17-майда футбол боюнча Испаниянын чемпиондугунун жыйынтыктоочу 38-тур оюндары өтүп, чемпиондук наамды «Атлетико» багындырды. Испания Ла Лигасындагы 38-тур оюндарына чейин сезондо 89 упай топтогон «Атлетико» конокто «Барселонага» утулбоого тийиш эле. Себеби «Барселона» жеңишке жетишсе, командалардын упай көрсөткүчтөрү тең болуп, чемпиондук наамдын ээси киргизген голдордун айырмачылыгын эске алуу менен аныкталмак. Оюн жогорку ылдамдыкта башталып, алгач каталондуктардын курамынан Алексис Санчес эсепти ачты. «Атлетиконун» курамынан Диего Годин оюндун экинчи бөлүгүндө эсепти теңей алды. Жыйынтыгында командалар тең ойноп, өз эсептерине бирден упай жазышты. Ошентип, «Атлетико» акыркы 9 жылда чемпиондук тактыны алмак-салмак бийлеп келе жаткан «Реал» менен «Барселонаны» мат кылды. Бул жолку чемпиондук менен «Атлетико» өз тарыхында Испаниянын чемпиондугун 10-ирет утту. Буга чейин акыркы жолу 1996-жылы чемпиондукту камсыздаган.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg