Үй-бүлөлүү айымдарга чыгармачылык деген оор жүктү алып кетүү кыйын. Бүгүнкү маектешим чыгармачылыгын да, үй-бүлөсүн да аксатпай, бирдей салмакта алып кетип жаткандардын катарында. Убагында «Кыз-Бурактын» кадыр-барктуу ырчыларынын бири Айжамал Кабылова биз менен үй-бүлө, чыгармачылык, келечектеги пландары менен бөлүшүп отурду.
– Кандайсыз, Айжамал, учурда балдарыңызды тарбиялап, аны менен кошо чыгармачылыкка кызуу киришкен кезиңиз экен?
– Амансыңарбы, ооба, балдарым чоңоюп калды. Кызым Жыпара 6да, буюрса, эмдиги жылы мектепке барат. Кичүүбүз Темирлан 4тө. Эки балам тең азыр бала бакчага барышат. Балдарым торолуп, бир аз колум бошоп калды, эми чыгармачылыкка биротоло киришейин деп жатам. Учурда жаңы ырларды жаздыруудамын.
– «Жебе» тобунун концертинде туфлиңизди чечип алып жылаңаяк аябай секирип бийледиңиз, сахнага көп чыкпай буулугуп калгандын белгиси болушу керек, ээ?
– Негизи сахнага чыкканда артист жашаш керек. Мен бул концертте эмес, башка концерттерде деле ушундаймын. Үйдө күзгүнүн алдында бийлеп даярданат деп ойлогондор деле болушу мүмкүн, бирок бул нерсе бир нече саамга келе турган эргүү. Мен ошону чыгарып албасам кысылып кетем.
– Репертуарыңызда ар кандай тематикадагы ырлар бар, арасынан кайсынысын өзүңүз сүйүп угасыз?
– Бардык эле ырларым көзүмө жакшы көрүнөт, арасында өзүмө жакпаган, айласыздан жазылган бир-эки ыр бар дечи, бирок аларды деле сүйүп уккандар болуш керек. Мисалы, өзүмө «Ак куулардын арманы», кызыма арнаган «Жыпарым», жолдошума арнаган «Бир өзүң бол» деген ырларым жагат. Негизи эле мен өзүмдү катуу сындайм. Ырларымдан сөзсүз кемчилик таап турам, кээде сыналгыдан өзүмдү көрүп калсам да жактырбай, «мындай бийлесем болмок экен» деп ойлоп калам.
– Бишкекке биротоло көчүп келдиңизби?
– Былтыртан бери эле Бишкекте жашап жатабыз. Кышында эки айга Москвага барып келгенбиз, мен барып турам, жолдошум келип турат, айтор, айрымдардын ою туура эмес жакка кетип жатса, бизде баары жайында деп айтар элем (күлүп).
– Ортодогу аралык мамилеңиздерге терс таасирин тийгизбейби?
– Жок, тескерисинче, барктуу жашайт экенсиң. Анан да бири-бирибизге болгон ишеним күчтүү. Азамат менен менин туугандарым жашайт, мен Азаматтын туугандары менен жашайм. Жалгыз эч жакка барбайм, жанымда сөзсүз ишенген адамдар болот. Экөөбүздүн сагынычыбыз эки айга жетпейт, бир айдан өткөндө эле же ал келип калат, же мен барып калам. Жакында эле келген болчу, Москвага кеткенине бир жума болду.
– Ал эми чыгармачылыгыңызга кандай көз карашта?
– Чыгармачылыгымды толугу менен колдойт, менин сынчым, продюсерим, демөөрчүм. Ыр жаздырганда биринчи жолдошума угузам. Ал өз оюн айткандан кийин гана жарыкка чыгарабыз. Жолдошума арнаган «Бир өзүң бол» деген ырымды өзүнө уктурсам башында жактырбай койгон, «Алишер акеникиндей кылып ырдабаптырсың» деп (ред. ырдын обонун жазган Алишер Мамадалиев). Кийин көнүп калды, азыр машинасында жалаң менин ырларым жаңырат. Мен 5 жыл Москвада жашап, чыгармачылык менен толук алектенгенге убактым болбой калбадыбы. Анан сайттардан «эмнеге көрүнбөй кетти, күйөөсү ырдатпайбы?» деген комментарийлерди окуп, баарын өзүнө алып алат окшойт. Учурда «жакшы ырларды жаздыр, сахнага чык» деп колдоо көрсөтүп жатат, мындайдан пайдаланып иштеп калайын.
– Чаян белгисиндеги адамдардын мүнөзү татаал болот дешет, сиз да ошондойсузбу?
– Ооба, мен да уккам мындай кепти. Бир нерсени бетке айтып салмай мүнөзүм бар, акыркы күндөрү байкап калдым, айрыкча мырзалар менен көп тил табыша албайт экенмин. Бир сөзүнөн кармалса эле болду урушуп кетем, менин да өзүмө тиешелүү мүнөзүм бар да. Анан тааныштарым айтып калышат «таарынчааксың» деп, ооба, таарынам, көпкө кек сакташым мүмкүн.
– Жашоодо сиз кечире албай турган нерсе барбы?
– Достукта көңүл кирдетип сатып кеткендер жакпайт. Алар кийин күнөөсүн моюнуна алып, чөгөлөп келсе да кечирбейм. Бирок үй-бүлөлүк мамиледе аял киши бүлөсүн сактап калыш үчүн бардык нерсени кечирүүгө милдеттүү.
– Ырчы кыздар турмушка чыккандан кийин күйөөсүнүн фамилиясына өтүп алгандарын көрүп жүрөбүз, сизде учурунда ушундай ой жаралды беле?
– Мен жаңы келин болуп барганда кайнежем «Азаматтын фамилиясына өтөсүңбү?» деп сураган. Ошондо «менин өзүмдүн атам, чоң атам бар. Кантип өзүмдүн чоң атамды башка бирөөнүн чоң атасына алмаштырам?» деп айткам. Буюрса, бул фамилияны өмүр бою алып жүрөм.
– Күйөөңүз президент болуп калсачы?
– Ха-ха, анда көрө жатарбыз. Боло берсинчи биринчи.
– Азыр чет өлкөнү кыдырып концерт коюу артисттердин кирешелүү булагы болуп калбадыбы, сиз Орусияда жашап жүргөндө гастролдоп көрдүңүзбү?
– Концертке катышууга көп сунуштар болгон. Бирок өзүмчө гастролдогонго шартым туура келбей жатты. Чынында, 10 жылдан бери концерт коё элек экенмин. Жеке концертимди «Кыз-Бурак» тобунда жүргөндө берген элек. Учурда «АГК» тобунун күзүндө болчу концертине даярданып жатабыз. Жогоруда айтпадымбы жолдошум жалгыз эч жакка жибербейт деп. Кенже эже же Гүлнара жанымда жок алыс жакка тойго барсам, үйдө кыямат кайым болуп кетет.
– Жолдошуңуз кызганчаак окшойт да?
– Кызганчаактык бардык эле эркектерде болот. Жолдошум мени билдирбей, маданияттуу кызганат. Айрыкча минтип алыста жүргөндө аябай кызганчаак болуп калат экен. Тойдо отурсак «сүрөткө тартып жиберчи» деп суранат, Кенже эже, Гүлнара үчөөбүз түшүп салып жиберебиз. Бир чети аныкы деле туура, жалгыз жүрсөң жакшы көз бар, жаман көз бар дегендей. Абайлабаса азыр жакшы адам деле ушак кептер менен жаман болуп калып жатпайбы.
– Ал эми кийген кийимдериңизге кийлигишпейби?
– Кийлигишет, көбүнчө «ачык кийинбе» деп айтат. Анан да мен алтын, бижутерия дегендерге такыр кызыкпайм. Тескерисинче, күйөөм белекке алтын бере берет. Бир жакка чыкканда тагынбай калсам, «кана мен белек кылган зер буюмдар, тагынбайсыңбы?» деп айтканда алтыным бар экенин эстеп кетем.
– Сахна сулуулукту талап кылат, ал эми сулуулук курмандыкты талап кыларын билебиз, жаштыгыңызды сактап калыш үчүн пластикалык операция жасатат белеңиз?
– Азыркы турган турпатыма эле шүгүр дейм. Андай оюма да келген эмес. Сулуу эмессиң деп бирөө ырыңды укпай койсо бир жөн. Мен да корей кинолорундагы кыздарды көрүп суктана берчүмүн, «булар эмнеге мынча сулуу?» деп. Көрсө, алар мектеп окуучусунан бери пластикалык операция жасатат экен. Макияжды сахнага чыкканда эле колдоном, ал эми көчөдө жүргөндө такыр боёнбойм, макияждан өзүң да, бетиңдин териси да чарчайт эмеспи.
– Эл аралык сынактарга жарай турган үнүңүз бар, катышканга аракет кылып көрдүңүз беле?
– «Түрквизион» сынагына катышсамбы деп жүргөндө мага «аты чыккан белгилүү ырчылар катышса болбойт» деп түшүндүрүшкөн эле. Карасам белгилүү ырчылар эле катышып жүрүшөт, таң калып койдум мен дагы.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg