Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон өзбектердин “Супер келинчек” тасмасын ким билбейт? Үлгүлүү келиндин символу болуп калган Диана ал тасма аркылуу эркектердин жүрөгүн багындырган. Бирок учурда актриса мекенинен башка жакка башпаанек издеп кетүүгө мажбур болуптур.
Мазмуну
Тасма түбөлүк маселе болгон кайнене менен келиндин мамилесин козгойт. Заманбап кыз Диана шаардагы боулинг ойногон клубдан Сардор аттуу жигитке жолугат. Экөө ким утат деп мелдеше кетишип, ортого минген машиналарын сайышат. Диана баарынын оозун ачырып, жеңип алат. Бирок сүйлөшүлгөндөй ал Сардордун машинасын алуудан баш тартып, досторунун алдында уят кылып басып кетет. Натыйжада, ызаланган Сардор досу менен кайра мелдешет. Бул жолу ал жеңип чыгып, Дианага үйлөнөт. Диана башка улуттан болгондуктан, Сардордун апасы уулунун ага үйлөнүүсүнө каршы чыгат. Анын үстүнө, кичинекейинен өзү сүйлөшүп койгон кошунасынын кызын албай койгондугу үчүн уулуна жини келип, ар кандай шылтоо менен келинин кетирип жиберүүнү көздөйт. Өзгөчө кайненесинин дарыгер менен макулдашып, эки жашка экөө балалуу боло албастыгын айткан маалыматычы, айтор, байкуш Диана сүйгөнү үчүн көп кыйынчылыктарга дуушар болот. Анан, албетте, аягы бактылуу аяктайт.
Өзбектердин Гайдайы
Бул фильм режиссёр Бахром Якубовдун кезектеги жемиштүү эмгеги. Буга чейин таланттуу режиссёр эл сүйгөн тасмаларга айланып калган “Фатима жана Зухра”, “Согдиана” аттуу фильмдерди тартып, элдин сыноосуна сунуштаган. Аталган чыгармалардан кийин Якубов эми комедия жанрында да өзүн сынап көрүүнү чечкен. Көптөгөн эмгектери үчүн Өзбекстанда Бахром Якубов татыктуу түрдө “өзбектердин Гайдайы” деген атка конгон.
Фотомоделден актрисалыкка
Режиссёр “супер келинчектин” ролу үчүн көптөгөн кыздарды сыноодон өткөргөн. Чындыгында, бул образды жаратуу үчүн ар тараптан төп келишкен кызды табуу керек эле. Акыры Якубов башка улуттан болсо да, Диана Ягофарова аттуу фотомоделге токтолгон. Убакыттын өзү көрсөткөндөй, ал жаңылышкан эмес. Диананын жараткан образы тез арада элге сиңип, ал үлгүлүү келиндин символу болуп калды. Модель кыз өз ишин мыкты аткарып, тасмага көрк кошуу менен гана тим болбостон, өзү да популярдуулукка жетти. Буга миңдеген өзбек эркектеринин Диананын сүрөтү тартылган плакаттарды үйүнө илип алышкандыгы далил боло алат. Ал эми улуту тууралуу актрисанын өзү: “Менде көп кан аралашкан. Ошондуктан улутумду тактап убара болуунун кереги жок. Славян улутунда деп койгон гана жетиштүү”,- деп айтып келет.
Бул да тасмага таандык
Чырга айланган порноролик
«Супер келинчек» мыкты кабыл алынып, эл жүрөгүнөн орун алганы менен, кийинки кездерде тасманын режиссёру менен башкы каарманы тууралуу түрдүү кептер айтылууда. Буга себеп Бахром Якубовдун актриса Диана Ягофарова менен интимдик катнашын көрсөткөн порноролик болгон. Учурда роликти чөнтөк телефондордон, интернеттен көрүүгө болот. Сенсация жараткан бул роликтен кийин Бахром менен Диананын Өзбекстандагы карьерасына кара чекит коюлду дешет. Айрым маалымат булактарына таянсак, Бахром Якубов порнографияны тартканы үчүн камакка алынып, Диана Ташкент шаарынан качып кеткен. Бирок аз убакыттан кийин камактан чыккан Бахром Якубов Алматы шаарына сапар тарткан. Ал эми бул ролик кандайча тарап кеткен деген суроого төмөндөгүдөй версиялар бар. Алсак, режиссёр актриса менен болгон 17 мүнөттүк төшөк кумарын камерага өзү тарткан. Анан ал көрө албастарынын колуна тийип, алар аркылуу жайылып кеткен. Дагы бир версиясы боюнча баарын Якубов өзү жасаган. Тактап айтканда, өзү тартып, интернетке да өзү киргизген. Анткени элге кара пиар менен болсо да популярдуулугун арттыргысы келген. Кызыгы, ролик жайылгандан кийин ал көп жылдан бери албай жүргөн мурутун кырып салган. Айрымдар “бул жоругун роликте таанылбай калуу үчүн кылды” деп айтышууда.
«Каармандардын» өздөрү эмне дешет?
Бахром Якубов, режиссёр:
– Роликтеги адамдар биз эмес. Бул менин тасмадагы ийгилигимди көрө албаган кара ниет адамдардын атайын жасаган иши. Мындай каралоого бардык эле төбөсү көрүнгөн адамдар дуушар болушат. Күйгөнүм, адамдар окуянын ак-карасын териштирбей кабыл алып жатышканы.
Диана Ягофарова, актриса:
– Чындыгында, мени Бахром аке жылдыз кылды. Бирок ортобузда эч кандай мамиле жок. Мындай жагымсыз окуя, албетте, менин карьерама терс таасирин тийгизет. Бирок досторумдун, жакындарымдын жардамы менен бул соккуну көтөрө алам.
Албетте, биз ак же көк дегенден алыспыз. Болгону, аталган ролик таланттуу режиссёр менен актрисанын карьерасына чекит койгонбу деген ой кошкубуз келет. Анткени Якубовдун жакында тартылган “Зирапче” аттуу тасмасынын премьерасына бир да көрүүчү келбей койгон.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg