ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-майдан 1-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада маанилүү баарлашуулардан жолуңуз болот. Коңшу шаар же айылдагы тааныштардыкына барууңуз күтүлүүдө. Шаршембиде аласа-бересеңизди такташып, бейшембиде берген убадаларыңызды аткарууга киришесиз. Жума күнү көп энергия короткон ишиңизден киреше түшөт. Жекшембиде арты чууга айланчу ишке аралашуудан сак болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Окуяларга бай апта. Маанилүү деген маселеңизди чечип, керектүү адамдарды да пайдалана аласыз. Шейшембиде сизди таң калтырган жаңылыктарга ээ болосуз. Бейшембиде кокустукка кабылбаш үчүн балдарга көз салуу кажет. Жума күнү жакыныңызга жаңы кийим алып берип сүйүнтөсүз. Ишембиде достордун чөйрөсү өзүнө тартат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ийгилик жылоолой турган мезгил. Маанилүү иштерди бүткөрүүгө жетишип калыңыз. Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн сунуш түшөт. Шаршембиде майда жол кырсыктары күтүлүүдө, сак болуу зарыл. Бейшембиде туугандардын ортосунда чыр чыгышы мүмкүн, бейтараптыкты сактаңыз. Дем алыш күнү үйгө эмерек алуу же үйдү кайра жасалгалоо иштери чыгат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада эмне менен алектенсеңиз да, жыйынтыгы жакшы болот. Кыймылдуу мүлк жаатындагы сүйлөшүүлөр сиздин пайдаңызга чечилет. Шаршембиде шылуундардын торуна түшпөөгө аракеттениңиз. Бейшембиде келечекте жакшы көз ирмемдерди тартуулоочу адам менен таанышасыз. Жекшембиде издеген буюмуңуз колуңузга тиет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Чоң окуянын болуп өтүшү күтүлүүдө. Ал сизге чыгаша алып келип, жашооңузда баш аламандыкты жаратышы мүмкүн. Андыктан маанилүү иштерди пландабай туруңуз. Шейшембиде үйдөн чыгып жатып, электр шаймандарынын өчүрүлгөндүгүн бир сыйра текшериңиз. Жума күнү сизди алдаган адамдын бети ачылат. Жекшембиде конок күтүшүңүз мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада жетекчиликке моюн толгобой, ишти так аткаруу кажет. Болбосо жаңы иш издеп каласыз. Шейшембиде сизге жагымсыз адам менен чогуу бир маселени чечүүгө туура келет. Шаршембиде пайдасыз нерсени сатып алуудан карманыңыз. Бейшемби кыялдагыларды ишке ашырууга ыңгайлуу күн. Ишембиде ачкыч же башка буюмду жоготуп алуунун алдын алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада соода жаатында иштегендер пайдалуу келишимдерди түзүшсө, кызматкерлер сыйлыкка илинишет. Шейшембиде сизди сынга алгандар чыгат, уккандарды кулактан тыш кетирүүгө аракеттениңиз. Бейшембиде үй-бүлөлүк бюджетиңизге акча кошулат. Жума күнү сүйүүдөн, жолугушуулардан жолуңуз болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Көйгөйлөрдү чечүүгө күчүм жетпейт деп кайгыруунун кереги жок. Анткени баарын ордуна коюп, ал тургай ийгиликти багынтчу кез жакын. Шейшембидеги күтүлбөгөн кырдаал чыдамдуулукту талап кылат. Шаршембиде олжолуу болуп калууңуз ыктымал. Бейшембиде тааныштар үйүңүздүн босогосун атташат.
Жекшембиде узак жол жүрүүңүз мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жагымдуу да, жагымсыз да сюрприздер күтөт. Аброюңуздун түшүшү же өсүшү кылык-жоругуңузга жараша болот. Дүйшөмбүдө сапатсыз буюмга туш келбейин десеңиз, ойлонбой туруп буюм сатып албаңыз. Шаршембиде сизди кайсы бир ишке катыштырууга аракет кылышат. Макулдук берерден мурун артын ойлоо зарыл. Ишембиде оңой жол менен акча таба аласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Суу, өрткө байланыштуу жагымсыз кырсыктар күтүлүүдө. Электр шаймандары менен суу крандарынын абалына көз салып, оңдотчу жерлерин оңдотуңуз.Шейшембиде иштер көп чыгат.Бейшембиде көзүңүз менен көрбөгөн соң ушактарга ишенбеңиз. Ишембиде ишенип бирөөлөргө акча бербеңиз. Жекшембиде керектүү документ колуңузга тиет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада машина жана жер тилкесине байланыштуу маселелер оңой чечилет. Болгону эл менен тил табыша билүү кажет. Дүйшөмбүдө акча тартыштыгы жаралып, карыз алууңуз мүмкүн. Шейшембиде күмөн келишимдерге кол койбоңуз. Шаршембиде жетекчилик маселени сиздин кызыкчылыгыңызга чечип берет. Жума күнү кызыктуу сунуштун ээси болосуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта башында жагымдуу маанай тартуулай турган алыс жолго чыгышыңыз күтүлүүдө. Апта ортосунда сүйүү мамилесине өсүп жетчү кездешүү болот. Бейшембиде бирөөгө жардамыңыз тийип, ал сиздин чөнтөгүңүздү кампайтат. Жума күнү көңүлүңүз жайында болбой, бирөөлөрдү таарынтып аласыз. Ишембиден тарта жашооңузга өзгөрүүлөр кире баштайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 603, 23-май-29-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан