«Даңазалуу кылым» сериалынын 2-сезонунда пайда болгон бул актёрду баарыбыз мыкты жоокер, иш билги, жоопкерчиликтүү падышанын уулу жана жанда жок кайрымдуу каарман катары билебиз. Түрк актёру Мехмет Гүнсүр султан Сулеймандын тун уулу, такка келчү биринчи талапкер Мустафанын бой жеткен курагын ойнойт. Анда Мехмет Гүнсүрдүн өмүр таржымалы жана сериалдагы кызыктар менен бөлүшөбүз.
Толук аты -жөнү – Мехмет Гүнсүр
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 8-май
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Кесиби – Актёр, модель, продюсер
Бою – 178 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү
Кинодогу дебюту – 1989-жылы «Кечиккен жаздын мимозалары» фильми
Наамдары – «Алтын апельсин» кинофестивалында атайын калыстардын сыйлыгына татыган, Мустафанын ролу үчүн «Elle» журналы «Мыкты актёр» деп тапкан
«ФАТИХТИН МЫЙЗАМЫ» ЭҢ КӨП КОЛДОНУЛГАН ОСМОН ИМПЕРИЯСЫ
Дүйнөлүк тарыхта, анын ичинде түрк падышалыгында так талашып, падыша уулун же агасы инисин өлтүргөн учурларды тарых барактарынан окуп эле жүрөбүз. Түрктөр айрымдардан айырмаланып бул нерсени баш мыйзамга киргизишкен. Ал «фатихтин мыйзамы» деп аталат. Бул мыйзамда такка отурган падыша бир тууган ага-инилерин тукум курут кылып өлтүргөнгө милдеттүү. Аталган салтты Осмон империясынын падышасы Мехмет II агасы Ахмед-Күчүктү сууга чөктүрүүгө буйрук бергенден кийин баш мыйзам катары бекиткен. Андан бери түрк падышалыгында так үчүн далай баштар алынып, ошол эле султан Сулеймандын уулу Селим II иниси Баязидди эки баласы менен жок кылганын тарых барактары тастыктап келет.
МУСТАФАНЫН ӨЛҮМҮ ХАЛИТ ЭРГЕНЧТИ ЫЙЛАТКАН
«Даңазалуу кылымдагы» шахзаада Мустафанын муунтуп өлтүрүлгөн сериясы көрсөтүлгөндөн кийин 500 жыл мурун курулган Мустафанын Бурса шаарындагы мавзолейин көрүү үчүн агылган туристтердин саны көбөйгөн. Ал эми султан Сулеймандын ролундагы актёр Халит Эргенч Мустафанын өлүмү тууралуу «Баш кесерлер буйрукту ишке ашырып, Мустафаны муунтуп жатканда «Ата!» деп кыйкырган жери мен үчүн өтө аянычтуу болду. Осмон падышаларынын абалына кирип, канчалык түшүнгөнгө аракет кылсам да, ичимден бул нерсеге толугу менен каршы элем. Мустафа өлүп, аны колума алганда да колдорум титиреп ыйлагам. Бул эпизодду кайра-кайра тартканбыз, бирок ар биринде кыйналбай ыйлап жатканым бул окуянын таасирдүүлүгүнөн болсо керек» деген оюн билдирген. Ал эми Мехмет Гүнсүр «Мен башында эле аягында өлөрүмдү билчүмүн. Тартуучу топтогулар да мени акырындан бул нерсеге даярдап жатышты. Мен Мустафадай эрктүү, өлүмдөн коркпогон баатырдын ролун аткарганыма сыймыктанам. Мындай баатырлар кылымда бир гана жолу төрөлөт. Бул ролдун мага буюрганы мен үчүн жеңиш» дейт.
ЖАШООДО МУСТАФА МАХИДЕВРАНДАН 6 ЖАШ УЛУУ
Түрк актёру Мехмет Гүнсүр мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө эки бир тууган. Эжеси балет бийи боюнча хореограф. Мехмет 7 жашында жарнамалык түрмөккө тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Өспүрүм кезинде музыкага кызыгып, түрктөрдүн «Dawn» (Агарган таң) аттуу тобунун солисти болуп жүргөн. Аны менен кошо ресторанда бармен болуп иштеп жүрүп, жеке ресторандык бизнесин түптөгөнгө да жетишкен. Италиядагы лицейди аяктаган соң Стамбулдагы Мармара университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Мехмет актёрлукка караганда моделдик бизнес менен көбүрөөк алектенет. Анткени анын жүзүн өзүнүн жарнамасында көргүсү келген компаниялар көп. 2006-жылы италиялык режиссёр айым Катерина Моджиого баш кошуп, учурда үч баланы тарбиялап келишет. Кызыгы, Мехмет Гүнсүр үй-бүлөсү менен Рим шаарында жашагандыктан «Даңазалуу кылым» сериалы үчүн атайын Түркияга көчүп келген. Бирок балдарынын келечекте сапаттуу билим алышы үчүн актёр Римде жашоону туура көрөт. Дагы бир сериалдын күйөрмандарын кызыктырчу жагдай, тасмадагы апасы Махидеврандын ролундагы актриса Нур Айсандан Мехмет Гүнсүр 6 жаш улуу.
Лунара Бекиева
star@super.kg