АЗЫРКЫ УЧУРДУН БААТЫР ЭНЕЛЕРИ

16-май күнү президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата республикадагы көп балалуу энелерге "Баатыр эне" ордени менен "Эне даңкы" медалын тапшырды. Анда жетиден көп бала төрөп, аларга татыктуу тарбия берген 3 миң 434 эне «Баатыр эне" ордени, алты балалуу 629 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды. Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келе жаткан Энелер күнү быйыл 18-майга туш келген. Президенттин колунан сыйлык алган энелердин арасында Кыргызстандагы эң жаш Баатыр энелердин бири, Талас шаарынын тургуну ГҮЛИЗА АТАКУЛОВА дагы бар. 17 жашында турмушка чыгып, 18 жашында тун уулун жарык дүйнөгө алып келген Баатыр эне бүгүнкү 31 жаш курагында
4 уул, 3 кыздын энеси.

– Гүлиза эже, сыйлыгыңыз кут болсун. Жолдошуңуз менен кантип баш кошуп калдыңыз эле?
– Рахмат. Сүйлөшүп жүрүп, мен мектепти аяктаганда үйлөнгөнбүз. Аз эле убакыт мамиле куруп, бири-бирибизди жактырыштык. Жолдошум Алтынбек менден 8 жаш улуу.

– Учурда көпчүлүк жаштар "көп балалуу болуунун да өз түйшүгү бар, ага да шарт керек" деп, 2-3төн гана балалуу болгусу келет. Сиздер көп балалуу болууну алдын ала пландагансыздарбы?
– Ооба, мен да, жолдошум да көп бир тууганбыз. Ошол себептен балдарыбыз да көп бир туугандуу болсун дечүбүз.

– Көп балалуу эне болгонуңуз үчүн мамлекет тарабынан жардам болуп жатабы?
– Быйылкы жылга чейин эч кандай деле жардам алып көргөн эмеспиз. Балдарга кадимки эле жөлөкпул чектелчү. Былтыр 4-балабыз мектеп босогосун аттаган, ошондон бери көңүл бурулуп, 4 балабыз тең мектепте төлөй турган фонддук акчалардан бошотулду. Улуу балабыз 13 жашта, кичүүбүз 1 жарым жашка чыгып калды.

– Жолдошуңуз ким болуп иштейт?
– Жолдошум айдоочу, менчик чоң машинабыз бар. Мен болсо балдарды карап үйдөмүн. Жолдошум тапкан акчаны эле бардыгына жеткиргенге аракет кылып жашап жатабыз. Ар бир адамдын өз ырыскысы болот эмеспи, балдарыбыз да өз ырыскылары менен чоңоюп жатышат.

– Жашооңордо кыйынчылыктар деле болгондур...
– Ооба, андай күндөр өттү. Жаңы турмуш куруп, балалуу болгонубузда оор күндөрдү кечирип, ачка калган учурлар болду. Азыр, Кудайга шүгүр, жакшы эле жашап жатабыз. «Эжелүү кызга эски тон» демекчи, кичүүлөрү улууларынын кийимдерин кийип өсүп жатышат.

Г.Атакулова: «Жолдошум экөөбүз тең көп бир тууганбыз, балдарыбыз да көп бир туугандуу болсун дечүбүз».

Өлкөбүздө жогоруда аталган орден, медалдар менен сыйланбаса да, жаштыгын балдарына арнап, көп баланын энеси болгон аялзаты көп. Алардын бири – НУРЗАДА ХОЖАБЕКОВА. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 7 балага татыктуу тарбия берип чоңойтуп жаткан Нурзада айым быйыл 28 жашта. Бактылуу эне керектүү документтерин топтоп, тиешелүү жерлерге тапшырып койгон, кезеги келсе, Нурзада айым да өлкө башчынын колунан «Баатыр эне» орденин алып калар.

– Нурзада эже, майрамыңыз менен. Канча жашыңызда турмуш жолуна аттангансыз?
– 2004-жылы, 18 жашымда ала качып кеткен жерге келин болуп отуруп калдым. Жолдошум Урматаалы үйлөнүүгө кыз издеп жүрүп мени жактырыптыр. Мен жашаган Кош-Дөбө айылында Урматтын жеңеси жашайт, ал ага мен тууралуу айткан экен. Ошентип жолдошум тааныштардын үйүн көрсөтүп коюуну сурамыш болуп мени ала качып кеткен.

– Көп балалуу болууну башынан эле пландаган белеңиздер?
– Үйлөнгөнүбүздөн 3 ай өтүп боюмда болду. Эгиз балалуу болорубуз ооруканага барып, текшерилгенимде белгилүү болду. 2005-жылдын ноябрында кыздарымды кыйналбастан, аман-эсен төрөп алдым. Аларды чоңойтуп, эми иштейин деп жатканымда өзүмдү жаман сезип калдым. Анда да доктур боюмда эгиздер бар экенин айтты. 2008-жылы 2 уул көз жарышты. Ырмая-чырмая аларды да чоңойтуп, базарга чыгып иштеп жаткам. Пландаган деле эмеспиз, Кудай бизге берип коюптур, 3 жылдан кийин 3 эм балдарды жарык дүйнөгө алып келдим.

– Өкмөт тарабынан кандай жардамдар көрүлдү?
– 3 эмди жарык дүйнөгө алып келип, төрөтканада жатканымда Президенттин аппаратынын кызматкерлери келип кабар алышты. Бардык документтерибизди ырастап, Жалал-Абад шаарынан 3 бөлмөлүү үй тапшырышкан. Жардамдар бүгүнкү күндө да болуп жатат. Наристелерибиздин бала бакчага баруусу үчүн эч кандай акы төлөбөйбүз. Улуу кыздарыбыз 2-классты аяктап жатышат. Алар үчүн да жеңилдиктер бар, бардык чогултула турган акчаны 1 окуучу үчүн гана беребиз, ошондо бири акысыз болуп калат. Бизге кам көрүп, жардам бергендери үчүн бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз.

– Жолдошуңуздун тапкан каражаты үй-бүлөлүк муктаждыктарды жойгонго жетеби?
– Буга чейин базарда кийим сатып иштечү. Акыркы учурда ден соолугу начарлап жаткандыктан, иштебей үйдө. Балдарыбыз али кичине, мен да иштебей жүрөм. Ал эми балдарды аларга чектелген жөлөкпул менен багып жатабыз. Кыйналып, ачка калган күндөр да өттү, бирок азыр анын баары артта калды.

Бактылуу ата-эне балдарына «келечекте көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам бергиле» деп айтып турушат.

«Супердин» сурак бурчу
БҮГҮНКҮ ЗАМАНДЫН ШАРТЫНДА КӨП БАЛАЛУУ БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ?

Айпери Ыбыраимова, студент:
– Негизи көп балалуу болгон жакшы. Бирок азыркы жашоо-турмуштун катаалдыгына ылайык, көпчүлүк жаштар баланы бага албайм деп ойлошот, ал тургай шарт жок деп таштап да кетип жатышат. Жаштар шартка ылайыктуу аз гана балалуу болууну пландашат. А мен өзүм, Кудай буюрса, 5-6 балалуу болгум келет.

Нурзада Абылмажынова, студент:
– 1 уул, 1 кыздуу болгум келет. Көп балалуу болгум келбегенинин себеби, бүгүнкү күндө жашоо тиричилик кылуу чын эле кыйын. Баланы төрөгөнгө жараша көтөрүш керек, окутуп, билим берип, үйлөнтүп-жайлантуу, бутуна тургузуу зарыл. Ошол себептен мүмкүнчүлүккө да караган туура.

Айпери Сыдыкова, ырчы:
– Адамдын каалоосу күчтүү болсо 1 эмес, 10 баланы деле жакшынакай тарбиялап өстүрө алат. Мен өзүм көп балалуу болгум келет, бирок алардын да аралыгын карап, бири чоңоюп экинчисин жетелеп, ойното ала тургандай болгону жакшы, мисалы, 4 жыл. Анын үстүнө көп балалуу болуу үчүн ден соолугуң да бекем болушу зарыл.

Мирлан Кенжебаев, мугалим:
– Азыр көпчүлүгү эрте турмуш кургандан да качып жатышат. Билим алуу, кызматка орношуу, үй-жайды камдап алуу керек деп жүрүп, көбү 30 жаштан өтүп үйлөнүшөт. Анан албетте, кеч үйлөнсөң, кеч балалуу болосуң, көп балалуу болууга мүмкүнчүлүгүң аз болот. Мен 5 балалуу болгум келет. Бирок башкалардай болуп бутка туруп алайын деп үйлөнбөй жүрөм.

Элиза Балбакова, студент:
– Бардык нерсе жашоо шартка ылайык келгени оң. Келечекте өмүрлүк жолдошум экөөбүздүн туруктуу жумушубуз болуп, камсыздап алууга шартыбыз туура келсе, көп эле балалуу болууну каалайм, мисалы, 7. Эгер мүмкүнчүлүгүбүз жетишпей кала турган болсо, анда жок дегенде 3 балалуу болушубуз керек.

