«КУТ САТЫП АЛАМ, 1 ГРАММЫ 10 000 ДОЛЛАР!»

Учурда элге «кут алабыз, 1 граммы 10 000 доллардан» деген сөз тарап, оңой акча тапкысы келгендердин бүйүрү кызып баштаган чак. Бул тууралуу биз да уккан соң бул бар нерсеби же «ЗилМосква» муздаткычы сыяктуу шылуундардын кезектеги «өрдөгүбү» деп кызыгып көрдүк.

КЕЗЕКТЕГИ ЭЛДИК ЖАРНАМАНЫН ТОЛКУНУ
Редакциябыздын эшигин «жардам бербесеңер болбойт, кайдагы бир кут үчүн эл текелерди кырып таштамак болду» деп Нарын облусундагы аңчылык багыттагы «Эки уул» ЖЧКсынын жетекчиси ОЧОР ТОКТОНАЛИЕВ аттады. Күйүп-бышкан ага суроолорду узаттык.

– Очор, айтсаңыз, ал эмне болгон кут жана анын текелерге кандай тиешеси бар?
– Кимдер чыгарганын билбейбиз, бирок элди «кут алабыз, 1 граммы 10 000 доллар» деген сөз аралай баштады. Сураштырсам, «тоодогу аска-таштардын кычыктарында өңдөрү кызыл, сары, ак, жашыл, күрөң келген кут деген тирүү жандык болот. Аны тоодогу текелердин айрымдары жеп алышат. Ошол үчүн эл кезиккен эле эчки-текелерди атып, ичин жарып, кут издеп жатышат. Кутту алгандан кийин 7 күн жашайт, анан өлөт. Кутту жеген адам рак болобу, башка болобу, оорусунан биротоло айыгат экен. Чет элдиктер сатып алышат» дешти. Мен буга ишенбейм, бирок ишенип, акчага кызыккандар болуп жатпайбы.

– Кайсы жак дүрбөп жатканын билбейсизби?
– Таластыктар, чаткалдыктар, анан кочкорлуктар экен. Менде куттун 2 сүрөтү жана бир видеосу бар. Балдардан көчүрүп алгам.

«КУТ ТАППАЙСЫҢБЫ, БАЙЫЙСЫҢ»
Маек учурунда Очор мырзанын чөнтөк телефонуна чалышып, Чаткалдан балдар аскалардан кут аталган нерседен үчөөнү тапканын баяндашты. Эртеси бир таанышым чалып, кут тууралуу айтып кирсе болобу. Демек, кут элге жайыла баштаган.
Негизи кут деп көпчүлүгүбүз асмандан түшчү жана бакыт- таалай алып келчү нерсени түшүнөбүз. А булар башкача айтышууда. Баарынан текелердин абалын ойлоп, бооруң ачыбай койбойт. Аймактардагы аңчыларга чалып сураштырганыбыз менен, сүрөттөрдүн жана видеонун ээси табылбады. Сүрөттөгү жана видеодогу нерселерди алдыруу мүмкүн болбоду. Бирок чаткалдык аңчы Шаамбек Субанов «былтыр күздө Чаткалда «7 жаштан өткөн текелердин айрымдарынын ичинде атайын без болот. Аны алып, чет өлкөлүктөргө өткөзсө 10 миң доллар беришет экен» деп дүрбөшкөн. Бирок аны эч ким тапкан эмес, ойдон чыгарылган экен» деген маалыматты берди.

«БИР ЖАКТУУ ЖООП АЙТА АЛБАЙБЫЗ»
Биз 2 сүрөттү жана видеону алып, бир билсе ушулар билер деп Кыргыз улуттук илимдер академиясына баш бактык. Биология жана топурак таануу институтунун директору, биология илимдеринин доктору БЕКМАМАТ ЖЕНБАЕВ мындай жооп берди:
– Биздин илимий изилдөөчүлөр мындай фактыга мурун-кийин жолуккан эмеспиз, билбейбиз дешти. Сүрөттөрдөгү нерселер минералга окшошуп тургансыйт. Ал эми видеодогу нерсе канга окшошот жана сарымсакка тартылуу күчү менен тартылып жаткандай. Сүрөттөгү жана видеодогулар бири-бирине тиешеси жок, эки башка нерсе. Кыскасы, бир жактуу жооп айта албайбыз.

