УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы «Түндүк электр» ААКсынын үч жетекчисине карата «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» жана «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып такты. Мындан улам учурда аталган ишкананын директорунун орун басары Кадырбек Темирканов, коммерциялык-баланс бөлүмүнүн жетекчиси Аскар Кольчаев жана «Түндүк электр» ААКсынын Сокулук району боюнча сатуу бөлүмүнүн башчысы Жанболот Болоталиев ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Башкы прокурор Аида Салянованын берген маалыматына караганда, 2014-жылдын 1-кварталында эле электр энергиясына байланыштуу 6 кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Келтирилген зыян 35 миллион сомду түзүүдө. Буга байланыштуу өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өткөн жыйынында премьер Жоомарт Оторбаев энергетика тармагында олуттуу кадрдык өзгөрүүлөр жүрөрүн билдирди.
Темирбек Матаев
politika@super.kg