ДИПЛОМДУ ТАЛАП КЫЛБАГАН КЕСИПТЕР

Окууну аяктап, колго диплом алгандардын баары эле өз кесиби менен иштеп кете алышпайт. Ошентип, дипломдор сандыктын түбүндө чаң баскан боюнча кала берет. Бирок учурда дипломду талап кылбаган, ага карабай өз ээсин баккан кесиптер бар.

Стриптизчи

Дене-бойду эч кандай дипломсуз эле ийкемдүү кылып тарбиялап алууга болорун стриптизчилер далилдеп келет.
22 жаштагы Юля баш калаадагы бир топ түнкү клубдарда өзүнүн бийлери менен белгилүү. Аны “стриптизчи Барби” деген ат менен таанышат.
«Мен учурда юридикалык факультетте окуйм. Бир жолу курбу кызым “түнкү клубда бийлеп акча таап көрбөйсүңбү?” деген сунуш киргизип калды. Биринчи жолу барганда мени бийлетип көрүштү да, дароо эле жумушка чакырышты. Сыягы, мен сексуалдуу бий аткарып берген окшойм. Башында өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Бара-бара кадимки эле жумушка айланды. Учурда бир бий үчүн 1500-3000 сомго чейин алам. Эми стриптиз бийин үйрөтүү боюнча курс ачсамбы деп ойлонуп жатам. Азыр калп айтпасам, ар бир бешинчи адам юрист. Андыктан бул кесипке кызыгым жоголуп кетти. Бирок стриптиз бийчиси болуп иштеп жүрүп, турмушту жөндөп кетүү оңой эмес. Мисалы, ушул жашка чейин жигитим жок. Кайда иштегенимди айтсам эле жигиттердин ою бузулат».

Официант

Бул кесип үчүн тыкандык, чыдамкайлык керек. Анткени түн уйку, күн тынымы курмандыкка чалынат.
Жеңиш бир топ жылдан бери официант болуп иштейт. Ал мындай дейт:
«Официанттык – акчалуу кесип. Бирок кыйынчылыгы арбын. Кардарлардын орой мамилелерине чыдашың керек болот. Мен түз басканга жана кардарларды күлүп тосуп алганга да көнө албай бир топ жүдөгөм».

Үтүкчү

Кыргызстанда тигилген кийим-кечектер Орусия, Казакстанга сатыла баштагандан тарта кийим тигүүчү кичи ишканалар көбөйдү. Андыктан үтүкчүлөргө да суроо-талап өстү. Үтүкчүлүктүн да өзүнө ылайык түйшүгү, оорчулугу бар. Бул иш менен көп жыл алектенгендерде буттун варикозуна жана дем алуу органдарынын өнөкөт оорусуна кабылуу коркунучу бар.
Фариданын үтүктү колунан түшүрө элегине 6 жылдын жүзү болуптур. Ал күнүнө орто эсеп менен 200-300 сом табарын айтып өттү:
«Кечке үтүктөн чыккан бууга какталып, тикеден-тик туруп иштегенге бөйрөктөрүм көп ооруйт. Буттарым кечке чейин кадимкидей шишип кетет. Эми антип арызданганда эмне, бирөө келип менин табагыма аш салып бермек беле?!»

Араба түрткөндөр

Базарда кол арабасын сүйрөп, дайыма даяр турган бул адамдардын кызматынан баарыбыз пайдаланабыз.
Бакыт байке 6 жылдан бери “Мадина”­ базарында кол араба менен жүк­ ташып иштейт. “Биз акчаны жүккө, жеткирген аралыкка карата бычабыз. Мисалы, бир түрмөк кездемени салсак, 50-60 сом алабыз. Орто эсеп менен күнүнө 400-500 сом табабыз. Кээ бирлер араба түрткөндү намыс көрүшөт экен. Ушуну менен нан таап жаткан соң эмнеге намыстануу керек экенин түшүнбөйм. Кыйынчылыгы көп дечи. Оор жүктөрдү түртө берип колу-бутум, белим көп ооручу болду”.

Модель

Шыңга бой, сулуу жүз жана келишимдүү мүчө-келбетиң болсо, анда тартынбастан моделдикке барса болот. Бирок бул кесип түбөлүктүү эмес. Сулуулуктун өңү өчүп, келишимдүү келбет бузулганда, бул кесип менен кош айтышууга туура келет.
Айканыш аттуу модель буларды айтып берди:
«Мен бала чагымдан эле ушул кесипти аркалагым келчү. Бирок түбөлүктүү кесип болбогондуктан, дизайнер-ар­хи­текторлукту да окуп жатам. Модель болуу үчүн биринчи дене-мүчөңдүн келишимдүү болушу каралат эмеспи. Бирок оорчулуктары да болбой койбойт. Белгилүүлүккө жетүү үчүн көптөгөн нерселерден баш тартасың. Мисалы, таттуу-даамдуу тамактардан. Бизде моделдик кесипке суроо-талап көп болбогондуктан, эмгек акыбыз кубанарлык эмес».

Куруучу

Кыргыздын ишке жарамдуу мырзаларынын басымдуу бөлүгү ушул кесипти аркалап Орусияда, Казакстан­да жүрүшөт.
Элмин аттуу жигит маал-маалы менен Орусияга барып, курулушта иштеп келип турат. “Жетишпестиктин айынан мектепти да толук бүтпөй калдым. Улуу агам Орусияга иштейм деп кетип, анан мени чакыртып алды. Алгач шыбакты үйрөндүм. Анан улам бир нерсени үйрөнүп жүрүп отуруп, азыр өз алдымча үй курууга жарап калдым. Тапканым жакшы эле. Бир жылда үй алдым. Эми мына дагы Орусияга баратам. Буюрса, келгенде машина алам”.

Өтүкчү

Диплом талап кылбаган, бирок дайыма калкка керек болгон кесиптердин катарын өтүкчүлүк да толуктайт. Бул өнөр көбүнчөсү атадан-балага, тааныштан-таанышка өтүүчү кесип.
Өтүкчүлөр менен маектешип жү­рүп, Мирлан аттуу мырзага туш болдук. Өзүнүн кесиби боюнча “химик”. 5 жылдан бери өтүкчүлүк менен жан багып келет. “Өтүкчүлүгүмдөн эч кандай ар кылбайм. Анткени адал иштеп, үй-бүлөмдү кем кылбай багып келе жатам”,- дейт ал колундагы ишине үңүлүп.


Бүгүнкү күндө татыктуу жашоо үчүн дипломдун кереги барбы?

Кеңешбек, 54 жашта, мугалим:

– Азыр жаштардын көбү билим алууга умтулушпайт. Акча
баарын чечет деген пикирге көнүп баратышат. Жумушка орношууга деле
көп акча сарпталууда. Ошондуктан бүгүнкү күндө дипломдун зарылчылыгы жоголуп баратат. Акчаң болсо, кааласаң депутаттык креслого деле отуруп аласың.

Курманжан, 18 жашта, студент:

– Учурда бүт энергиямды жумшап окуп жатам. Арабызда калп эле убакыт коротуп жүргөндөр бар. Алар диплом алганы менен деле кыйратып иштешпесе керек. Айрым кыздарыбыз “диплом бардар үй-бүлөнүн уулуна турмушка чыгуу үчүн керек” дешет. Аны угуп күлкүң келет. Буларга кийин дипломдун кереги тийбесе керек.

Төлөн, 32 жашта, жеке ишкер:

– Көпчүлүк эле билимдүүлөр базарда же курулушта жүрүшөт. Канчалаган жогорку билимдүүлөрдүн диплому сандыктарда жатат. Ушундан улам азыр дипломдун деле кереги жок болуп калган окшойт деп ойлоп кетесиң. Бирок бул убактылуу нерсе деп айтар элем.

Элмира, 39 жашта, экономист:

– Азыр жумуш берүүчүлөрдүн да талабы башкача болуп баратат. Адистин билим деңгээлине караганда, жаш курагына көбүрөөк басым жасашат. Биздин куракка келгендерди кызматка алгылары келбейт. Анан айла жок бала багуучу, үй кызматкери өңдүү иштер менен күн өткөрүүгө туура келет. Учурдун талабы ушул болуп калды окшойт.

Мухамбет, 20 жашта, студент:

– Эгер акчасы көбүрөөк жумуш болсо, мен деле дипломду сандыкка салып коюп, кесипти өзгөртүүгө даярмын. Анткени айлыктан айлык күтүп акыйып жүрүп өткүм келбейт. Окубай калды дегенден намыстанып эле ата-энесин кыйнап, убактысын текке кетиргенден көрө дипломсуз деле жашоону жөндөп кетүүгө болот.

