(Башталышы өткөн сандарда)
Илим иш бөлмөсүндө арыздарды карап жаткан. Аңгыча Абдыкеримов Тариел деген жазууга көзү токтоду. Жакшылап окуп чыкса Тариелдин дарегине жазылган арыз экен. Көптөн күткөн учур келди окшобойбу. Бир кездеги чындыктын өтөөсүнө чыга албай, сүткө оозу күйгөн эле. «Урушта туруш жок» деген ураан менен иштеген Илим ошол замат жардамчыларына арыз ээсин чакырууну буюрду. Арадан бир саат өтпөй улгайган бир киши Илимдин маңдайында отурду.
– Саламатсызбы? Окуя тууралуу кененирээк айта кетсеңиз.
Илим сыпайы сүйлөй беркинин көздөрүнө тике карады.
– Окуя менен таанышып чыккан чыгарсыз, арызда кенен эле жазгам. Бирок менде дагы бир чындык бар. Инимдин өлүмүнө кээде өзүмдү күнөөлүү сезем. Себеби, мен азыркы тапта акчанын күчү менен эркиндикте сайрандап жүргөн жигитке бир кезде өзүм жардам берген элем...
Тиги киши мөңкүрөй башын мыкчыды.
– Кандайча?
Илим ынтызар боло суроо узатты. Бет маңдайында отурган киши Тариелдин атасы Саматтын таанышы экендигин, бир кезде алардын пайдасына Айдай аттуу кызды «зордукталган эмес» деп жасалма соттук-медициналык жыйынтык кагазын чыгарганын өкүнүү менен баяндады.
– Демек, иш ушундай бурмаланган тура. Бул окуяны сиз сотто айтып бере аласызбы?
Иштин чоо-жайын эми түшүнгөн Илимдин бул суроосуна тиги ынанымдуу жооп кайтарды.
– Ооба!
ххх
Айдайдын таарынычы көпкө созулбады. Бекзат күн алыс гүл көтөрүп келип Айдайдан кечирим сурайт. Акыры анын сүйүүсүнө ынанган Айдай кечирүүгө мажбур эле. Анын үстүнө өзү да ансыз жашоо кунарсыз экенин туйду.
– Ыраазымын, жаным.
Бекзат сүйүктүүсүнүн кечиргенине жетине албай турду.
– Биз бактылуу болобуз деп ишенем, жаным.
Айдайдын да кубанычында чек жок эле. Эркелей жигитине башын жөлөдү. Экөө табышып, үйлөнүү үлпөт тою кайсы күнү болорун белгилеп алышты. Жеке жашоосун жакшы нукка буруп алган дем алыш күнү Айдай бөлмөсүндө жалгыз жатты. Миң түркүн ойго жетеленет. Көптөн бери жүрөгүн бир маселе өйүйт. Өгөй кыз экенин билген соң ата-энесине «мурда неге айтышкан эмес» деп таарынып жүргөн. Бирок «бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» деген кеп анык бейм, Керимдерде күнөө жок экенин туят. «Мени төрөгөн ким? Азыр кайда болду экен?» Ушул суроолорго жооп таба албай, көпкө чейин убара болуп жүргөн. Аңгыча бир ой кылт этти да, дароо атып туруп Айдарга жөнөдү. Эмнегедир мурда өзүн төрөгөн апасына жолуккусу келбептир. Балким, таштап кеткени үчүн таарынган чыгар. Бирок бул жолу ал айымды бир жолу болсо да көргүсү келди. Жолдон жүрөгү элеп-желеп болуп, толкунданып чыкты.
ххх
Канышай чарбагында гүл сугарып жүргөн. Эшиктин коңгуроосу шыңгыраганынан чыкты да, турган ордунда нес болду. Бет маңдайында Айдар менен Айдай турган эле. Айдай Канышайды бир жерден көргөнсүдү, бирок кайдан экенин эстей алган жок.
– Апа!
Өмүрүндө биринчи жолу жолуккан айымды кантип "апа" деп жибергенин байкабай калды.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков