КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ СОЮЗГА КИРБЕСЕ, КЕСЕПЕТИ КӨБҮРӨӨК БОЛОБУ?

20-майда Жогорку Кеңеште «Кыргызстандын Бажы союзга кириши: пайдасы жана зыяны» деген темада жыйын болуп өттү. Анда «Бажы союзга кирген соң Кыргызстан кандай пайда табат? Кандай зыян тартат?» деген суроолор кабыргасынан коюлуп, биримдиктин оош-кыйыштары талкууга алынды.

ПАЙДАСЫ: 170 МИЛЛИОН КАЛКЫ БАР РЫНОККО ЖОЛ АЧЫЛАТ
«Бажы биримдигине кирсек, айлыктар көтөрүлөт» деди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Маянанын өсүшүн премьер-министр өлкөгө келе турган инвестициянын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Кыргызстан Бажы союзга кирсе, жаңы иш орундары түзүлүп, салык көп чогула баштайт.
Жыйынга катышкан экономика министри Темир Сариев аталган биримдикке кирүү зарылчылыгын айтып, эгерде кирбесек, анда мындан дагы начар абалга туш болорубузду билдирди. «Биримдикке кирген соң Кыргызстанда чоң мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
170 миллион калкы бар ири рынокко жол ачылып, өз продукцияларыбызды экспорттой алабыз
» деди ал. Темир Сариев азыркы тапта Кыргызстан Орусияга тамеки, пахта, айнек, ал эми Казакстанга электр энергия, сүт азыктары, жашылча жана мөмө-жемиштер, мал жандыктар, кийим-кече экспорттоп жаткандыгын айтты. Кайра ошол эле Орусия менен Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май, ун, көмүр, шекер ташылып келерин кошумчалады. Ошондой эле биримдикке кирүү аркылуу «соода жок» деп алакан жайып отурган «дордойчулардын» иши да жүрүшүп кетери кабарланды. Мындан тышкары Темир Сариев: «Биримдикке киргенден кийин азык-түлүк менен дары-дармекке болгон баа кымбаттабашы керек. Алыскы өлкөлөрдөн алынып келинген буюмдардын баасы көтөрүлөт. Бирөөнүн башкаруусуна өтөбүз деген да туура эмес. Союзга кирүү импорт маселесин иретке келтирет. Экспорт мамлекеттин өз иши»,- деди.

ЗЫЯНЫ: КЫМБАТЧЫЛЫК КҮТҮЛӨТ
Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Темир Сариев келтирген аргументтерди четке какты. Ал тобокелчиликтер көптүгүн, Кыргызстан менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин экономикасын салыштыруу туура эмес экендигин эскертти. Ал эми мигранттардын маселелери боюнча биримдикке кирүүдө аларга эч кандай жеңилдик жок экендигин кошумчалады. Анын маалыматына караганда, биримдикке кирген соң азык-түлүк жана кийимге болгон баа 40 пайызга, автоунаалар андан да жогору баага кымбаттайт. Жээнбеков Бажы биримдигинен баш тартып, радикалдуу реформаларды жүргүзүүгө чакырды.Ал эми депутат Улукбек Кочкоров «Кыргызстан азык-түлүк менен өлкөнү 10 пайызга гана камсыздайт. Эгерде биримдикке кирсек, 170 миллион калкты камсыздоонун ордуна ошол 10 пайызыбызды да тарттырып коюп отуруп калбайбызбы?» деп чочулады.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Бажы союзга кирүүсү боюнча: «Кыргызстандын өнүгүшүн кааласак, анда Бажы биримдигине кирүүгө мажбурбуз. Же азыр өзүбүз үчүн жакшы, пайдалуу шарттар менен, же эртеби-кечпи бардык оңтойлуу мүмкүнчүлүктөрдү өткөзүп жиберген соң союзга кирүүгө туура келет»,- деди.

Темирбек Матаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (114)
Dooron
2014-05-30 15:16:39
Эмне кереги бар!? Ансыз да айлык аз жумуш жок учурда. Ушул жашообузга шугур кылсак боло. Баары арзанчылык. 1,2 жыл кыйналабыз дейт. 1,2 жыл оной убакытбы эмне?! Албетте силерге оной. Бирок карапайым эл учун ото оор жыл болот. Эмне онугунун башка жолун ойлонуп табу учун эринип атасынарбы? Анда башка билими жогоруу Кыргызстан учун иштей турган жаштарга бергиле!!! Бул жакта турган адамдын кыжырын кайнатпай!!!
+1
karlik
2014-05-30 21:02:15
А.Ш.А. Жаман неудобный абалда калыптырго, эртен элибиздин абалы да ушундай болуп калбайбы туугандар?
0
isamurai
2014-05-31 03:08:52
кыргызстан тс кирет так что готовьте сани (машина кв жер) КР критичечский состояниеде турат орустарга казактарга дубана болбой арзаныраак алабыз(газ бензин итд) деп айтканы АШАнын гордосту чыдабай абстрактный айтип жатканы болушу мумкун.
0
mansurhan
2014-05-31 09:35:56
туугандар сын айтуудан мурда ток этээр жерлерди караш керек,1 мисалы россияда биздин жердештер уруксаат ишке алыш учун30 000 руб толойт ТС муну жокко чыгарат бул бери дегенде 500 000ден ашуун адам.2 сутту экспортун жабышты, эле уй кармоо натыйжасыз болуп калат.ТС мезгилдин талабы,Эн башкысы ТС келишиминде биздин кызыкчылыкты толук коргоо,ушуну мыкты козомолдош керек биздин бийлик.
+1
take.zk
2014-05-31 19:23:59
Жакшы-жаманын мен билбейм,бирок,кириш керек болсо ага эч ким,ошол эле азыркы оппозициядагыларды президент,премер кылып койсо да,тоскоол боло албайт.Равшан,Камчы,дагы ким?Ушулар Россияга каршы тура алабы? Буларын деле бийлике келсе Путиндикин жалайт.Азыр калп эле бийликтегилерди жамандап, оздоруно упай топтоп атышат. Эмне биз Украинадан да кыйын болуп кеттикби? Равшан Украинадагы митингке барып Американын ырын ырдап келди,эмне болду? Ал ырын эми бизге ырдап атат,бизди да ошол абалга алып келет.
0
take.zk
2014-05-31 19:35:47
Макул, ТСга кирбей калдык дейли.Орустар 6 айга эле чек араны жаап койсун ж.б.у.с.,проблемаларды ойлоп табышсын. Кыргызстандын ар бир уй булоосунун, бироо жарамы орус атуулу.Эмне болот? Ошондо башталат тополон.
0
raimzhanov81
2014-06-01 23:13:53
ээ туугандар биз тс га кирбей деле орустарды биз айткандай кыла турган кылып койсо болот.эгер биздин чондор башты иштетсе.бизде деле коп нерсе бар орустардын коздору чачырап жургон.булардын эн койгойлуу болуп жургон базасын койгонубуз учун деле коп условия койсок болот.
+1
Omur
2014-06-01 23:54:34
Атамбаев элди ойлобойал оз кызыкчылыгын ойлойт корунуп турбайбыт,
0
nukuluk
2014-06-02 02:42:10
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет

admin_superstan
2014-06-02 13:18:51
uylaak, raimzhanov81, мазактоого тыюу салынган!
Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан