Президент Алмазбек Атамбаев адамдардын кылмыш жасагандыгы жөнүндө такталбаган маалымат тараткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамга кол койду. Эми аталган мыйзамга ылайык журналистпи, саясатчыбы же катардагы жаран болобу, «баланча кылмыш жасады» деп жалган маалымат тарата турган болсо, кылмыш жообуна тартылмакчы. Жарандын кимдир бирөөнү «баланча кылмыш жасады» деп каралаганы аныкталса, сот аны 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратканга же 50 миңден 200 миң сомго чейин айып пул төлөткөнгө акысы бар.
Президенттин айтымында, бул мыйзам сөз эркиндигин чектебейт. Бирок жалган маалымат таратууга, бирөөнү далилсиз күнөөлөөгө бөгөт коюусу мүмкүн. Серепчилердин айтымында, мыйзам долбоордо маалымдоочу каражаттар конкреттүү түрдө күнөөгө тартылат деп айтылбаганы менен, мунун максаты сөз эркиндигин чектөөгө багытталган. Андыктан журналисттер бара-бара жоопкерчиликтен коркуп, ачуу сындарды бийлик тарапка айта албай калат деп баа беришүүдө. Мамлекет башчы «мыйзамда жалган маалымат тараткан жарандардын жоопкерчилиги каралган» деди.
Темирбек Матаев
politika@super.kg