Жылдыз, 42 жашта, журналист:

– Диплом сөзсүз керек. Бирок учурда дипломду сатып алгандар да аз эмес. Угушума караганда, экзаменден “5” алыш үчүн 1000-1500 сом беришет экен. Ушинтип баа алгыча окубай эле койгон жакшы да. Ырас окуйм деп чечкен соң дипломго эле эмес, чыныгы билимге да ээ болуу керек.

Темирбек, 36 жашта, темир уста:

– Менимче, диплом алган соң кайда иштейм деп ойлонбой, бул маселени окууга тапшырарда чечип алуу керек.
Беш жыл акча коротуп окуп, анан дипломдун үзүрүн көрбөгөндөн кийин окугандын эмне зарылчылыгы бар?

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
AiBANKs
2009-10-30 12:39:11
типок тура
0
deks
2009-10-30 18:03:50
Эмнеге колунда дипломун болсо башында билимин болсо акыйып ишсиз каласын Эптеген эбин табат созсуз иштейсин да дипломдун кереги бар албетте
0
deks
2009-10-30 18:06:41
Окубай атасынын акчасына ишенгендер учун гана дипломдун кадыры жок болушу мумкун себеби пешене тери менен баа албай атасынын акчасына алып жатпайбы созсуз аларга дипломдун кереги жокта мээсинде бир деме болсо иштейби
0
LIFE
2009-12-26 17:44:26
deks досум туура баа берген!
0
LIFE
2009-12-26 17:47:30
Кыргызстанда азыркы шарттарда айрым кесиптердин кадыр-баркы билинбей жатат. Ошондуктан мындай кесиптерге жарандарды дипломсуз эле кабылдап жатышкандай. Бирок келечекте кара күч жумшалган жумуштардын саны азайып, көпчүлүк нерсе кесипкөй тейлөөгө же акыл күчүнө байланышкан кесиптерге айлана баштаганда кыргызымдын дипломсуз уул-кыздары кыйналып калышат го дейм. Азыр деле бар мындай көрүнүш! Ошондуктан, дипломсуз жум
0
LIFE
2009-12-26 17:49:16
Стриптиз бийлеген кыздарга да атайын бий курстарынын бир тармагы боюнча билим берип, алардын профессионалдуулук деңгээлин өстүрүп, этикасын толук үйрөтүү керек. Антпегенде, стриптиз бийлеген кыздар (кечиресиздер, сойкулардын бир түрү сыяктуу) бузулган кыздардай болуп элестеши мүмкүн көбүнө.
0
LIFE
2009-12-26 17:50:56
Бизде официанттарга атайын билим берилбегендиктен, кафе-ресторандардагы тейлөө начар. Ошол эле учурда аларга болгон коомдук көз караш да төмөн. Материалдык жактан эң жакыр катмар официант болуп иштейт сыяктуу көз караштар да бар. Мисалы, былтыр менин иним официант болуп иштейм дегенде үйдө эки тарапка бөлүнүп калдык. Мен иштесин дедим, ата-энем каршы чыкты.
0
LIFE
2009-12-26 17:52:23
Модель кыздарга дипломдун кереги жок десеңиздер, такыр түшүнбөйм. Алардын келбетинен башка да, башында бир нерсе болбосо, алар оңой эле атаандаштарынын же айрым аларга кызыккан адамдардын курмандыгына айланып калуулары мүмкүн.
0
LIFE
2009-12-26 17:55:07
Куруучулук диплом менен гана ишке ашат. Муну мага караганда сиз да жакшы билесиз. Көр тиргиликтин айынан улам дипломсуз аз акчага иштеп жатышат да бир туугандарыбыз айлап-жылдап үйдөн безип. Негизи, Японияда катардагы эле мектеп окуучусуна куруучулук жана техниканын ар түрү боюнча кеминде 4-5 жылдык берилет. Ал эми курулушта иштегендер болсо, 7-10 жылдык жогорку билим алууга милдеттүү. Ошондуктан катардагы жапон биздин ЖОЖдогу математиканы семичкедей чаг
0
№ 364, 23-29-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан