ӨЗ ҮЙҮНӨН МЭЭРИМ ТАППАГАНДАР

Ысык чай сунган эне, маңдайдан сылап эркелеткен ата жанында болсо, балалыктын бакытка толгон кесеси ошол эмеспи. Аттиң, бирок беш кол тең эмес. Арабызда тагдырдын бороонуна буюгуп, балалыктын ширин доорун татпай калгандар бар. Сөз кароосуз калган балдар тууралуу болмокчу.

“Кышкысын балдардын агымы көбөйөт”

Боз ала чаң болуп көчөдө кайыр сурап же жөн гана базарларды аралап жүргөн жаш балдарды көрүп, буларды эмне үчүн ата-энеси карабайт деген суроо ар бирибизде эле пайда болот. Албетте, мындай балдарга да кам көрүлбөй койбойт. Борбор калаабызда кароосуз калган балдарды калкалоочу жайлар жок эмес. Тынчтык проспектиси менен Новая көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан мына ушундай жайлардын бирине барып, кароосуз балдар маселеси тууралуу борбордун директорунун орун басары Солошенко Елена аттуу айымга суроо узаттык.

– Елена, учурда сиздердин камкордугуңуздарда канча бала бар?
– Биздин мекеме 70 орунга ылайыкташкан. Мынча бала деп так айта албайм. Себеби күн сайын балдардын саны өзгөрүп турат. Кышында 80ден да ашып кетет. Үйүнөн качып кеткен балдардын көбү ар кайсы жерде түнөп жүрө беришет да. Анан ызгаардуу кышта бизди өздөрү издеп келип кайрылышат.
– Балдар кандай кырдаалдарда бул мекемеге алынып келинет?
– Биз айына бир жолу Социалдык коргоо кызматкерлери жана дагы ушуга окшогон тиешелүү органдар менен бирдикте рейддерди жасайбыз. Негизинен, базарларга, коомдук эс алуу жайларына көп басым жасалат. Көбүнчө үйлөрүнөн качып кетип чөнтөкчү болуп жан багып же кандайдыр бир кафе же ашканалардын майда-чүйдө жумуштарын аткарып, курсагын тойгузуп жүргөн жерлеринен балдарды алып келебиз. Атасы, энеси же туугандары таштап кеткен учурлар да болот. Азыр көбүнчө мекендештерибиз чет жерлерге иштеп кетип жатышпайбы. Мындай учурларда да балдарын бизге убактылуу ташташат. Ал эми кээ бир эс тартып калгандар биздин мекемени өздөрү да издеп келишет. Эркин жашоону каалап жакшынакай үйүнөн качып кетип, суукка тоңгондо бизге кайрылгандар да аз эмес. Кээде мындай балдарды ата-энесинин колуна тапшырсак, кайра качып келген учурлар болот.
– Сөзүңүзгө аралжы, балдар өздөрү келсе, дароо эле кабыл алынабы?
– Учурда бизде 2ден 17 жашка чейинки балдар бар. Ал эми өздөрү келген балдарга алгач арыз жаздырып, жакындан таанышкан соң кабыл алабыз. Бул эми арыз жаза алгандарга тиешелүү. Ал эми жаза албагандар, мисалы, кичинекейлер жөн эле кабыл алынат. Аларды көчөгө калтырмак белек. Алгач алар менен биздин психологдор иш алып барышат. Анан дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүшөт. Психологдун көзөмөлүнөн өткөрүүнүн себеби бар. Анткени көпчүлүк учурда балдар өздөрүнүн эмне себептен бизге кайрылып калганын айткандан тартынышат. Акырындык менен алардын жан дүйнөсүнө жол тапкандан кийин гана ата-энесин издештирүүгө киришебиз. Муну экинчи этап деп койсок да болот. Көбүнчө бизге келген балдардын ата-энелери ичип кеткен адамдар болуп чыгат. Биз баланы ата-энесине тапшыруудан мурда көп кырдаалдарды карайбыз. Кошуналарына чейин сурап, ал үй-бүлө тууралуу маалымат алынат. Ата-эненин баланы бага ала турган шарты болсо гана балдар кайтарылып берилет.
Таптакыр томолой жетимдер да аз эмес. Документтер топтолгондон кийин балдар интернатына өткөрүлөт. Негизинен, балдар бизде жарым жылга чейин кармалат. Азыр көбүнчө Ош, Нарын, Ысык-Көлдөн келген балдар басымдуулук кылып жатат.
– Балдардын билим алуу жагы кандай болот?
– Балдар келишим түзүлгөн мектептерде билим алуусун улантышат. Мисалы, биздин мекеменин балдары №25, №69, №48 мектептерден билим алышат.
Елена айым менен сүйлөшүп короого чыксак, мотурайган бөбөктөр ойноп жүрүшүптүр. “Булар биздин балакайлар” деп тааныштырды тарбиячысы. Көздөрүнө жаш толгон кетирекей мурун балага көңүлүбүз бурулду.
– Сени бирөө таарынттыбы?
– Жок. Силер бизге келди­ңерби?
– Ооба. Атың ким?
– Даниель. Мен үс жастамын (үч манжасын көрсөтүп). Менин досум бай.
– Апаң, атаң кайда?
– Бийбейм,- деп ийинин куушурган баланын таттуу жообун угуп, бир үшкүрүп алдык.