Жанар Акаев, журналист:
– Улут санын көбөйтүү үчүн мамлекет, албетте, көп балалуу үй-бүлөлөргө жетиштүү көңүл буруп, атайын программа иштеп чыгып, жигердүү саясат жүргүзүшү керек эле. Жеке мен көп балалуу үй-бүлөдө өскөм. Бирок азыр келинчегим экөөбүз көп балалуу болуу тууралуу ойлонгон жокпуз, балким, 2 же 3 балалуу болорбуз.

Замира Абылова, кожойке:
– Канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Учурда 2 балабыз бар, үчүнчүсүн күтүп жатабыз. Кудай берген балдарды багып чоңойтсок дейбиз. Бирок баланы тарбиялап өстүрүү оор, аны жарык дүйнөгө алып келердин алдында шарт түзүп алуу, даярдануу керек. Дайын жок эле төрөй берген да туура эмес.

Ширин Турдакунова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Sharipa-asia
2014-05-26 22:44:17
Эгиздерге суктанып жатам, , омурлуу болушсун, мен да эгиз торогум келет, бирок аллахтын бергени да
+1
nurka_85
2014-05-26 22:53:53
Бактылуу болгула
+1
kama_future_millioner
2014-05-27 09:11:34
Бактылууу болгула. Энелергее таазим
+1
Stern
2014-05-27 15:41:00
3 жолу эгизден торогон энеге эмнеге баатыр эне бербей куттуруп атышкан?
+1
bopos
2014-05-27 19:52:25
эгггииииз!сонун го,бир эмес уч жолу.кудай кут кылсын,жакшылыктарда чоноюшсун,кыргызстандын алдынкы жаштарынан болушсун.ата-энесине ден-соолук!
+1
Aselya_9105
2014-05-28 03:18:49
Нурзада эже азаматсыз. Коз тийбесин сиздерге.Омурлору узуун болсун, АЛЛАХым бакыт берсин. Мен да келечекте эгиз балалуу болгум келет..
+1
nurperi8981
2014-05-29 01:01:54
Аииии эгиз торогон эже биздин комментарийлерди окубаса деле керек)) Бирок гезитке болгондо да Супер инфого чыкпай эле койсонор болмок себеби бул газетаны КРдын баары окуйт ! Арасында ак коз кара коздор бар дегендей! Тообо уч жолу эмес бир жолу эгиз торосом кандай жакшы болмок))Омурлору узун аман эсен болушсун!! Мен макалвны окуп жатып орустар айткандай мурашки болуп кетти денем!!!! Молодцы!!!
+2
samar82
2014-05-29 15:11:35
Азаматсын Нурзада! Эгиз эмес бир баланы да тороп эрезеге жеткириш кыйын, сага чын ден-соолук каалайм.
+1
arzigul89
2014-05-29 20:40:55
Балдарыныздын омурун берсин,келечекте Кыргызстандын корунуктуу,сыймыктанган,уул кыздары болуп чонойушсун,мендагы эгиз торогум келет,бирок менин туугандарымда, жолдошум жактанда эгиз жок болсо дагы, эгиз балалуу болушубуз мумкунбу
+1
Nurbol
2014-05-30 09:30:57
жалан эгиз,уч эмдерди,кичине болсо да ден соолугу начар жолдошун карап,жакырчылык жашоого шугурчулук кылып жашаган айымга мен ушунчалык ыраазы болдум,ылайым эл керегине жараган азаматтар болуп чоноюшсун
+1
zara-919
2014-05-30 17:20:23
1 күн кечке бала карагандан көрөкчө 3 кабат үйдү 3 жолу уборка кылсаң анча чарчабайсың... баланы чоңойтуу кандай түйшүктүү...
0
wwwbaxa
2014-05-30 19:40:51
уч эм торогонун билет экен АША баатыр эне орденин берип койбойбу.......?
0
demo009
2014-05-30 23:43:19
Эгиздердин өмүрлөрү уузуууууун болсун
0
bekbolot-NOOKAT
2014-05-31 18:08:52
мен да жаны эле уйлонгом Кудай буйруса 6-7 балалуу болсом дейм .Азыр аялым боюнда бар буйруса куздо торойт Ин Ша Аллах алты саны аман тороп алсын!!!
0
Misi
2014-06-01 23:11:38
egiz baldardy torogum kelet. kudaiym maga da bere kor
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан