Тамашакөй, таланттуу ырчы кызыбыз Нэна 17-майда кыргыздын санын дагы бирге көбөйттү. Ырчынын ымыркайы борбордогу төрөт үйлөрдүн биринде 3 килограмм 750 грамм салмакта жарыкка келди. Наристеге азырынча ысым ыйгарыла элек. Анткени атасы учурда командировкада. «Улуу балам жакында экиге чыгат. Бөбөгүнүн жанына барат да, кайра айнып кетип, мени кызганып, инисине жини келе баштайт»,- дейт Нэна.