16-май күнү ачылган «Канн» кинофестивалынын алкагында жаныбарларды коргоо боюнча уюштурулган кечеде америкалык актриса Памела Андерсон жашоосундагы эң оор сырын ачты. Дегенибиз, актриса аталган кечеде сөз сүйлөп жатып 12 жашында ал зордуктоого кабылганын кабарлады: «Мен досумдун үйүнө конокко барып, анын улуу агасы мага нарда ойногонду үйрөтөм деп, андан соң белимди укалаганга өттү, жыйынтыгы мени зордуктоо менен аяктады. Ал 25те, мен 12 жашта болчумун». Бул актрисанын зомбулукка акыркы жолу кабылышы эмес экен. Кийин 15 жашында сүйлөшүп жүргөн жигити аны алдап 6 досу менен зордуктап кеткендигин айтып баарынын оозун ачырды.
«Ал учурда мен жер бетинен жок болуп кетким келчү. Ата-энем менин жанымда эмес эле. Атам ичимдикке берилип, апам бизди багыш үчүн эки тармакта иштечү. Ошол мезгилдеги оор кайгыдан мени жаныбарларга болгон сүйүүм куткарды» деп кошумчалап, жаныбарларды акыр-аягына чейин коргоорун баса белгиледи.
Султан Төрөбеков
star@super.kg