ӨРДӨК – НЕРВИ ЖУКА КАНАТТУУ

Үй өрдөгүнөн эт, жумуртка гана алынбастан, жүнүнөн жаздык жасалат. Ал тургай жылуу болсун үчүн кышкы күрмөлөрдүн ичине да салышат. Өрдөк өзүнө булардан башка дагы  кандай маалыматтарды камтыйт, карап көрөлү.

ЖУМУРТКА БАСЫП ЖАТКАНДА АЧУУЛУУ БОЛУШАТ
Үй өрдөктөрү жапайы өрдөктөрдөн келип чыккан жана негизинен 4 породасы бар: катардагы үй өрдөгү (ичинен майда породаларга бөлүнүп кетет), илмек тумшуктуу өрдөк (же үрпөк баштуу ак өрдөк), «сүйлөөк же балдырак өрдөк» жана пингвин сымал өрдөк (боюн өйдө көтөрүп, моюнун бийик созуп жүрүшөт).
Өрдөк багууда алардын топтошуп жүрө тургандыгын жана нервдери жука экендигин эске алуу кажет. Анткени алар калыптанган жашоо режими өзгөрүлсө эле жумурткалабай калышат. Өрдөкканадан чычкан же келемиш көрүп калышса, ызы-чуу түшүшүп, ары-бери чуркай башташат. Жумуртка басып жатышканда адамды көрүшсө, катуу үн чыгарып, ал тургай кубалап киришет.

ЖЕҢИЛ СҮЗҮП ЖАНА УЧУУ ҮЧҮН ДЕНЕСИН МАЙЛАП ТУРУШАТ
Өрдөк сууга түшүп чыккандан кийин силкинип, канаттарын калыпка келтирет. Андан кийин улам тумшугу менен чычаңындагы май безиндеги майды сыгып алып, денесин толук майлап чыгат. Бул өмүр бою үзбөй жасалуучу адат. Май менен жакшы майланган канаттары жеңил учканга жана сүзгөнгө жардам берет. Эгер өрдөк кармалуучу жай кир болуп, өрдөктөргө улам сууга түшүүгө туура келсе, анда денесин да улам майлоого туура келет. Мындайда чычаң безине күч келип, сезгенип, канайт. Бездин тегерегиндеги жүндөрү сынып түшө баштайт. Мында да кам көрбөсө, анда өрдөк ооруйт.

«ОПКОКТУГУНА ЖАРАША БАТ СЕМИРЕТ»
Өрдөк багуу тажрыйбасы менен Таластын Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну БАРЧА  ОСМОНБЕКОВА бөлүшөт.
– Өрдөк жемди көп жегенине жараша бат чоңоёт. Жакшы бакса 2 айда союуга жарап калат. Эгер үйгө жакын көлмө же саз болуп, ага коё берсе, суу өсүмдүктөрүн, майда балыктарды, үлүлдөрдү жеп, жем аз коройт. Аккан суу жок болсо, чоң дагарага суу куюп, жанына оонап, тазаланганга күл, кум коюу кажет. Эт багытындагылардын ичинен өзгөчө пекин өрдөгү менен ак өрдөк  бат семирет.
1 өрдөккө 20-30га чейин жумуртка бастырса болот. Кээ бир балапандары жумурткадан чыккандан кийин бир нече саат жем жебей, суу ичпей коёт. Мындайда сүткө чийки жумуртканы кошуп, аралаштырып, пипетка менен ооздоруна тамызып, сууга тумшугун малуу кажет. 1 -2 жолу ушинткенден соң өздөрү жем жеп башташат. Эгер өрдөктөрдүн камалган жайы кир, сыз болуп, аба аз кирип турса, анда өрдөктөр өздөрүн начар сезип, акырындап ооруп калышат. Андайда дарылоо керек.
Организминде витаминдер, кальций жетишпесе, бири-биринин жүнүн чокуп башташат. Мындай кезде жемине борду же жумуртканын кабыгын упадай майдалап туруп кошуп берүү сунушталат. Андыктан жеминен   жемиш-жашылчаларды үзбөө  кажет. Ооруп калышпасы үчүн суусуна кээде арак, жемине болсо ачуу калемпирди аздан кошуп туруу оң.
Кыштын күнү алдыларына көбүрөөгүн саман, азыраагын  таарынды кылып аралаштырып  калың төшөп, түнкүсүн өрдөкканага жарык коюу керек. Жемине жылуу суу же жылуу шорпо кошуп берсе жакшы.

Кызыктуу:

  • Өрдөк 1 мүнөттө 16-34 ирет дем алат.
  • Жүрөгү мүнөтүнө 145-200гө чейин согот.
  • Денесинин температурасы 40-42 градус жылуу.
  • Орточо салмагы 3,5-4 килограммды түзөт.
  • 1 сезондо ургаачысы орточо эсеп менен 90-130 жумуртка тууйт.
  • Жыныстык жактан 5-6 айда жетилет.
  • 18-20 жылга чейин жашайт.
Москвадагы «Өрдөктөргө жол бергиле!» аттуу эстелик. Бул Бостондогу эстеликтин көчүрмөсү.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aikoo2014
2014-05-26 21:06:38
Жожолоруну мынча быжырап соонун жатышат.
0
chyngyz-KG
2014-05-28 03:40:56
нервный екенда корсо,катыйт ошо коргондо
0
toha
2014-05-29 14:52:14
ууга чыкканда ушунча бекинсенде сезип калатда сезгичтери кучтуу иштейт тура
0
Nurik_9597
2014-05-30 01:01:12
Жожолору жакты
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан