МЫКТЫ КЫЗМАТТАШУУ – АЛДЫГА КАДАМ

Ысык-Көл аймагындагы бир нече ишканалар «Кумтөр» компаниясы менен кызматташып келет. Өлкөбүздүн эң ири компаниясы аталган ишканалардын продукцияларын үзгүлтүксүз пайдаланып, алардын туруктуу кардары болуп саналат. Алсак, Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылындагы «Aiko Seiko» тигүү цехи, Түп районундагы Жылуу-Булак айылындагы «Сүт Булак» сыр чыгаруучу заводу жана Тоң районундагы балык чарбачылыгы менен алектенген жеке ишкерлерди айтсак болот.

Ак-Суу району, Жаңы-Арык айылы
УНИФОРМАЛАРДЫ ТИГҮҮЧҮ ЦЕХ
Ысык-Көл облусуна караштуу Жаңы-Арык айылында «Aiko Seiko» тигүү цехи «Кумтөр» компаниясынын кызматкерлерин атайы кийимдер менен камсыздайт.
Бул фирма 2004-жылы ачылып, ошондон тарта кен казуучу ишкана менен кызматташып келет. Бул жерде ай сайын 400-500 комплект кийим тигилет.

МЕДЕР ТОКТАЛИЕВ, цехтин менеджери:
– Биздин фирма ачылганда эң биринчи кардарыбыз «Кумтөр» компаниясы болгон. Ошондон тарта  кызматташып, атайы кийимдерди тигип беребиз. Кийимдер кайсы жумушчуга ылайык болсо, ошого жараша тигилет. Мисалы, механиктер үчүн же айдоочуга атайы тигилген кийим жана башка. Бул компаниянын заказдары биздин бардык тапшыруулардын 20 пайызын түзөт. Униформалар бышык материалдан тигилет жана бардык стандартка жооп берет. Биздин кардарларыбызды толугу менен канааттандырат.

Түп району, Жылуу-Булак айылы
«СҮТ БУЛАК» СЫР ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОДУ
Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылындагы «Сүт Булак» сыр чыгаруучу заводу «Кумтөр» компаниясын жумасына миң килограммдай сүт азыктары менен камсыз кылат.

«Сүт Булак» ЖАКсынын башкаруучусу ВЛАДИМИР МАКАРЕНКОнун айтымында, завод 1996-жылдан бери иштеп келет.
– Азыркы учурда бул заводдо 50дөн ашык кызматкер иштейт. Алар бул айылдын эле жашоочулары. Иш көбөйгөн учурда дагы кошумча жумушчулар алынат. Заводдо сырдын 3 түрү, май жана башка сүт азыктары чыгарылат. Ал эми сүттү Түп районунун айылдарынан чогултуп келебиз. Биздин продукция бардык талаптарга жооп берет. Биз ачылгандан тарта «Кумтөр» менен кызматташып келебиз. Алар башында сыр менен май эле алышкан болсо, учурда каймак, быштактарды да алып жатат. Жумасына 1 тоннадай сүт азыктарын алып турушат.

Тоң району
ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР БАЛЫК МЕНЕН КАМСЫЗДАШАТ
Ысык-Көл облусунун Балык чарбачылык ассоциациясы «Кумтөр» компаниясын жумасына 1 тонна балык менен камсыз кылат.

КАМЧЫБЕК ЧОТОЕВ, Балык чарбачылык ассоциациясынын директору:
– Ысык-Көл облусунун Балык чарба ассоциациясынын карамагында 40тан ашык балык чарбасы бар. Алардын 35инде атайы көлмөлөрдө балыктын 3 түрү багылат: форель, сазан жана карп. 2 ай мурун «Кумтөргө» көргөзмө катары 100 килограмм форель жөнөткөнбүз. Эми май айынан тарта 1 тоннадан жөнөтөбүз. Алар балыктын тазаланганын гана алышат. Бул жергиликтүү ишкерлерге жакшы өбөлгө болуп, иштин жүрүшүнө түрткү берет.

Адилет Керимбек уулу
Влад Ушаков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-05-26 19:41:42
негизи бу ишкана жакшы долбоорлорду колдоп келет, мен дагы бу ишмердуулукту колдойм
+1
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан