Кыргыз өкмөтүнүн Өзбекстандан өлкөнүн түштүк аймагына газ алуу максатында жасаган аракетинен майнап чыкпай жатат. Бул тууралуу премьер Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, 14-апрелден бери Өзбекстан тарап кыргыз бийлигинин жазган каттарына, телефон чалууларына жооп бербей келет.
«Ошто пландык оңдоо деген шылтоо менен электр энергиясы өчүрүлүп жатат» деген төрага Асылбек Жээнбеков оңдоо иштерин убактылуу токтото турууну, жок дегенде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү, жарыкты өчүрүп жаткан жетекчилерди жоопко тартууну өкмөт башчыдан суранды.
Ош шаарынын райондорунда электр энергиясы өчүрүлүп калган учурларда тургундар кафе-ресторандардан кайнак сууну термостоп сатып алууга, көчөдөн тамактанууга аргасыз болушууда. Ал эми «Ош электр» ААКсынан «шаарда газ жок болгондуктан, тургундар электр энергиясын тынымсыз иштетип жатышат. Ага байланыштуу көп авариялар катталып, эл нааразы болууда» деп билдирди.
Темирбек Матаев
politika@super.kg