«Балдарым бар – бактым бар! Ошолор үчүн жашап жүрөм бул жарыкчылыкта. Миң ирет алардын атасына нааразы болсом да, бизди байланыштырып турган наристелер экенин эстегенде акылыма жан дүйнөм баш бербей, ичимде бороон-чапкын башталат. Мен баары бир бул нерсени ушул боюнча калтырбайм. Ал менин укугумду тууган-уругу менен кандай тебеледи, кандай басмырлады? Мен да алардын жазасын бергенге тамчы каным калганча күрөшөм!»- деп каарманым башынан өткөн тагдырын баяндап жатты.
«МЕНИ АЛА КАЧЫП КЕТКЕН»
«Кечээ акыйкатчыга бардым. «Сендей кордук көргөн келиндер көп, бирок бирөө келип расмий кайрылуу жасаган эмес» деди» деп сөзүн баштады Надира аттуу келин. Ал жалпы укугу тебеленген кыз-келиндерди биригүүгө чакырып, жар салуусун жарыялообузду өтүндү.
– 2006-жылы 19 жашымда мени Ошко Кожакмат аттуу жигит ала качып кетти. Той шаанисин кылып мени каадалуу алышкан жок. Кайненем балам келинчек алганда жамынсын деп жууркан-төшөк деле камдабаптыр. Той бүтүп, эки жакты жыйгандан кийин урук-туугандары келип жууркан-төшөктөрүн алып кетишти.
Кайнене, кайнатам экөө тең 5 маал намаз окуган, Алласы оозунан түшпөгөн немелер. «Кудайдан бөлөк нерселерге ишенүү ширк» деп кобуранып калчу. Бирок шейшеп жууш үчүн жууркандан чечип жатканда бурчунан ар түстөгү 9 жолу түйүлгөн жип-шууларды көрүп жүрдүм.
Күйөөм болсо эч жерде иштебейт. Бир күнү эптеп жолдошумду көндүрүп, «Бишкекке барып иштеп келели» дедим. Атасынан сурансак «жолуңарга тыйыныңар барбы? Төрт тарабыңар кыбыла» деп койду. Эптеп бирөөдөн карыздап акча таап алып жөнөп кеттик.
«БИШКЕККЕ КЕЛДИК...»
– Билесиздер, Бишкектин бир канча пайызын чет жакадан келип, тиричилик кылалы деп жаңы үйлөнүп алып батирге чыгып жашагандар түзөт. Туруктуу жумушу барлар шарты бар үйлөргө батирге чыгышса, бизге окшоп келечеги тумандаган үй-бүлөлөр жаңы конуштардагы 3-4 чарчы метр бир бөлмөлүү үйлөрдө тиричилик кылышат. Биз да ошондойлордун катарына кошулдук. Мен шаардагы тамактануучу жайлардын бирине ишке орноштум. Жолдошум адаттагыдай эле бош.
2008-жылы кыздуу болдук. Кызымды чоңойтуп үйдө отуруп калдым. Жолдошумдун тапканы батир акысынан ашпайт. Анысы аз келгенсип кайним, кайын сиңдим келип кенедей үйүбүзгө кошо жашап алышкан. Анан кайдагы жубайлык парзыңды аткармак элең? Күйөөм үйдөн таппаганын көчөдөн издеп кетет. Жыл айланган соң экинчи уулдуу болдук. Ошол маалда бир тууган эжем рак оорусуна чалдыгып, каза болуп калды. Куда-сөөк болгондон кийин кошумчасын кой, бирөө басып келип бата кылып койгон жок.
Бир күнү күйөөм «Орусияга барып иштеп келем» деп калыптыр. Макул деп ал жакка да жибердим. Барып алып дагы иштебей, темселеп жүрүп тез эле келди. Мен ал маалда бул жактан насыяга алып, чакан дүкөн ачып соода-сатык кылып жаткам. Анан тели-теңтуш деген болот экен. «Базарлык барбы?» деп тоорушса, «баламдын тоюна чакырам» деп «балп» эттирип салыптыр. Өзү бир шым, бир көйнөк менен келген бечарада кайдагы акча? Акыры ыйлай-сыктай намыстанганыман макул болдум.
«ӨЗҮМ ОРУСИЯГА КЕТТИМ»
– Той да болот, тойдун эртеси да болот... Карызга белчеден баткан жаныбыз эптеп бир айла таап алган насыябыз менен карызыбыздан кутулуунун жолдорун издеп, балдарды апама таштадым да, өзүм Орусияга кетип калдым. Ал жакка барып тааныштан тааныш таап иштеп баштадым. 10 күндөн кийин эле айрым документтеримди толуктап, Орусиянын жарандыгын алып алайын деп кайра Кыргызстанга келсем, балдарым катуу сагынган экен. Баягы ооруп каза болгон эжемдин кичүү кызын мен эмизип бакканга мени «апа» деп чоңойгон.
Апамдын айтымында, балдарым атасын көрбөгөндөрүнө көп болуптур. Жолдошумдун чоо-жайын сураштырсам, ал башка бирөөгө үйлөнүп алыптыр. Кайнатама «мени бошоткула, уулуңар минтип менин үстүмө дагы бирди алып алган экен, ыраазычылыгыңарды билдирип, никебизден ажыраткыла» дедим. Ээгиндеги сакалы, 5 маал окуган намазы менен туруп кайнатам «сени кармаган бирөө барбы? Кете бер, балам алган аялы менен жакшынакай жашап жатат. Балам үчүн талак бердим, шариятта боло берет» деди. Төбөмөн ылдый муздак суу куйгандай кете бердим...
«АЯЛЗАТЫ КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН КОРДУК КӨРӨТ?»
– Эртеси нике күбөлүгүбүздү алып, ажырашууга арыз бергени жөнөдүм. Соттун алдында турсам турмушу жакшы, иштеген иши бар адамдар деле ажырашып, үстү-үстүнө аял алып, балдарын эки бөлүндү кылгандары бар экен. Алардын го аял бакканга шарты бар, байлыгына чиренип улам жаш аял алып, ырахаттанып жатышыптыр. А менин «чор таманым» кайсы арына аялдан аял алат, түшүнө албай турдум. Ошентип арызымды жазбай эле кетип калдым. Үй-бүлө тууралуу мыйзамдарды да билбейт экенмин. Оюма эгер экөөбүздүн ортобузда нике күбөлүгү турса, бирөө жарым мурунку никесинен ажырабай туруп, үстүнө аял алып алыптыр деп укугумду коргоп береби деген нерсе келди.
Азыр менде акча да, дос-тааныш да жок. Бир ишенгеним кара күчүм. Учурда укугум тебеленип, айнекти сүзгүлөгөн чымчыктай чарк айланып учуп жүргөн чагым. Жолдошум экөөбүз жашап жүргөн кездеги карыздар көбөйө берип, 70 миң сомдон ашып кетти. Үч баланы жалгыз багып жатып мынча акчаны кайдан табам? Жок дегенде чогуу карыз болгон ошол акчаларды төлөгөнгө жардам берсе, башка эч нерсе сурабайт элем.
Мага окшоп кайын журт, жолдошунан кордук көрүп, укугу тепселенген келиндер чекеден чыгат. Демократиялуу, адам укуктарын бийик туткан өлкөдө жашайбыз деп төш каккылап жатабыз. Кайда аялдардын, энелердин укугун коргоочулар? Эркектерди түшүндүм мен, жакшылык да күтпөйм. «Булар аялзаты, аялдарды жакшы түшүнөт» деп жер-жерлерден аял депутаттарды шайлаганбыз. Жок дегенде ошолор бизге окшогон шордуулардын укугун коргогон, иштей турган мыйзам чыгарып беришсе болбойбу? Учурдан пайдаланып жалпы мендей кор болгон, укугу бузулган аялдарды биригүүгө чакырам. Бизди кордоонун чеги бүтүшүн каалайм. Баканы да бассаң «бак» дейт экен...
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg