтүндү жараткандай болгон. Бирок гезитибиздин мурунку санында атактуу мушкер жубайы Ассоль Молдокматова экөө ажырашканы тууралуу кабарлаган эле. Буга Ассоль айым эмне дээр болду экен?
– Саламатсызбы, Ассоль? Сиздин жеке жашооңуздагы жагдай азыр көпчүлүккө кызык. Себеби силердин эки жолго түшүшүңөр таң калычтуу болууда...
– Мен шоу-бизнесте көп жыл эмгектендим. Жашоомо болгон көңүл бурууларга капалана да албайм, түшүнөм. Айла жок, мен ушул жолду тандап алгам. Бирок бул менин жакындарым үчүн, өзгөчө уулдарым үчүн оңой-олтоң нерсе эмес. Ошондуктан аларга баарын түшүндүргөнгө аракет жасайм. Кичүү уулум мындай эл көзүндөгү жашоого көнө албай келет. Жан болсо көптү көрүп, түшүнүп калды. Мисалга ошол эле Алмазбек Раимкулов экөөбүздүн сезимдерибизди келтирейин. Бардык кыйынчылыктарды баштан кечирип бүтүп, атактуулук менен эл көзүндөгү жашоонун арыгынан аттай албай калдык. Мен Алмазды жашоосунун эң кыйын учурунда колдогом. Ал кезде Алмаздын эң жакын достору да андан жүзүн бурушкан эле.
– Ажырашууңарга эмне себеп болду?
– Экөөбүздүн кездешүүбүздөн мурун эле аны 6 жылга бокстон четтетишкен экен. Ал жашоосундагы бардык нерсени жоготкон эле: үйүн, машинасын, карьерасын... Мен эч нерсеге карабай Алмаз менен ошол учурда кол кармаштым. Бир учурда 5 жумушта иштедим. Ар 2 жума сайын Америкага учуп барар элем. Үй-бүлөдө эркек дагы, аял дагы болуп калдым. Бирок мындай жашоо мүмкүн эмес эле.
– Бул сүйүү мамилесинин аякташы сизди өкүндүрөбү?
– Биз достугубузду сактап калдык, эч нерсеге өкүнбөйм. Ооба, учурда менин душмандарымдын чырагына май тамып, жеке жашоом тууралуу талкуулар жаралып жатканын билип турам. Бирок мамилебиз туюк жолго камалды. Багыт алчу жол жок, бир орунда тура берүү пайдасыз. Ошондуктан бул тууралуу ойлонуп, күнөөлүүлөрдү издеп, актанып отура берсек, алдыга умтулуу үчүн күч калбайт экен.
– Бизди азапка салган нерсе күчтүү болууга да үйрөтөт дегендейби?
– Туура айтасыз. Бир нече жыл мурун Алматыдагы клиникалардын биринде мага рак дартына кабылганымды кабарлашкан. Ошондо үйгө жеткиче үй-бүлөм, балдарым тууралуу ойлор мени жеп салды. Бирок мен дартка алдырбадым, 2 жылдай оору менен алышып, канчалаган операцияны башымдан кечирдим. Ошол эле учурда океандын аркы бетине учуп, Алмазды колдоп турганым эсимде.
Ал учурдагы менин жан дүйнөмдө эмне болуп жатканын сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Учурда менин жашоом өз нугуна түшүп келе жатат. Бул кыйынчылыктарды мени менен чогуу басып өткөн жакындарыма ыраазымын. Кээ бир ара жолдо калтырган эски тааныштарыма унчуга албайм. Мен рак оорусу менен күрөштүм. Рак бул – жашоонун бүткөнү эмес, аны жеңсе болот. Эгерде адамдын өмүргө болгон ишеничи, максаттары дайын болсо деп айта алам. Мындай сыноолордон кийин мен жашоомо кандай болгон учурда да ыраазымын.
Нуркыз Курманбек кызы
Александра Нарижных
star@super.kg