ГЕОЛОГДОР БИЛЕР БЕКЕН?
Эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик институтуна жөнөдүк. Геология башкармалыгынын башчысы НАБИ ЭШНАЗАРОВ мыкты деген геологдорун чакырып, сүрөттөр менен видеону көрүп чыгышты. Жыйынтыгында:
– Сүрөттөгүлөр минералдарга, башкача айтканда, малахитке, ошондой эле нефритке да окшошуп кетет экен. Бирок аларды тирүү жандык деп айтуу мүмкүн эмес. Видеодогунун эмне экенин билбедик. Мүмкүн, ал видеомонтаждыр?! Минералдарды кийиктер жебейт. Алып келип текшергенде гана аныгы билинбесе...- деп жооп берди.

Мына ушундай, замандаш, бул имиш да мурунку имиштердин катарын толуктагансыйт. Демек, эчки-текелерди жайына койгула демекчибиз.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кут сатып алам, 1 граммы 10 000 доллар!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
WINNER
2014-06-03 12:47:47
Менде эн сейрек кездешкен майда жаныбарлардын Энцклопедиясы бар,бирок бул "кут" дегенге шилекейлуу улулдон башкасы окшошпойт экен.
0
gul75nur
2014-06-03 12:57:25
Кутту алган Адам барбы анан
+2
NES1380
2014-06-03 17:19:32
Байкуш биз Кыргызды болушунча калчап атышат го, биздин кээ бир келесоолор бул сыяктанган "КУТ" ка ишенишип канча деген зыян алып келип атышат.
+1
Ulanbek1992
2014-06-03 20:23:51
Боло берет экенда))
0
Kalin466
2014-06-03 21:01:34
Эчки текелерди кут суту жок эле кырып жатышат ко кыргыздар. Такыр келечекти ойлобойбуз.
0
baiyshvip
2014-06-03 21:28:06
Экологияны коргоо тармагы,парламентке- Жаны жана кучотулгон тартиптеги мыйзам долдоорун сунуштасса дээр элем!!!Жаратылышка зыян келтирген жарандардын жоопкерчилигин кучотуш керек,,,Мисалы штраф менен эле чектелбестен эркинен ажыратуу же болбосо таптакыр ал адамды атуу болуп эсептелинет!!!
0
aza91
2014-06-04 02:29:43
кут эмнеси?
0
MUSU1MAN
2014-06-04 15:04:32
Чын эле "КУТ" деген эмне?
0
kutmanasan
2014-06-04 16:42:37
MUSU1MAN, "Кут"деген менин билишим боюнча бул,ата-бабаларыбыздын колдон создору. Кут деген Ырыскы-береке,токчулук-молчулук,эл журтта барчылык,болсун деген маанилерге келет.Ал эми Илимий-билим жактан Аллахтын бизге берген берекети,ырыскысы.(Кут деген соз коп мааниге ээ). Мен билген маалымат ушул,ал эми башка билгендер болсо кошумчалай кетиниздер.
+1
mekusha
2014-06-06 06:12:30
ужас канип болсун илюзия
0
Almazbek79
2014-06-06 18:34:40
nuris208
2014-06-06 22:15:38
ал эчнерсе эмес. Анча коп кыйналбай 10 эшектин терисин сатып 10 мин $ эмес 13мин $ кылып алгыла да :))))))
0
Almazbek79
2014-06-07 12:49:45
Бут эле кирет, Бут эле кирет КУТТАН кабар жок дегендей )))) КУТ деген эмне ????????????????????????????

+1
raimzhanov81
2014-06-07 21:27:08
Мындан мурун зил муздаткычын алабыз кымбатка деп элди дурботушту эле.эми муну ойлоп табышыптыр да.башка эл деле билип калышыптыр да.Кыргыздарга бир нерсени айтып коп акчаны сунуштап койсон булар талап тоноп олтуруп жер байлыктарын сата беришет дешип.
0
piter.kg
2014-06-08 19:23:33
Ложь. ...ширк
0
admin_superstan
2014-06-09 10:40:27
matteraza, жарыялар үчүн тиешелүү бөлүм бар. Комментарийиңиз өчүрүлдү.
0
№ 604, 30-май-05-июнь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан