10 жылдык, 20 жылдык. Мектеп уясынан учкандан он жыл, жыйырма жыл өткөн соң болчу салтанатка бардыгыбыз даярданабыз. Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн быйыл он жылдыкка Темир Назаров, Ислам Акматов, Асема, Асел Чоткараева барса, 20 жылдыкка «Кеңеш» тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов барат экен. Жылдыздар мындай жагымдуу иш-чаранын алдындагы сезимдери менен бөлүштү...
Темир Назаров:«3-4 МУГАЛИМ МЕНДЕН КОРКУП ТҮРКИЯГА КАЧЫП КЕТИШКЕН»
– Мен Ош кыргыз-түрк лицейин бүтүргөм. Ашынган тентек окуучу элем. Мугалимдер мага же менин досторума кол көтөрүп койсо, кадимкидей мушташкан учур да болгон. Өчөшкөн 3-4 мугалим бар болчу. Мектепти аяктасам ошолорду сабайм деп жүрчүмүн. Алар да оюмду сезип калышкан окшойт, лицейди аяктаарым менен менден коркуп Түркияга качып кетишкен (күлүп). Классташтарым менин эң жакын адамдарым. Анткени 6-класстан 11-класска чейин чогуу уктап, чогуу тамактанып, чогуу сабакка даярдандык. Үйгө жумасына бир эле жолу барчубуз да. Ошондуктан он жылдык биз үчүн чоң майрам.
Асема:«АЯБАЙ ЫЙЛАП КОШТОШКОНБУЗ»
– Мен 2004-жылы борборубуздагы №5-мектепти аяктагам. Классташтар мектепти аяктап жатканда экинчи көрүшпөй калчудай болуп аябай ыйлап, таарынышып жүргөндөр бири-бирибизден кечирим сурап коштошконбуз. 24-майда мектепке барып, класс жетекчибиз жана башка мугалимдер менен жолугушуп, андан ары кафеде майрамдамак болдук.
Ислам Акматов:«МЕКТЕПТИ САГЫНАРЫМДЫ БИЛГЕМ»
– Мен Бишкек шаарындагы №58-мектепти бүтүргөм. Башка классташтарымдай болуп «мектепти эртерээк бүтсөм экен» деген эмесмин. Анткени окуучулук күндөрүмдү сагынарымды билгем. Биздин мектепке Манас айылы жакын да, сабактан чыгып алып сөзсүз ошол жерге барып, андан ары алма бакка кетчүбүз. Кыскасы, үйгө кечинде барчубуз. Азыр ошол күндөрдү сагынам, кайрып алгым келет. Кайрып алуу колумдан келбесе да, классташтар чогулуп, сагынычтарды таратабыз деп турабыз. Салтанатка 5000 сомдон чогулттук. 24-майда мектепке барып эже-агайлар менен жолугабыз, андан кийин өзүбүзчө майрамдайбыз.
Асел Чоткараева:«ОКУУЧУЛУК КҮНДӨРҮМДҮН АРТТА КАЛГАНЫНА ИЧИМ АЧЫШАТ»
– Бишкек шаарындагы №52-мектепти 9-класска чейин окуп, анан музыкалык окуу жайга тапшыргам. Учурунда окуучулук күндөрдү баалабайт экенбиз да, эрте чоңоюп, бой жеткенге умтулчубуз. Бала кездеги эң сонун көндөрүм мектептеги классташтарым менен өттү. Мугалимим Гүлбайра Арстанбековнаны баарыбыз жакшы көрчүбүз. Ошол эжекебизди, классташтарымды, мектебимди аябай сагындым. Мектеп учурундагы сезимдер таза, эч кайталангыс экен.