Поп музыканын падышасы атыккан Майкл Жексон чыныгы талант эч убакта өлбөстүгүн дагы бир ирет далилдеди. Акыркы замандын жетишкен технологиясынын жардамы менен голограмма (сүрөттү лазердин жардамы менен кыймылга келтирүү) аркылуу «тирилген» Майкл 18-майда Лас-Вегас шаарында өткөн «Billboard Music Awards» музыкалык сыйлык тапшыруу аземинде сахнада ырдады. Анда ырчынын фирмалык бийлери, анын атактуу кадамы аткарылып, чебер бийчилердин коштоосунда көркүнө чыгып, көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырды. Эскерте кетсек, ырчынын өлгөндөн кийин жарыкка чыккан «Xscape» аталышындагы альбому азыр дүйнөлүк чарттарда алдыңкы орундарды багындырууда.
Султан Төрөбеков
star@super.kg