КЫТАЙГА ГАЗ ТҮТҮКТӨРҮН ӨТКӨРҮҮДӨН КЫРГЫЗСТАН 2,5 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ПАЙДА КӨРМӨКЧҮ

20-май күнү Шанхайда Кыргызстан аркылуу Кытайга газ түтүктөрүн алып өтүүгө байланыштуу меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, Кытайга Кыргызстан аркылуу өтүүчү газ түтүктөрүн куруу жана ишке киргизүү боюнча эки тараптын өкмөттөрүнүн ортосунда координациялык кеңеш түзүлөт.  
Бул багыттагы меморандумга кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, Кытай тараптан Кытай улуттук нефтегаз корпорациясынын башкы директорунун орун басары кол койду. Долбоорду ишке ашыруучу ишкананы Кытай тарап дайындай турганы белгилүү болду. Газ түтүктөрүн Гонконгдо катталган «ТрансКыргызГаз Пайплайн Компани Лимитед» компаниясы ишке ашырат.
Осмонбек Артыкбаев бул долбоор үчүн 1,5 миллиард доллар каралганын, аны ишке киргизүү 2016-жылга пландалып, Түркмөнстан газы Тажикстандан келип, Чоң Алай аркылуу Кытайды көздөй кетерин билдирди. Түтүктөрдүн узундугу 215 чакырымды түзөт. 
«30 жылдын ичинде Кыргызстан бул долбоордон 2,5 миллиард доллар пайда көрөт. Экологияга коркунуч келтирбейт, Кыргызстан өзүнүн чөнтөгүнөн акча коротпойт, экономикалык жактан абдан пайдалуу долбоор»,- деп билдирди Осмонбек Артыкбаев.


Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
begimai1989
2014-05-26 12:06:21
ооба коркунуч келтирилбейт чонтогунон акча кетпейт 2.5миллиард доллардын 1% окмотко 99%чонтокко кетет да чондордун
0
best-life
2014-05-29 02:20:47
Кыргызстан пайда корот дебей, бийликтин алдуусу, жаалдуусу,бекерчи кузгундар пайда корот десе окшошчудай.
0
raimzhanov81
2014-05-29 17:20:21
Пайда коргондо деле жыргатпайсынар го биздин жеп ичерлер.болбосо мигранттардын жиберген акчасынан эле байыса болот биздин олко.башкасын айтпай эле койолу.
0
Omur
2014-06-02 00:09:26
Абдан туура айтасынар ошол биздин министрлерге гана пайда алып келет
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан