Актёр Замирбек Сооронбаевдин уулу, ырчы Айбек Замирбеков атасынын изи менен кетүүнү туура көрдү. Ырчы учурда атасынан сабак алып, сценарийдин негизинде репетиция кылып комедия жанрында тартылчу тасмага даярданып жатат. Фильмде Айбектен башка дагы ырчылар катышат, мисалы, ырчынын кесиптеши, сүйүктүүсү Назгүл Токтакунова да роль жаратат. Ал тасманын аты азырынча сыр бойдон сакталууда.