КЫТАЙГА САПАР ЖЕМИШТҮҮ БОЛДУ

17-21-май күндөрү президент Алмазбек Атамбаев баштаган жоон топ делегация Кытай Эл Республикасында мамлекеттик иш сапарда болушту. Иш сапар 24 миллион тургуну бар Шанхай шаарында өттү. Бир жарым миллиардга чукул калкынын саны боюнча дүйнөлүк тизмекте биринчи орунда, ээлеген аймагы боюнча Орусия менен Канададан кийинки эле үчүнчү орунда турган бул ири державага болгон мамлекеттик иш сапар жемиштүү болду. Шанхайда журналисттер менен болгон маегинде ажо Кытайга болгон иш сапардын жыйынтыктары, Кыргызстандагы абал, парламенттик шайлоого даярдык тууралуу кенен сүйлөп берди. Биз окурманга иш сапардагы урунттуу учурларды өлкө башчысынын комментарийлери менен айтып берүүнү чечтик.

Мамлекеттик иш сапары тууралуу: «Алдыга кандай максаттарды коюп барган болсок, анын дээрлик баарына жетиштик».

Кытай жана кыргыздар тууралуу: «Кытай бардык тараптан жардам берели деп жатат, биз экономикалык жактан өнүгүү үчүн көмөк сурап жатабыз. Балык берсе эле ала бербей, балыкты кармаганды да үйрөнүшүбүз керек. Кыргыздар, арданбайлы, иштегенди да үйрөнүшүбүз керек. Мына, бир жарым миллиард кытай өзүн-өзү да багып, продукцияларды Кыргызстанга да жөнөтүшүүдө».

Мамлекеттик иш сапарга өлкө башчысын жубайы коштоп барды. Сүрөттө Кыргызстандын канайымы Раиса Атамбаева менен Кытай Эл Республикасынын канайымы Пэн Лиюань.

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу: «Кыргызстан бир векторлуу, Орусияга ыктаган тышкы саясат жүргүзүп жатат дегендер жаңылышат. Карап көрсөңөр, акыркы жылдары эң чоң жардамдарды, кредиттерди биз Кытайдан алып жатабыз. Демек, бизде бир багыттуу саясат жок. Түшүнүп турам, бир топ саясатчыларга Бишкектеги АКШнын базасы жабылганы, Грузияны же Украинаны туурап Орусия менен согуш ачпаганыбыз жакпай жатат. Бирок, чындыгында, бизге коңшулар менен жакшы жашаганыбыз керек. Ким тукурбасын, түрткүлөбөсүн, коңшулар менен согушууга барбайбыз».

Кыргызстандагы абал, стабилдүүлүк жана шайлоолор тууралуу: «Кыргызстанда стабилдүүлүк боюнча абал оңолуп келе жатат. Статистикага таянсак, 3 жыл ичинде митингдердин саны 3 эсе, митингге катышкандардын саны он эселеп азайды. Элдин көпчүлүк бөлүгү ким дос, ким кас, кимди ээрчисе болорун билип калды. Акыл-эстүү саясатчылар, андайлар Кыргызстанда көп эле, эми бийлик кландык негизде же мураска өткөрүп берүү жолу менен берилбей турганын, атүгүл, төңкөрүш менен да берилбей турганын түшүнүп жетишти. Алар шайлоого олуттуу түрдө даярдык көрүп башташты. Кимдир-бирөөлөрү президенттик шайлоого да даярданышууда. Ким шайлоого жакшы даярдык көрөт, ким элдин ишенимине ээ болот, ошол бийликке келет».

Экспорт тууралуу: «Кыргызстан товарды экспортоого караганда Кытайдан көп импорттойт. Жолугушууларда бул тууралуу айттык. Кытай тарап муну түшүнүп турат. Си Цзиньпин Кытай Кыргызстандан айыл чарба продуктуларын сатып алууга кызыкдарлыгын айтты. Алар биринчи кезекте жашылча-жемиш, кой менен уйдун эттерин сатып алууга даяр. Эми биздин айыл чарба өндүрүшчүлөрү мындай сунушка кантип ыкчам реакция кылып, мүмкүнчүлүктү пайдаланып кетишет, маселе ошондо».

Кытайга болгон мамлекеттик иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрө турган бир катар документтерге кол коюлду. Алардын эң негизгиси, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларация кабыл алынды. Ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун оңдоп-түзөөгө 30 миллион долларлык, сугат иштерин жакшыртуу максатында 300 миллион юандык грант бөлүнө турган болду. Кыргызстанды Кытай менен байланыштыра турган темир жолдун багыты жана түндүк-түштүк альтернативдик жолун толугу менен бүтүрүп, ишке киргизүү үчүн керектүү болгон 300 миллион доллардык кредит меселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланмакчы.

Шаиста Шатманова
Султан Досалиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
abc123
2014-05-26 10:49:05
Абдан жакшы экен. Орустардын козун карап журбой башка элдер менен коп коп мамиле тузуу керек.
0
nursultan1
2014-05-27 06:38:09
Кыргызстан чынын айтканда кытайдан жок дегенде эле кара жумушту кантип кылганда жакшы натыйжа берерин уйронушубуз керекю Президентти жамандап отура берсек артта эле калбасак алдыга жылбайбызю
0
TolonturCN
2014-05-31 08:27:47
nursultan1, 1 Жарым миллиярд Кытайда эмгек күчтөрүнүн маселесин чечүүнү кылдат өздөштүрүп келе жатата, кыскасы жумушсуз, иш тапбай темселеп жүргөндөр жокоо эсе болуп баратат десем да жаңылышпайым. жумушсуздарды, кара жумуштагыларды мамлекет ичинде эле иштетишет, эгер чет өлкөгө чыгып иштөөгө туура келсе алардын укугун коргоп келе жатышат.
0
Elnuram090
2014-05-27 08:31:15
карапайым эл митинг кылбай калды деп суйунуп атышатко э?ТС кирип эл кыйналганда элди эч ким токтото албай калат ошондо коробуз элдин тушунгонун бирок дагыда болсо артка кетебиз.
0
Munar_6052
2014-05-27 14:25:36
Атамбаев эмне аксап калганбы? Таякчан журотко.
0
uluk1982
2014-05-27 16:31:43
Коррупция менен курошконду биринчи уйронгуло э.... минерлер!!! бирок баарынар атылып кетесинер го чиркин!!!
0
pakiistanka
2014-05-27 20:26:54
Pakistanga da barsa go iw sapar menen jirgayt elem
+1
TolonturCN
2014-05-31 08:33:32
Кыргыз падышасынын Кытай падышасы менен болгон жолугушуусу жакшы деңгээлде өттү. негизи КР Кытай менен эң жакшы өнөктөштүк орнотсо көп мүмкүнчүлүктөр бар, КР орто Азияга Кытайдан чыгып жаткан товарлардын бажысынан жакшы пайда тапса болот, КР ички өндүрүштөрдү дүйнөдө жан саны эң көп болгон Кытай мамлекетине эле эеиспорттоп эң жакшы базар тапса боло
0
ms-23
2014-05-31 09:18:51
илгери кыргыздын душманы кытай болгон. абайлап мамиле кылуу керек
0
mikatagaev
2014-05-31 13:05:40
Ilgeri kyrgyzdyn dushmany orustarda ozbekterda uigurlarda bolgon, mne emi baary menen mamileni toktotup kouysh kerekpi, micaly baitik baatyrdy orustarle olturup salgan, birok azyr 21 kylym bawka olkolor mn til tabsan ishteshsen onugosun, jaljayip bul bizge duwman bolgon dep otursan otura beresin mankurtka okwop
0
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан