Жакында эле Куралбек Чокоевдин «Браво» фильминдеги башкы каармандардын бирин ойногон Эля аттуу кызды жандап жүргөнүнө күбө болдук. Ырчы жигитке «той жакындабы?» деп кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп берди: «Эля менен жакындан таанышууга, жигит катары көңүлүн табууга аракет кылып жатам. Азырынча ортодо алоолонгон сүйүү тутана элек. Балким, чын эле, сиздер айткандай, той жакындадыр»,- дейт Куралбек мырза.