“Ашпозчу болгум келет”

Кол кармашкан эркекти, аялды, түтүн чыгып жаткан үйдү кагаз бетине тартып отурган кыз менен тааныша кеттик. Аты Гүлназ экен.
– Сүрөт тартканды жакшы көрөсүң го?
– Бактылуу үй-бүлөнүн сүрөтүн тартканды жакшы көрөм. Кийин мен бактылуу үй‑бүлө куруп, ата‑энемдин катасын кайталагым келбейт. Анан да ашпозчу болгум келет.
– Кыялың ишке ашсын. Бул жакка кантип келип калдың?
– Атам менен апам ажырашып кетишкенден кийин апам алып келген болчу. Азыр апам Таласта болушу керек. Бир эжем бар. Ал Казакстанда, ошол жакка турмушка чыгып кеткен боюнча көп байланышпай калган.
– Апаң кайрылып келди беле?
– М-мм... Ооба. (Мындай суроолорубузга мукактанып жооп бере албай жаткан кыздын абалын көрүп, сөздү башка нукка бурдук).
– “Ашпозчу болгум келет” деп калдың, бул жактын тамак-ашын сындап бербейсиңби?
– Рахат эжебиз тамакты жакшы жасайт. (Ашпозчуну айтып жатат). Бош убактымда ага жардам берип, көп нерсени үйрөнүп жатам. Майрам күндөрү дайыма манты жасалат. Бизде жасалган манты даамдуу.

“Жакында мени алып кетем дешкен”

10 жаштагы Регина аттуу кыз өзү тууралуу сурасак, мына буларды айтып берди:
– Атам менен апам арак ичишкендиктен, мени чоң энем багып алган эле. Биздин үйдө жаңжал көп чыкчу. Эжем, анан сиңдим бар. Мени эжем бул жакка алып келип таштап кеткен. Алып кетем деп убада берген. Бирок келе элек. Менин бул жакка келгениме 4 айдан ашып кетти. Качан келет деп күтүп жүрөм. Мага үйдө жашаган жагат. Арак ичишсе деле ата-энем менен чогуу жашагым келет...

“Мен өзүм эле келдим”

Настя аттуу кыз бул жакта канча убактан бери жашап жатканын айткысы келген жок. Ал өзү жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду:
– Менин бул жакка келишиме үйдөгү кырдаал түрткү болду. Апам каза болгондон кийин атам көчө таптап эле ичип калды. Бир байкем бар, ал өзү менен өзү алек. Бул жакка өзүм келгенмин. Тарбиячыларымды абдан жакшы көрөм. Бир чоң үй-бүлөдөй жашайбыз. Бирок кээде кыздар урушуп да кетебиз. Мисалы, бизге жардамга келген кийим-кечектерди кээ бир кыздар чак болбосо деле жанталашып алып алышат. Анан чоң кылып шалбыратып кийип жүргөнүн көрсөк, бизге бергиле деп талашып калабыз. Алар бизге каршылык көрсөтпөй койбойт. Тарбиячылар талашыбызды чечишет. Бирок бул жерде үйдөгүдөй каалаган нерсеңди кыла албайсың. Тарбиячылар бизге “мунун баары убактылуу нерсе, силердин келечегиңер өзүңөрдүн колуңарда” дешип, акыл-насааттарын көп айтышат.

“Атам-апам кайда экенин билбейм”

Атын Нурбол деп тааныштырган 12 жаштагы бала ата-энесинин кайда экенин билбей турганын, аларды сагынганын айтып, бышактап ыйлап алды. Бул жерге эмне болуп келгенин да айта алган жок. Болгону, Нурбол өзү гана эмес, бул жерде бөбөгү да жашаарын айтты.

Балдар – биздин келечегибиз. Ал эми келечек ээлеринин пайдубалы балалыкта түптөлөт эмеспи. Дал ошондой маалда тагдырдын соккусуна урунган мындай балдардын кийинки жашоосу кандай болот деген ой бизди кыйнап жатты...

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан