ЖУКТУРУУДАН САК БОЛУҢУЗ! МЕНИНГИТТЕН ТӨРТ АДАМ КАЗА БОЛДУ

Менингит дартына кабылгандардын саны Бишкекте күн санап өсүүдө. Быйылкы жылдын апрель айынан бери борбор калаада 68 адам аталган илдетке чалдыгып, анын төртөөсү көз жумду. Каза тапкандардын арасында 18 жаштагы студент менен 3 наристе бар.

МЕНИНГИТ ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?
Аталган дартты бактериялар менен вирустар жаратып, бейтап менен кол алышуу, өбүшүү аркылуу жугат. Оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, колдонгон буюмдары, суусу, тамак-ашы аркылуу жуккан учурлар да кездешет. Эпидемиялык убагы февраль менен апрель айынын аралыгы. Бул мезгилде аба ырайынын туруксуздугунан суук тийгизип алуу оңой болгондуктан оорунун жайылышына шарт түзүлөт. Менингитти убагында дарылабаса, адам өлүп да калышы мүмкүн.
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, соңку 1 жарым ай аралыгында аталган илдеттен улам 25 адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Менингит ар 10-12 жылда бир ирет катуу күчөйт. Буга чейин 1998 жана 2000-жылдары бул ооруга кабылгандардын саны Кыргызстанда көп болгон.

ГҮЛЖИГИТ ААЛИЕВ, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери:
– 1 жарым ай аралыгында биздин ооруканага 68 адам кайрылып, баары тиешелүү медициналык жардам алышты. Тилекке каршы, өтө оор абалда түшкөн 18 жаштагы студент кыз, 1 жашка чыга элек 2 бала менен 1 жарым жаштагы бир наристенин оорусу өтүшүп кеткендигине байланыштуу каза табышты. Оорунун негизги белгилерине токтолсок, баш артка тартылып, кусуу күчөп, бейтаптын дене табы 39-40 градуска чейин жетет. Ымыркайлардын эмгеги көтөрүлүп калат. Дем алуу кыйындап, оорулуу эсин жоготуп коёт. Ошондой эле бут жана жамбаш тарапта жылдызчага окшош темгилдер пайда болот.


 

МЕНИНГИТКЕ ЧАЛДЫККАНДА ТӨМӨНКҮДӨЙ БЕЛГИЛЕР ДА БАЙКАЛАТ:

  • Тамакка болгон табит жоголот.
  • Көрүү начарлайт.
  • Алсыздык менен уйку коштолот.
  • Жөөлүп сүйлөө.

МЕНИНГИТ ЖҮЛҮНДҮН СУЮКТУГУНАН АНЫКТАЛАТ
Менингитти так аныктап алуу үчүн пункция жасалат. Пункция деп шприц аркылуу жүлүндөн суюктукту сордуруп алууну айтат. Суюктук сордурулган соң лабораториядан текшерилип, менингитти козгогучтардын бар же жок экендиги аныкталат. Бейтап өз убагында кайрылып, так диагнозу аныкталса, дартты өз учурунда дарылап алса болот. Тескерисинче, оорулуу өз алдынча дарыланып, ооруканага барбай койсо 1-2 күндө каза болуп калуусу мүмкүн. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнөн бирөө менингитке кабылса, анда үйдөгүлөрдүн баары текшерүүдөн өтүп, эмдөө алганы оң.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл ажылык сапарга жөнөгөн зыяратчылар үчүн менингитке каршы эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Анткени ажылыкта эл көп болуп, оору жугуп, тез арада тарап кетүү коркунучу болгондуктан, Сауд Арабия бийлиги зыяратчылардын эмдөөдөн өтүүсүн талап кылат.

«ООРУНУ ЖҮРГҮНЧҮДӨН ЖУКТУРУП АЛЫПМЫН»
Менингитке кабылгандардын арасында 60 жаштагы РАХМАТЖАН КАЛБАТОЕВ да бар:
– Таксист болуп иштейм. Ооруканага түшкөнгө чейин күндөгүдөй жумушка чыгып, түшкө жуук шалдырап, алдан тая баштадым. Кара куш мээм тартылып, башым жарылып кетчүдөй ооруп жатты. Түнү дене табым 39,5 градуска чейин жетти. Грипп деп ойлогом. Эртеси эс-учумду жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыптырмын. Дарыгерлердин айтымына караганда, ооруну унаага түшкөн жүргүнчүлөрдүн биринен жуктуруп алгам.

«АТА-ЭНЕЛЕР БАЛДАРЫН ӨЗ БИЛГЕНИНДЕЙ ДАРЫЛАШАТ»
ДИНАГҮЛ ОТОРБАЕВА, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору департаментинин инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн жетекчиси:
– Менингитке чалдыккандардын көбү жаш балдар. Бул алардын оорудан коргонуучу иммунитети калыптана электиги менен түшүндүрүлөт. Оорунун белгилери сасык тумоого окшош болгондуктан, ата-энелердин көпчүлүгү наристелери ооруга чалдыкканда өз билгениндей дарылашууда. Натыйжада оору өтүшүп кетип, кыска убакытта эле ымыркай чарчап калуусу мүмкүн. Ата-энелер балдардын мурдунан суу агып, дене табы көтөрүлүп, чыйрыга баштаганда эле төшөккө жаткырып, дарыгер чакыруусу зарыл.
Ооруга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолсом, 2009-жылдан тарта менингиттин оор түрүнө каршы эмдөө акысыз жасалып, натыйжада бул түрү менен ооруган балдардын саны кыскарды. Мындан тышкары бала бакчаларда алдын алуу иштери жүрүп, эгерде бала бакчага келген балдардын арасында табы айныгандары кездешсе, аларга ошол замат жардам көрсөтүлүп жатат. Оорудан сактануу үчүн эмдөөдөн өтүп, бөлмөлөрдү желдетип туруу абзел. Анткени менингитти козгоочу микроб нымдуу абада бат тарайт. Эпидемия жүрүп жаткан мезгилде балдарды эл көп жерлерге алып барбай койгон туура болот. Үйдү жылуу кармап, колду самын менен жууп, тазалыкты сактоо керек.

Темирбек Матаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
orun
2014-05-26 19:39:31
Аллахым өзү ар кандай ооруулардан сактасын. Орулууларга Аллахым шыпаасын берсин!!! Амин!!!
+6
gulka90
2014-05-28 12:34:48
Ар бир адамдын ден соолугу чын болсун,жаман дарттан кудай озу сактасын.
+2
Nurik_9597
2014-05-30 00:55:26
Кудай сактасын!
+1
siezd
2014-06-27 19:55:49
админ сиздерден сураныч. Черепной давление жонундо маалымат берип коюнуздарчы Гонорея (эркектердин оорусу) жонундо да
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан