9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата 8 миллион сомдук баш байгеси менен «Белек» лотереясы КТРК каналында утушун өткөрдү. Бул күн каарманыбыз Тилек үчүн унутулгус кундөрдөн болуп калат, анткени ал Кыргызстандын жаңы миллионери болду.
15-май күнү «Элдик лотереянын» өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына барышып, 8 миллион сом жана 3 кишиге
400 миң сомдук ири утуштарын тапшырып келишти.
Адаттагыдай байге тапшыруу аземи абдан жакшы атмосферада өттү. Жеңүүчүлөр кубанычтарын жашырышкан жок, албетте, мунун себеби баш байге болду.
Бул жолку миллионерибиз Ысык-Көл облусунан ТИЛЕК болду. Ал утушту кантип короторун төмөнкүдөй айтып берди:
– Үй-бүлөмдүн максаты эми ишке ашты десем болот. Бишкектен үй алсак деген көптөн бери тилеп келе жаткан кыялыбыз бар эле. «Элдик лотерея» бизге ал мүмкүнчүлүктү сунду жана жеке эле кыялыбызды орундатпастан биздин ишенимибизге дагы кирди. Лотерея көп ойночу эмесмин, келиним жаңы жылдан бери ойноп келе жатат, ар утушту үй-бүлөбүз менен чогуу көрөбүз, 9-май күнү өткөн утушта 7 билет алганбыз. Бир билетибиз дароо 200 сомдук утушка ээ кылды, ал эми бул жолу билеттин бардык сандары туш келип жатты, акыркысына жеткенде, мүнөттөр жай өтүп калгансыды, дагы 1 сан туура чыкса дегенде эле чыгып калды. Биринчи сүйүндүм, анан шектендим, кыскасы, бул акчаларды Ысык-Көлгө чейин алып келип бермейинче эч ишене албадым. Кыргызстандыктарга каалаарым, мендей миллионер болуунун ырахатын таткыла, ал үчүн «Белек» лотереясын алып ойногула, уткула!
Ири байгелерден 400 000 сомду утуп алган ИЛГИЗ Бишкекте соода менен алектенет:
– Утуш күнү мен жумушумда болчумун, келинчегим телефон чалып, «400 000 сом утуп алдык» десе ишенген эмесмин. Лотереядан утат дегенге ушул убакытка чейин эч ишенбечүмүн, эми миллионду утуш үчүн ойнойм.
Дагы бир жеңүүчү САПАРААЛЫ кубанычы менен мындайча бөлүштү:
– Апам жана кичинекей карындашым болуп ЦУМга келгенбиз, кыдырып жүрүп лотерея көрүп калдык, апам тандап алган. Ошол үчүн утушту ага берем.
АЙЗАДА дагы «Белектен» 400 000 сом утуп алгандардын бири. Кош бойлуу болгондугуна байланыштуу эмгек өргүүдө:
– Билеттерди «Дордойдон» алганбыз. Мындан мурунку утуштарга да катышкам, ырымдап 5-6 билеттен алып койчумун.
«Элдик лотереянын» өкүлү АЛИНУР ОРМОН уулу куттуктап гана тим болбостон «Белек» лотереясын ойногондорго маанилүү маалыматы менен бөлүшө кетти:
Кийинки утуш 15-июнда КТРК каналында саат 19:00дө өткөрүлмөкчү. Анын да баш байгеси 8 000 000 сом, бирок 2-категориядагы байге 700 000 болгондуктан, кызыктын баары алдыда.
«Элдик лотерея – Ойноп жаша!»