КҮЛҮКТҮ КҮЛҮК КЫЛГАН САЯПКЕР

«Ат – адамдын канаты» дешет кыргыздар. Ат канчалык күлүк болсо да, аны таптаган саяпкер начар болсо, күлүктөр байгеге эч илинбейт. Ата-бабадан калган салтты улап борбор калаадагы «Аккула» ат майданында тулпарларды таптап келе жаткан саяпкер ЭРКИНБЕК ЖОЛДОШБЕКОВ менен баарлаштык.

– Саяпкерликти кандайча баштап калдыңыз эле?
– Бала чагымдан бери жылкы таптаганга кызыгам. Атама жардамдашып, күлүк чаап чоңойдум. Балалыгым Таласта өттү. Чоң атам саяпкер киши эле. Ошо кезде Сурат деген күлүктү таптап, мени бастыртканы эсимде. Ал эми атам 40 жылдан ашуун колхоздун жылкысын бакты. Ал кезде бир-эки эле атты таптаганга уруксат берчү. Армиядан кийин улакка түшүп жүрдүм. Азыр небере күтүп калсам да, күлүк таптаганымды таштабайм.

– Аргымакты таптоо жана мелдешке даярдоо тартибин айтсаңыз...
– Ат таптоонун атайын эрежеси жок. Ар бир атка өзүнчө мамиле жасалат. Аттардын мүнөзү адамдар сыяктуу ар башка. Жылкыны таптоого кеминде 6 айдан 1 жылга чейин убакыт кетет. Жылкылар арасында ат чабышка, улак тартышка түшкөндүгү же түшпөгөндүгү даана эле байкалат. Мелдешке катышып жүргөн аттар суутулуп калат. Аларды мелдешке 4 ай калганда даярдап баштайбыз. Өтө арык жана өтө семиз аттар тапталбайт. Күлүк таптаганда алгач бастырып, андан соң жайдан чурката баштайсың. Табын бузуп албоо үчүн күлүктү оор жүккө салууга болбойт. Мелдешке жакын калганда терин алып, күлүктү чыйралтуу керек.

– Аларды бакканга канча каражат сарпталат? – Жылкы баласына назик мамиле жасап, табитине жараша жем-чөбүн бериш керек. Себеби бири жем, чөп көп жесе, бири аз жейт. Күлүктөргө убагы менен жем, суу берип туруу керек. Ошолорго эле бир атка ай сайын 7-10 миң сом сарпталат.

– Азыркы маалда таптап жаткан аттарыңыз тууралуу айтып кетсеңиз...
– Азыр жорголорду таптап жатам. Казакстан ажосу Нурсултан Назарбаевге тартуу кылынган Падишах аттуу аттын тукумунан болот. Аты – Айтамга. Ал азыр 3 жашта. Мелдештерге чыга элек. Буюрса, келечекте мыкты күлүктөрдөн болот деп турам.

– Илгери Толубай сынчы аттын дүбүртүн укканда эле кандай аргымак келе жатканын билип койчу дешет. Азыркы убакта Кыргызстанда саяпкерлик кандай деңгээлде деп айта аласыз?
– Бизде ата-бабабыздан калган мыкты өнөрдү улаган мыкты саяпкерлер бар деп айта алам. Коңшу Казакстанда өткөн ири мелдештерде биринчиликти кыргыз күлүктөрү беришпейт. Демек, бул биздин саяпкерлердин мыктылыгын далилдейт. Мындай өнөр биздин каныбызда бар да.

– Саяпкерлер жылкы этин жейби?
– Тээ илгертен эле ата-бабабыз жылкы этин жеп келген, биз деле жейбиз. Жылкы эти деликатес да. Албетте, мындай күнүмдүк тиричиликте багылган жылкылардын этин жейбиз. Ал эми биз багып жүргөн жылкыларды улак тартышта же ат чабыштарда буту сынып, жаракат алып калган учурда гана союуга туура келет.

– Күлүктөрдү сатып пайда табасызбы? Дегеле булардын баасы канча?
– Эми баасы ылайык келсе сатабыз. Бирок ар бир аттын баасы өзүнчө болот. Кээ бириники 70 миң АКШ доллары болсо, кээ бири 2 миң доллар болот дегендей. Булардын базардагы жылкылардыкындай туруктуу баасы болбойт. Мелдештерге катышып, байгелүү орундарга илинип жүргөн аттардын баасы кымбат.

– Мелдештерге катышып жүргөн ат экенин кантип билесиңер?
– Ар бир аттын паспорту болот. Мисалы, бул ат белгилүү Падишахтын тукуму экенин тастыкташ үчүн анын канын алып, чет өлкөгө жиберишет. Ошол жактан текшерилип, анан жыйынтыгы келет. Мунун баары паспортко жазылат.

– Кандай байгелерге ээ болдуңуз эле?
– Көп эле байгелерге ээ болуп жүрөбүз. Көбүнчөсү акчалай сыйлыктарды утуп жүрөм. Мен таптаган аттарды көк бөрүгө салып жүрүшөт.

– Асырап баккан аргымак ээсине эң жакын болуп калат дейт...
– Туура. Бала-чакаң ооруса чуркабай, аттарыбыз ооруса жан талашып калабыз. Өзгөчө мелдешке чыгарга аз калганда жаш баладай эле карайбыз. Температурасын текшеребиз. Башкача айтканда, ар бир кыймылынан сезип, билип туруу керек.

– Алдыда кайсы мелдештерге даярдык көрүп жатасыз?
– Азыркы учурда ат оюндарынын сезону болуп жаткандыктан мелдештер байма-бай болууда. Ошолорго катышып калабыз. Ири мелдештерди айта турган болсом, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата жана сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык көрүүдөбүз.

– Маегиңизге рахмат!

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан