ЗАМИР КАЗАКБАЕВ

Шаңдуу үнү менен көпчүлүк радио угармандардын сүйүктүү ди-джейине айланып келаткан «21-кылым» радиосунун ди-джейи Замир Казакбаев менен тааныштырабыз.

Замир 1977-жылы 26-октябрда Тоң районунун Карашар айылында төрөлүп өскөн. Кесиби боюнча актёр. Бош убактысында тоого чыгып эс алганды жана футбол ойногонду жакшы көрөт.

– Замир, чыгармачылык жолуңуз кайдан башталган?
– Негизи, мен мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Ыр жазып, обон жаратчумун. Актёрлукка да кызыкчумун. Ошол актёрлукка болгон кызыгуум кийин Искусство институтунун театр жана кино факультетине тапшыруума түрт­кү болду. Студент кезимден эле телерадионун иштерине аралаша баштадым. Алгач теледе «Рахмат сизге», «Топ-таш» берүү­лөрүн алпарып жүрдүм. Андан соң «21-кылым» радиосунда штаттан тышкары иштедим. Ошентип, чыгармачылыктын үстүндө алектенип жүрүп окуумду бүт­түм. Кичине кезимден тилек кылган кесибимдин ээси бол­гон соң, «Учур» телетеатрына ишке орноштум. Көп узабай сүйүктүү радиомо кай­тып келдим. «21-кылымда» иштеп жатканыма быйыл үч жылдын жүзү болот.

– Ди-джейлик сизге эмнеси менен жагат?
– Мен жумушка бир күн кел­бей калсам студияны жана микрофонду абдан сагынып калам. Себеби, булар аркылуу мен угармандарым менен баарлашам, пикир алышам.

– Эфир учурунда ыңгайсыз абалга туш болгон учурлар болсо керек.
Көбүнчө мен ыңгайсыз абалга «Тамаша» берүүсүн ал­парып жатканда учурайм. Анткени, тамашаны көтөрө албаган адамдар кездешет. Ошондон улам катуу айтып же кагып салганда өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Бирок, жылуу сөздөрдү айтып, абалды оңдоп кетүүгө аракеттенем. Эң кызыгы, кээ бир мүнөзү урушчаак угармандар эфир бүткөндөн кийин телефон чалышып «тамашаң үчүн сотко берем» дегендер дагы кездешет.

– Ар бир ди-джейдин алпаруу стили, өзгөчө­лү­гү болот дейт. Сиздин өз­гөчө­лүгү­ңүз эмнеде?
– Негизи, мен түз байланышка чыкканымда дайыма угармандар менен тамашалашып, колдон келсе күлдү­рүп, элге көтө­рүңкү маанай тартуулаганга аракет кылам.

– Ыр жазам, обон жаратам деп айтып кеттиңиз. Демек, ырчылыкка да кызыгат турбайсызбы?
– Ооба. Менин ырларымды учурда жаш ырчылар аткарып жүрүшөт. Мисалы, «Сүйүү оту» деген ырымды Султан Садыралиев аткарып келет. Жакында Мирбек Иманбековго бир ыр жазып бердим. «Ата-эне» деген ырымды да буюрса, жакын арада радиодон угуп каласыздар.

– Күйөрман кыздарга кандай мамиле жасайсыз?
– Урматтап, жакшы мамиле жасайм. Анткени, күйөр­ман – бул сенин чыгармачылыгыңды сыйлаган адам.

– Кандай стилде ки­йин­генди жактырасыз?
– Көбүнчө спорттук кийимдерди кийем. Себеби, классикалык кийимдер мага анчейин жараша бербейт.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан