«КӨЧӨДӨ КАЛГАНДАН КИЙИН ҮЙ АЛЫШЫМ КЕРЕК ДЕП ЧЕЧКЕМ»

Бул ирет «2013-жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын ээси Нурлан Насиптин ак өргөөсүнө баш бактык. Анда ырчы мырза сиздерди үйү менен тааныштырып өтсүн.


«АЗЫР ЭЛЕ ҮЙЛӨНГҮМ КЕЛИП ТУРАТ»

– Салам, Нурлан, үйүңдү оңдоп-түзөп бүтүп калыптырсың...
– Ооба, 2 ай дегенде араң бүтүрдүм. Бирок дагы деле жасачу жумуштар бар.

–Үйүңдү алганыңа канча болду?
– Былтыр ижарага батир алып жашачумун. Бир күнү ал батирдин ээлери келип, «сатмай болдук, кечирип кой» деп көчөгө чыгарып коюшту. Буюмдарымдын баарын машинама жүктөп алып көчөдө калдым. Отурам каякка барарымды билбей, анан атама чалдым, «үй албасак болбойт» деп. Ошентип, былтыр август айында ушул үйдү сатып алдым. Карызга алгам, бутум-бутума тийбей чуркап иштеп жүрүп үйдүн акчасынан кутулдум.

– Эми үйлөнүү эле калыптыр да?
– Чынын айтсам, үйлөнүп алгым келип турат.

– Байкасам, үйүңдө керебет жок экен...
– Азыр жалгызмын, үйлөнгөндө алам деп жатам (күлүп). Же жубайымдын себине кошо келеби, Кудай билет.

– Үйүңдү жасалгалоодо атайын дизайнерлер менен иштештиңби?
– Жок, кайдан, таежем эмеректерди тандашты, атам баш-көз болуп, мен акча таап келгич болдум. Тапкан акчамдан миң сом алып калам да, калганын атама карматам, кез-кезде келип «ии, бул жери бүтүп калыптыр» деп көрүп коём. Кыскасы, бардыгыбыз аралашып бүтүрдүк үйдү.

«Бул менин конок тосчу бөлмөм. Терезелерге атайын калың пардаларды илгенбиз, аларды жаап алып, бул диванда чалкалап кинотеатрдагыдай болуп кино көрөм деген үмүттө».

«Бул жанагы мен айткан кинотеатрга жакындаштырылган сыналгы. Эмерек болсо атайын колго жасалган. Анын үстүндө мен алган дипломдордун чакан көргөзмөсү турат».

«Экинчи бөлмө менин уктоочу бөлмөм жана музыка жаратуучу жайым. Хит ырлардын баары мына ушул жерде жаралат».

«Минтип күйөрмандарым үчүн плакаттарды жана ырлар жыйнагын чыгарып койгом. Сурагандар көп, ошондуктан дайым камдуу жүрөм».

«Байкасаңыздар, башка дипломдордон айырмаланып «Супер-Инфонун» сыйлыктары атайын сыйлуу төрүмдөн орун алган. Ушуларды карап эргүү келет».

«Назарыңыздарда ашкана, негизи башында башкача түстө жасалмак. Бирок мен Москвага барып келсем, үйдөгүлөр ушундай кылып жасап коюшуптур».

«Үйдү сатып алганда бардык нерсе эскирип кеткен экен. Минтип жуунуучу бөлмөдөгү майда-чүйдөгө чейин алмаштырып чыктым. Азыр баары жаңы».

«Бул менин күйөрмандарымдан келген белектер. Мындай белектер батириме батпай калгандыктан, жарымынан көбүн айылга кетиргем».

«Үйүм чакан болгону менен, атайын бир тартма толтура МАИчи байкелерге диск чыгарып койгом. Токтоткондун баарына берем. Жакында бир байкеге диск жок сыртын эле берип коюптурмун, уялып жатам».

«Бул унааны да жаңы алдым. Жаңы үй, жаңы унаа, кыскасы, баары сонун».

«Мына, менин эки бөлмөлүү батирим менен таанышып чыктыңыздар. Сиздерди тааныштырган Нурлан Насип, коноктогон анын үй-бүлөсү болду».

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип: "Үй алдым, эми кожейке керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (70)
ttatt
2014-05-28 22:10:07
Азамат!
0
raxelya
2014-05-29 17:27:57
iii tompok dese ,ananayun go dei bere tyrgan bala da.tiwteri ele bir ykmyw ,syigyn4yktyy jigit.azamat ,tarbialyy jonokoi jigit.kydayum batasun bersin!!!
0
elzat150498
2014-05-29 21:01:09
Бактылуу бол.баары озуно буюрсун.
0
samira.0907
2014-05-30 00:27:13
Ылайым эле Аллахым пешененизге ыймандуу кыздарды жазган болсун.Бактылуу болун
+1
Salamat_87
2014-05-30 12:06:28
Kuttuu ui bolsun
+1
Mahfuza
2014-05-30 19:53:51
Нурлан уйунуз кут болсун сизге ийгилик
0
Rinatik94
2014-05-30 21:57:01
Азамат! Кыйын ырчы.
0
Elaman123a
2014-05-30 22:19:12
азаматсын
0
Elaman123a
2014-05-30 22:20:44
эгер кооп болсон сага коп кыздар квзыгып журот аны сен билесин ошолордун баары сага тийип алмак
-1
Elnuram090
2014-05-31 02:47:31
бирок кухнянын жасалгасы анча окшобой калыптыр ваннага окшоп,кут болсун уйун озуно буйурсун.
0
ASYL91
2014-05-31 10:03:55
Азаматсыз НУРЛАН АВА чыгармачылыгынызга ийгилик!
КОШУНУНУЗ КУТ БОЛСУН"
0
aitosan
2014-05-31 14:00:22
Abdan jakshy korom! Ar daiym bar bol,chygarmachylyk iigilik,chyn den sooluk, yimanduu,seni chyn jurokton suigon omurluk jar kaalaim!
0
dastan13-99
2014-06-01 17:38:47
салам супер инфонун озуно кат кетпей жатат ко,кайсы дарек боюнча жазсам болот
0
admin_superstan
2014-06-02 12:58:22
dastan13-99, info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазыңыз.
0
yzat_kg
2014-06-02 02:21:08
салам алейкум Нурлан Насип кыскасы ийгилик ийгилик ойлогон жакшы максаттарынызга жетиниз
0
mekajan89
2014-08-28 13:40:24
Salam Nurlan nasip atyna saty jarawkan mykty jigit, uiun AK joltoi bolsun, arkasynan AK joolukchan jakwynakai seni syilagan kyz kelsi,. B men taikemdikine bargan saiyn nurlandyn uiun, mawinasyn sossuz karap ketem.
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан