Урматтуу ата-энелер!
«Супер-Инфо» гезити жана super.kg порталы 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Эгиз бөбөк» аттуу сынак өткөрмөкчү.
Эгерде сиздин 3 жаштан 7 жашка чейинки эгиз балдарыңыз болсо, анда алдын ала бизге телефон аркылуу байланышып, каттоодон өтүшүңүз керек. 30-майга чейин каттоо кабыл алынып, 1-июнь күнү жыйынтык чыгат.
Сынактын шартына ылайык, наристелер бир кызыктуу номер (ыр, бий же кандай өнөрлөрү болсо) аткарып берүүлөрү керек. Балдарыңыздын өнөрүнө кыргыз эстрада жылдыздары менен чогуу күбө болуп, жеңүүчүлөрдү бирге аныктайбыз. Жеңүүчү бөбөктөрдү «Супер-Инфонун» белектери күтөт.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 402 Электрондук дарек: balakai@super.kg
Байланыш телефону: (0312) 32-33-22