Президент Алмазбек Атамбаев:«АЗИЯДАГЫ МАСЕЛЕНИ АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ ГАНА ЧЕЧИШИ КЕРЕК»

21-май күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кытайдын Шанхай шаарында болуп өткөн Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин саммитине катышты. Азия өлкөлөрүнүн 90 пайызын камтыган кеңешме аймакта коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо, азиялык өлкөлөрдүн кызматташуусун бекемдөө максатын көздөйт. Мындай кеңешмени түзүү идеясын 1992-жылы БУУнун генассамблеясынын сессиясында биринчи ирет Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча, жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү маселелери бүгүнкү отурумдун катышуучуларынын көңүл борборунда турат. «Бүгүнкү күндө Борбор Азиянын алдында турган коркунучтар тууралуу айтып жатып, аймагыбыз тышкы да, ички да коркунучтардын таасиринде экенин моюнга алышыбыз керек. Борбор Азия бир бүтүн аймак катары жеке коопсуздугуна шек келтире алган коркунучтарга даяр эместиги өзгөчө тынчсыздандырат.
Диний экстремизмдин өсүшү, террордук топтордун Борбор Азия өлкөлөрүнө кирүү коркунучу, ошондой эле баңги трафигинин өсүшү дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен Борбордук Азия өлкөлөрү өзгөчө көңүл бура турган негизги маселелер катары сакталууда. АӨИЧКнын катышуучуларынын ортосунда жогорку деңгээлде кызматташуу жана жалпы ишти максаттуу, комплекстүү уюштуруу гана натыйжалуу бөгөт коё алат»,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Президент учурда аймакта айрым көйгөйлөр бар экенин моюнга алды. «Аймактагы бардык талаш-тартыштар, анын ичинде чек ара маселелери да сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек. Мамлекеттик чек араларыбыз бизди бөлбөй, ишенимдин жана кызматташтыктын, достуктун чек аралары болушу керек»,- деп баса белгиледи мамлекет башчы.
Саммиттин жыйынтыгында АӨИЧКга мүчө өлкөлөр Шанхай декларациясын кабыл алды.
Бүгүнкү күндө АӨИЧК уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин саны 24кө жетет. Бул ирет аталган саммитке 11 мамлекет жетекчилери, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун баш болгон 10го жакын эл аралык уюмдар катышты.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан