Өлкөдө ЖҮРӨК ООРУСУНА кабылгандар үчүн жыл сайын 300 операция жасалат. Алардын 20 пайызын жаш балдар түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында, Кыргызстанда ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН каза болгондордун саны Ооган согушунда курман болгондордун саны менен тең. Жол кырсыгынан жыл башынан бери 176 адам каза тапкан.
Башкы прокурор Аида Салянова Бишкекте ӨЗҮМ БИЛЕМДИК менен курулуп жаткан 116 объект бар экендигин билдирди.
21-май күнү парламенттик жыйында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров министрлерден УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДОРУН алып коюуну суранды. Анын айтымында, суроо-жооп учурунда айрым мекеме жетекчилери телефондорун чукулап, ойноп отурушат.
Кара-Балта СПИРТ ЗАВОДУ атаандаштыкка туруштук бере албай ишин токтотту. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан «КАРКЫРА» ӨТКӨРҮҮ пункту кайрадан ишке киргизилди. Эске салсак, ал былтыр октябрь айында жабылган эле.
Криминалдык авторитет КАМЧЫ КӨЛБАЕВ эркиндикке 8-июнда чыгат. Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев билдирди.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине САЛЫК ТӨЛӨМДӨРҮН накталай алууга тыюу салынды.
Бишкек ШИИББи жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кечки саат 22:00дөн кийин КӨЧӨГӨ ЧЫГУУСУНА тыюу салууну көздөөдө. Эгерде мыйзам кабыл алынса, түнү көчөдө жүргөн балдар кармалып, ата-энелери чакырылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаты ШИРИН АЙТМАТОВА «Балдар үйүнүн тарбияла-.нуучуларынын 3 маал тамак-ашына күн сайын 100 сомдон, ал эми бажы кызматындагыларга күнүнө 256 сомдон акча бөлүнөт»деди.
Кыргызстан Тажикстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алат. Ар бир киловатт-саат 2 центке бааланды.
Бакалавр, магистратура жана философия илимдеринин докторлугу боюнча үч деңгээлде АДИСТЕРДИ ДАЯРДООГО алты гана окуу жай уруксат алды.
Өкмөт айдоочулукту өз алдынча үйрөнүп алгандарга АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК алуу үчүн сынакка кирүүсүнө тыюу салууну сунуштоодо.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
SHATY
2014-05-26 12:09:49
Кыргызстан Тажикстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып
алат. Ар бир киловатт-саат 2 центке бааланды. -Уят! Бет деле калбай калыптыр силерде!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.