Бакыт Тынайбеков:«СҮЙӨМ ДЕП ОҢОЙ МЕНЕН АЙТА АЛБАЙМ»

Бүгүнкү каарманымдын жүзү сизге «Көк салкын» комедиясындагы Бакуля, «Сүйөм дечи» тасмасындагы Адыл жана бир нече жарнамалык түрмөктөрдөн тааныш болсо керек. «Актёрдук мен үчүн кесип эмес, жөн гана хобби» деген актёр Бакыт Тынайбеков биздин маек төрүбүздө.

– Салам, Бакыт, акыркы жолу бизге былтыр маек берген элең, андан бери кандай өзгөрүүлөр болду дегендей?
– Кандайсың, жакында эле мен тартылган комедия жанрындагы тасманын бет ачары болду. Андыктан иштер жакшы, буюрса, «иштеген тиштейт» дешет го, тиштерим да жакшы. Былтыркы жылдан бери өзгөрүүлөр деле байкалган жок. Былтыр Юридикалык академияны аяктагам, кинолорго тартылып жатам, эми өз кесибим менен жумушка орношсом эле баары жайында болот.

– Жумушка орношсоң актёрдук карьераң аксап калбайбы?
– Актёрдук мен үчүн кесип эмес, жөн гана хобби. Ал менин жашоомдо 3-4-орунду ээлейт. Өз кесибим менен иштөө, үй-бүлө куруу деген нерселер андан өйдөрөөк турат. Кол бошосо тартылып коём, бошобосо жок, киного тартылбай калдым деп трагедия кылбайм.

– Дегеле бир жылда канча киного тартыласың?
– Мен өзүмө бир жылда бир киного тартылсам болот деп лимит коюп койгом. Андан көп киного тартылсам деле болот, мисалы, 5-6 киного. Бирок эл тажап калабы деп корком. Тиги кинотеатрга барса деле мен, бул жагында деле мен жүрсөм тажап калышат да. Кызыгы, акыркы тартылган эки тасмам тең мага кайгы алып келди. «Сүйөм дечи» тасмасына тартылып жатканда таенем каза болгон эле, «Жыйырмадагы чал-кемпир» комедиясына тартылып жатканда чоң таенем, бет ачарына жакын байкем каза болду. Эми тартылгандан деле коркуп калдым.

– Киного тартылууга сунуш түшкөндө режиссёруна карап тандап тартыласыңбы?
– Сөзсүз, ар бир актёр үчүн тартып жаткан режиссёр кызык. Эгер профессионал болсо иштөө оңой болот. Ал эми өз ишин начар билген режиссёр болсо, анда актёрлор менен кошо бүт тартуучу топтун боткосун чыгарат. Режиссёр – адамдын башы болсо, анын ассистенттери – көзү, актёрлор – колу-буттары, операторлор – кан тамыры. Ошонун баарын режиссёр гана жөнгө салып турушу керек. Кино жаман чыкса, ага толугу менен режиссёр күнөөлүү. Эптеп-септеп кино тартып жүргөн режиссёрлор бар, алардын атын атабаса деле эл билет болуш керек. Мисалы, мен киного тартылсам сөзсүз бүт иш процессине аралашып, өз оюмду айтканга аракет кылам. Айтпасам бук болуп кетем. Анан да сценарийди толук окубай тартылган жагат. Анткени кино эмне менен бүтөрү өзүмө да кызык болот. Эпизоддорунда эле «мындай тартыласың, тигиндей» деп айтып турса болду.

– Гонорарыңдын суммасын өзүң айтасыңбы же режиссёр баалайбы?
– Жок, гонорарды өзүм айтам, «ушунча бересиң» деп. Эсептешпесең азыркы жашоодо болбойт, актёрдун эмгегин жеп, эч нерсе төлөбөй койгон режиссёрлорду деле көрүп жүрбөйбүзбү.

– Тартылган кинолордун арасынан кайсы каарманың өзүңө окшош?
– «Сүйөм дечи» тасмасындагы Адыл экөөбүздүн окшоштугубуз бар. Негизи эле кыргыздын жигиттери «сүйөм» деп оңой менен айта алышпайт эмеспи. Ал нерсени сөз менен эмес, кылган иши, мамилеси аркылуу билдиришет. Мен да «сүйөм» деп оңой менен айта албагандардын катарына кирем.

– Кызык экен, ал сөздү укчу адам барбы анан?
– Ошол нерсе сыр бойдон эле калсынчы (күлүп).

– Кеп нугун үй-бүлөңө бурсак, үйдө чыгармачылыкка жакын адамдар барбы сенден башка?
– Ата-энем экөө тең чыгармачылыктан алыс адамдар, дегеле менин тукумумда чыгармачылыкка жакын адам болбоптур. Апам бала бакчада тарбиячы, атам Нарындагы бир фирмада иштейт. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен эң улуусумун, менден кичүү 4 карындашым бар. Бир карындашым турмушка чыгып, балалуу болгон.
Үйдөгүлөр чыгармачылыгыма түз көз карашта. Жалгыз эркек болгонума карабай эрке өскөн жокмун, кичинемден ата-энемден акча сурабай өзүмдү өзүм бакканга аракет кылчумун. Бишкекте жүргөндө темир жолдо жүк ташуучу, кафелерде официант болуп иштечүмүн. Чынын айтайын, студент кезде официант болуп иштесең эң бай адамсың. Курсагың ток, тамак даяр, кардарлардан арткан тамактар эмес, таптаза эле тамактар (күлүп), акчаң жаныңда дегендей. Азыр студент официанттар окуп, мени түшүнүп жатса керек. Бардык официанттарга салам!

– Үйдүн улуусу экенсиң, үйдөгүлөр «бизди качан келиндүү кыласың?» деп тажатып жатса керек?
– Жок, үйдөгүлөр антип тынчымды алыша элек. Мен деле шашпай элемин. Айтор, учурда башым катып жатат, ушул тууралуу ойлонуп. Буюрган күнү үйлөнөрбүз.

– Кыздарга болгон табитиң мурдагыдай элеби?
– Ооба, ошондой эле, далдаке, тарс-тарс сүйлөгөн эркек мүнөз, «дикий» кыздар жагат (күлүп). Бирок мурун баары менен эле тааныша берсем, азыр тереңирээк иликтегенге өттүм. Балким, талаптарым күчөдүбү же токтолуп баратамбы, билбейм. Кыздарга болгон табитим эле эмес, мүнөзүм да ошондой болуп калды. Негизи ойлонуп кылган нерсенин жыйынтыгы жакшы болот экен, ал эми шашсаң чала-була бүтүп калып убара болосуң. Шашып үйлөнгөндө эмне, андан көрө жакшылап байкаштырып көрүш керек.

– Учурунда «кап, ушул киного мен тартылышым керек эле» деп өкүнгөн кездериң болгонбу?
– Мен тартылган кинолор деле жаман эмес деп ойлойм. Ал эми ушул киного тартылышым керек деп жан талашкан жокмун. Кинодо болбосо, балким, башка тармактан ийгилик жаратармын.

– Маегиңе ыраазычылык.

«Саяктар» командасындагы жигиттер менен жакшы катыштабыз».

«Сүйөм дечи» тасмасындагы Адыл экөөбүз окшошпуз».

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бакыт Тынайбеков: "Оорукчан кишинин образын жараткым келет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
-detka-
2014-05-26 09:20:20
Красавчик! Ото ото ото ото отооооо эле жагат мага ушул жигит! Иштеринизге ийгилик!
0
suyom_seni
2014-05-26 09:31:28
жакшы бала.)
0
aikol87
2014-05-26 10:27:24
Суйом дечи тасмада аябай сонун аткарган. Мага жагат.Чыгармачылык ийгилик.
0
alibekova94
2014-05-26 16:30:08
Ммм да)) соонун жигит ! Суйом деп оной айтпаганыныз абдан жакты!
0
danilka
2014-05-26 20:37:53
Жонокооой балаго, иштерине ийгилик...
0
Feijipiao
2014-05-27 10:57:25
"Суйом дечи" тасмасында жакшы аткарган экен,жакшы,жонокой жигит корунот.Ийгилик коштоп журсун дайыма Бакыт мырза!
0
mekusha
2014-05-28 04:53:16
жакшы жигит экен акыл эстуу
0
Anyta2202
2014-05-30 18:34:57
Мага "суйом дечи" тасмасындагы образы ото жакты. Сага ийгилик коптогон кинолорго тартылып эл алдында журо бер.
0
Boldukan86
2014-05-30 19:47:12
талантын бар. аткарган ролдорун баары жеткиликтуу. ийгилик
0
mikatagaev
2014-06-01 18:15:57
Osh bazarda kartoshka satchu bele kop korchumun, produktaga barganda
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан